Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Талкуунун жүрүшүндө депутаттардын арасында кайым айтышуу орун алды. Депутат Абдывахаб Нурбаев жалган маалыматты ким аныктап, ким чара көрөрүнө кызыкты. Мыйзам долбоорунун автору Гүлшат Асылбаева ага Министрлер кабинети жооптуу болорун айтты. “Жалган маалыматты ыйгарым укугу бар органдар аныктайт. Ага Министрлер кабинети жооптуу болот”, - деди Асылбаева. Ал долбоордун... Читать дальше...
Жогорку Кеңеш 30-июндагы жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун карап жатат. Анын алдында жарандык коомдун 50 чакты өкүлү документке каршы парламенттин алдына нааразылык акцияга чыккан. Ушул тушта Change.org платформасында документти кабыл албоо тууралуу онлайн кол топтолуп жатат. Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети 28-июнда “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган. Читать дальше...
Чүйдүн Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндөгү өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыкты. Бул тууралуу 30-июнда облустук милиция маалымдады. Ага ылайык, 13 жашар Игорь Якуниндин сабалганы аныкталды. Бул фактыдан улам козголгон кылмыш ишинин беренеси “Денесине оор залал келтирип, этиятсыздык менен адам өлтүрүү” болуп өзгөрдү. Өспүрүм 1-июнда каза болгон жана балдар үйүнүн жетекчилери трагедияны анын саламаттыгы менен байланыштырган. Якуниндин өлүмүн териштирүү үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөн.
Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы вакцина алгандардын саны үч миллиарддан ашты. Мындай жыйынтыкка Британия, Орусия жана АКШ баштаган бир нече өлкөдө эмдөө башталган учурдан жарым жыл өтпөй жетишилди. Бирок бардар жана жакыр өлкөлөрдүн ортосунда айырмачылык чоң болууда. Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча, эмделгендердин 23 пайызы 27 өнүккөн өлкөгө туура келет. АКШда дүйнө калкынын 4,3 пайызы жашаса, дүйнөдөгү вакцина алгандардын 11 пайыздан ашыгы ушул өлкөлөрдө жашайт. Ал эми дүйнөдөгү эмделгендердин 40 пайыздан Кытайга туура келет. Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Дүйшөмбүдөгү расмий сапарынын мааниси тууралуу тажик эксперттери да ой-пикирлери менен бөлүшүүдө.
Москвада "такырбаштар" менен кагылышкан тажик мигранты эки айга камакка алынды. Ага "бейбаштык" беренеси боюнча айып тагылганы кабарланды. Укук коргоочулар тажикстандык мигрант ашынган улутчулдар менен кокустан мушташып кеткенин айтышат.
2020-жылы күзгү чакыруу менен аскерге алынган 18 жаштагы боз уландардын 35инде кургак учук аныкталып, ооруканада дарыланып жатышат. Алардын айрымдарынын абалы оор болууда. Балдарын Мекенди коргоо кызматына соо жиберген ата-энелер аскер гарнизондорундагы санитардык, эпидемиологиялык абалга, аскер чакыруу учурундагы кайдыгерликке нааразылыгын билдиришип, акцияга чыгышты.
Президент Садыр Жапаров Түркмөнстан жана Тажикстанга расмий сапар жасады. Анын жүрүшүндө Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөр менен алаканы өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр болду.
Кемин райондук соту окуучу кызды өлтүрүүгө шек саналган жаранды эки айга камады. Ал кошунасынын 16 жаштагы кызын өлтүргөн деп айыпталууда. 9-классты жаңы аяктаган өспүрүмдүн сөөгү 21-июнь күнү Кемин шаарынын четиндеги тоонун түбүнөн табылган. Учурда териштирүү иштери уланып жатат. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы шектүү мурда эки жолу соттолгонун кабарлады. Кемин шаарында болгон каргашалуу окуянын чоо-жайы кабарчыбыз Кундуз Азарбекованын репортажында.
Европа чемпионатынын 8/1 финалдык баскычы Украина — Швеция беттеши менен жыйынтыкталды. Украина кошумча бөлүктө гол киргизип, 2:1 эсеби менен атаандашын утуп алды.
Спортчулар Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлдү.