Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 17-сентябрга карата берген маалыматына ылайык, 83 адам илдетке чалдыкканы лабораториялык жактан тастыкталды.
Бишкек - 31;
Чүй облусу – 17;
Ысык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 8;
Нарын облусу - 6;
Ош облусу – 4;
Талас облусу - 4;
Баткен облусу - 1
Ош шаарында эч ким катталган жок.
Ушуну менен былтыр март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 177 567 адамга жетти. Мунун ичинен сакайып чыккандардын саны - 172 015 адам.
Акыркы суткада оорудан 2 киши көз жумду. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 2583 адам.(ZKo)