Лейлек районундагы Исфана-Кайрагач жолунун 13-чакырымында жекшембиде Honda Stepwgn жана Honda Fit үлгүсүндөгү эки жеңил автоунаа кагылышып, эки эркек киши каза болуп, жети адам жаракат алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, унаада кыпчылып калган кишинин сөөгүн чыгарып, милицияга өткөрүп беришкен. Жабыркагандар "Тез жардам" менен Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилди. Кыргызстанда акыркы сегиз айда 497 адам жол кырсыгынан каза болду. Бул күнүгө экиден киши көз жумат дегенди билдирет. Читать дальше...
Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбооруна өткөрүлгөн тендерде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу болгон деген шек менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мэрияга кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 8-сентябрда маалым болду. Атайын кызматтын маалыматында факты боюнча иш Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 2021-жылдын 13-февралында катталган. Читать дальше...
АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) 2001-жылдын 11-сентябрындагы (9/11) терактка байланыштуу иликтөөсүнүн бир бөлүгүн ачыкка чыгарды. 3000ден ашык адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдун 20 жылдыгынын алдында президент Жо Байден мурда жашыруун саналган документтерди ачыкка чыгарууну тапшырган.
“Унаа” мамлекеттик ишканасы боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы бүгүн 13-сентябрда жарыяланат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди. Анын айтымында, текшерүү транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүн даярдоо боюнча тендерге байланыштуу жүргүзүлдү: “Тендер 30-августта жыйынтыкталмак. Бирок жыйынтыкталар алдында бир жума калганда президентибиз Садыр Нуркожоевич бизге атайын тапшырма берип, ушул маселени тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тапшырган. “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги... Читать дальше...
Баткенде жаш активисттер бийликтин убадаларын тескеген сайт ачышты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Убада Баткен” долбоорунун жетекчиси Элдияр Жээналиев билдирди. “Убаданы берген эмес, аткарган улук!” деген ураан менен ачылган сайт бүгүн 13-сентябрда иштей баштады. Анда быйыл жазында адам өлүмүнө алып келген чек ара окуясынан кийин берилген убадалардын тизмеси келтирилди. Долбоордун сайтындагы маалыматта “Чар тарабын Тажикстан менен Өзбекстан курчаган кичинекей облустун жарым миллионго жетпеген эли чабуулдан да... Читать дальше...
Ошто аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкер аялдар тизмеден жапырт чыгарылган чечимдерди бекиткен курамынын ордуна жаңылар бекитилди. Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселени 12-сентябрда карап, жаңы курамды резервде катталгандардын эсебинен түздү. 12 мүчөдөн турган комиссияга «Биримдик элдик Кыргызстан», «Ата-Журт Кыргызстан», «Биздин Кыргызстан», «Тилектештик» саясий партияларынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өкүлдөр кирди. Быйыл 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок... Читать дальше...
Бишкекте экология көйгөйү тууралуу баяндаган мультимедиа көргөзмөсү өтүп жатат. “Кешик” деп аталган көргөзмөнү каалоочулар Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинен же долбоордун Интернеттеги расмий сайтынан көрө алышат. Анда климат канчалык өзгөрүп жатканын чагылдырган мөңгүлөрдүн эрүүсү, жаныбарлардын айрым түрлөрүнүн жок болуп баратышы жана башка ушул сыяктуу көрүнүштөрдүн образы жакындан тартууланат. Кийинки муундарга адамзат кандай мурас калтырары жөнүндө ой-толгоолорго чакырык жасалат.... Читать дальше...
Күч түзүмдөрүнүн Бишкек шаары боюнча башкармалыктары биргелешип иштөө планын бекитишти. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 11-сентябрда укук тартибин коргоо мекемелеринин жана фискалдык органдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Ага шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Патрулдук милиция кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Жаза аткаруу кызматынын жана башка мекемелердин жооптуу өкүлдөрү катышты. Читать дальше...
Түркия “Маариф” мектептерин Кыргызстандын аймактарында да ачууну көздөп жатканы аталган уюмдун жетекчилигинин Бишкектеги сапары учурунда айтылды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 11-сентябрда министр Руслан Казакбаев «Маариф» фондунун президенти Бирол Акгүндү кабыл алып, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты талкуулады. Быйыл түрк өкмөтү каржылаган «Маариф» фондунун алгачкы мектеби Бишкекте ачылды. Фонд келечекте мындай билим берүү комплекстерин Кыргызстандын облустарында да ачууну пландап жатканы... Читать дальше...
Ооганстанда кыздарга университеттерде өзүнчө бөлмөдө отуруп, милдеттүү түрдө хижаб кийиши керек. Бул тууралуу “Талибандын” мүчөлөрү түзгөн өкмөттүн мүчөсү Абдул Баки Хаккани 12-сентябрда Кабулдагы маалымат жыйынында билдирди. Өкмөттө билим берүү маселесине жооптуу Хаккани “Талибан” 20 жыл мурдагы мезгилге кайтып барууну каалабасын, бирок аялдарга “дресс-код” милдеттүү болорун белгиледи. Ал хижаб дегенде аялдар жүзүн да жапкан кийим кийиши керекпи деген суроону тактаган жок. "Талибан" Ооганстанда... Читать дальше...
АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Өзбекстандын аймагына кире качкан ооган учкучтарын Кошмо Штаттардын Катардагы базасына өткөрүү боюнча өзбек бийлиги менен макулдашты. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы жазып чыкты. Анда Кабулдагы бийликти басып алган “Талибан” кыймылы Өзбекстанга ооган учкучтарын жана учактарын өткөрүп берүү талабы менен басым көрсөтүп жатканы айтылган. АКШ бийлиги учкучтар Ооганстанга өткөрүлсө өлтүрүлүшү мүмкүн деп чочулап жатат. Басылманын жазышынча, абадан... Читать дальше...
Бул маалыматты кармалган жарандын атасы Абдилахат Акматов "Азаттыкка" билдирди. Ал уулу менен телефондон сүйлөшкөнүн, ал учурда Тажикстандын Хожент шаарында үй камагында экенин айтты: "Уулумду Тажикстандын ичинде үй камагына чыгарыптыр. Азыр эле телефондон сүйлөштүм. Эч жакка кетпөө тууралуу тилкат жазып бериптир. Кожентте тааныштардын үйүндө турат. Кечээ документтерин, кийим-кечесин берип жибергем". Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 6-сентябрда Баткен районунун... Читать дальше...
Майами шаарында футбол беттеши учурунда эки команданын күйөрмандарынын чогулуп алып бир кызыкчылыкты ойлоп, түйшөлгөндөн чаңырып, кыйкырып жаткан видеосу тарады.
БУУнун Атомдук энергетика боюнча агенттигинин (МАГАТЭ) директору Рафаэл Гросси 12-сентябрда Иранга барып, буга чейин туңгуюкка такалган «өзөктүк келишим» боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Гросси Тегеранда Ирандын Атомдук энергия боюнча агенттигинин жаңы директору Мухаммед Эслами менен жолугат. Бул МАГАТЭнин директорунун Иранга ашкере динчил президенти Ибрагим Раиси кызматка киришкенден берки алгачкы сапары. Иран жана дүйнөдөгү ири алты держава менен өзөктүк сүйлөшүүлөр быйыл июндан бери токтоп турат. Читать дальше...
Католик чиркөөсүнүн башчысынын Орбан менен жолугушуусу маалымат каражаттарынын көңүлүн бурду. Өзүн “европалык христиан цивилизациясынын” коргоочусу катары көрсөткөн Орбан менен Рим папасынын бир катар саясий маселелер боюнча көз карашы эки ача чыккан учурлар арбын. Орбан Европага качкындарды киргизүүгө каршы чыгып, миграцияны европалык иденттүүлүккө коркунуч деп көрсө, Франциск Европа өлкөлөрүн качкындарды кабыл алууга үндөп келет. Ал ошондой эле улутчул тенденцияларды сынга алып, Батыштын бирдиктүү аймак болушун жактайт. Читать дальше...
Мелдешке Кыргызстан, Россия, Беларусь, Казакстан, Сербия жана Эстония мамлекеттеринин, ошондой эле РФтин 29 субъектисинин балбандары катышууда.
Он жылдан кийин рингге кайткан Холифилд атаандашы тараптан күчтүү чабуулдар болбогонун жана реферилер кармашууну эрте токтотуп салганын билдирди.
Кыргызстанда алгачкылардан болуп сөз эркиндиги, демократия үчүн күрөшкөн публицист, депутат, коомдук ишмер Сатыбалды Жээнбековдун көзү тирүү болсо быйыл 70 жашка чыкмак. Анын басып өткөн жолун, кесиптештери, үй-бүлөсү жана достору эскеришет.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Унаа" мамлекеттик ишканасынын транспорт каражаттарын каттоочу күбөлүктөрдүн бланктарын даярдоого жарыяланган тендер тууралуу түшүндүрмө берди. Өкмөттүн расмий сайтына жарыяланган видео кайрылуусунда Марипов президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен "Унаа" мамлекеттик мекемесинин иши текшериле баштаганы билдирди: "Эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарын даярдоого тендер 21-июлда Санариптик өнүктүрүү министрлигинин... Читать дальше...
13-сентябрда Ысык-Көл облусунан башка аймактарда күн ачык болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24; Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 22…27 градус жылуу болот. Бишкек шаарында эртең күн ачык болот. Абанын табы түнкүсүн 12…14°, күндүз 25…27 градус ысык болот.
Триатлон федерациясынын вице-президенти Айбек Надырбеков триатлон боюнча Азия чемпионатына кесипкөйлөр арасында 20дай өлкөнүн триатлеттери катышарын айтты.
Ишембиде америкалыктар 11-сентябрь апаатынын 20 жылдыгын эскеришти. Эскерүүгө АКШнын мурдагы жана азыркы үч президенти катышты. Нью-Йорктогу кош мунаранын ордуна курулган 9/11 мемориалына терракттан каза тапкандардын жакындары чогулду. Арасында айрымдары жоготкон жакындарынын сүрөттөрүн кармап турушту. Эскерүү иш-чарасына президент Жо Байден жубайы менен катышты. Андан тышкары мурдагы президенттер Билл Клинтон жана Барак Обама, Нью-Йорктун 2001-жылкы мэри Руди Жулиани да катышты. Саясатчылар сөз сүйлөшкөн жок. Читать дальше...
Украинанын чыгышындагы атышууда жикчилдердин огунан акыркы суткада эки аскер каза таап, дагы 10 адам жаракат алды. Бул тууралуу Донбасстагы украиналык Бирдиктүү күчтөр кыймылынын басма сөз борбору маалымдады. Маалыматка ылайык, ок Минск келишиминде тыюу салынган артиллериядан атылган. Өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары» ("ДНР" жана "ЛНР") деп атап алган жикчилдер өздөрү тараптан жоготуулар болгонун кабарлашкан жок. Алар Украинага таандык учкучсуз учак Донецкидеги мунай базасына чабуул койгонун бекемдешүүдө. Читать дальше...
Жанкечтилер төрт жүргүнчү учакты ээлеп алып, Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун эгиз мунарасына, Пентагон имаратына, Пенсильваниянын талаасында 2001-жылдын 11-сентябрдагы жардырууларынан үч миң киши набыт болгон. Шумдуктуу террордук канабайрамдан кийин дүйнө өзгөрдү, бирок баары эмес. 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдар үч миң адамдын өмүрүн алды, канабайрам эмне кылар айласын таппай турган дүйнөнүн көз алдында өттү. Учакты ээлеп алгандар жүргүнчүлөрү менен Нью-Йорктогу эгиз мунарага... Читать дальше...
АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) 2001-жылы 11-сентябрдагы окуяга байланыштуу жашыруун документтин бир бөлүгүн ачыкка чыгарды. Анда учактарды барымтага алган жанкечтилер АКШда жашаган мекендештери менен байланышып, материалдык-техникалык жардам алганы жазылган. Ошол эле учурда Сауд Арабиясынын аткаминерлери террактка тиешеси бардыгы тууралуу далилдер жок. 16 беттен турган документте ФБРдин жанкечтилер менен байланышта болгон адамдарды билген киши менен маеги камтылган. АКШ президенти Жо Байден... Читать дальше...