Борбордо “Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгына жана Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына карата республикалык айтыш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Байге фонду 1000 000 сомду түзгөн айтышка 12 акын жарышка түштү. Баш байгени төкмө акын Идирис Айитбаев багындырса, 1-орунду Акматбек Султан уулу алды. Ал эми 2-орунга Жылдызбек Төрөканов, 3-орунга Кубат Тукешов ээ болду.
- Ош шаарында чырдан улам атайын кызматтын ыкчам кызматкери каза болду. Шектүүлөр кармалды, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. - Нарында Ат-Башы районуна соода-логистикалык борбор салуу маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Бул жолу теманы президент Садыр Жапаров көтөрдү. Логистикалык борбор мурда нааразылыктардан улам курулбай калган. - Армениядагы парламенттик шайлоодо премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашиняндын партиясы 54%га жакын добуш алды. Ага атаандаш болгон партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирүүдө.
Алай районунун Талды-Суу айылына Памирден көчүрүлүп келген 17 үй-бүлөгө мамлекет мал берди. Өткөн жумада ар бир үй-бүлөгө ондон кой, бирден саан уй жана жылкы жеткирилген. Бирок аларга тоют камдоого үлүш жер бөлүнүп бериле элек жана сарайлары жок. Ооганстандан келип, Кыргызстанда орун-очок алып калган Абдугапар Абдырасулов биз барган учурда койлорун талаадан айдап келип короого камап жатыптыр. Ал малдуу болуп калганына сүйүнүп жатканы менен кышты ойлоп сарсанаага батып жатканын кеп салды. “Биз малсыз жашай албайбыз. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Ирандын президенти болуп шайланган Ибрагим Раисини куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. “Кыргызстан менен Ирандын мамилелери ар дайым өз ара колдоого жана ишенимге негизделип келген. Биздин конструктивдүү кызматташтыгыбыз эки өлкөнүе ортосундагы достук мамилелердин эки жана көп тараптуу негизде өнүгүүсүнө көмөк көрсөтөт деп терең ишенем”, -деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Иранда 18-июндагы президенттик шайлоодо төрт талапкер ат салышып, Ибрагим Раиси жеңди. Читать дальше...
Чыгаан жазуучу жана коомдук ишмер Казат Акматов тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Жубайы, Улуттук онкология борборунун директору Бактыгүл Султангазиева жазуучу менен бирге өмүр сүргөн жылдары, анын чыгармачылыгы, кызы Мунабиянын өлүмүнүн калемгердин саламаттыгына тийгизген таасири тууралуу сыябан-маек курду.
Борбордук шайлоо комиссиясы 21-июнда Чыңгыз Макешовго (КСДП) Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди. Ал Өзгөн шаарынын мэри болуп шайлангандыгына байланыштуу мандатын тапшырган Нодирбек Каримовдун ордуна келди. Ишкер Чыңгыз Макешов 45 жашта. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Ыйман Нуру" партиясын баштап барган. КСДП партиясынын тизмесинде 62-орунда турган. (МТа)
Президенттин буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ “Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун Конституциянын жаңы редакциясына ылайыкташтырып оңдоп чыкты. Документ бир катар суроолорду, талаш-талкууну жаратты. Шайлоонун шарты Шайлоо тууралуу мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жиберилди. Анда 35 депутатты бир мандаттуу шайлоо округдарында можаритардык тутум боюнча, калган 55 депутатты партиялык тизме менен пропорционалдык системага ылайык шайлоо каралган. Читать дальше...
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-июнда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия боюнча региондук директору Нил Маккейн менен жолукканда билдирди. Президенттин администрациясы кабарлагандай, Жапаров мындан тышкары өлкөдө мыйзам үстөмдүгү менен адам укуктарын коргоо институттарын чыңдоону көздөй турганын кошумчалады. “Кыргызстандагы чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Биз мамлекеттин өнүгүшүндө чет элдик инвестициялардын ордун жана маанисин жакшы түшүнөбүз”... Читать дальше...
Таласта киши колдуу болгон Асаке Мамбеталиевдин жубайы Гүлжакан Акбаева маркумдун өлүмү жеткиликтүү иликтенбей жатканын билдирип чыкты. Анын айтымында, 58 жаштагы Мамбеталиев 19-июнда Кара-Буура районунун Чымгент айылында жергиликтүү балдардын токмогунан көз жумган. "Таңкы саат 4тө баламдын органда иштеген досу чакырыптыр. Адилет деген уулумду алгач үч бала урган. Анан Адилет менен кичүү балам Азирет кайра барыптыр. Аларды атасы көрүп калып, арачага түшкөндө ага да кол салышкан, жолдошум жерге кулап, эсин жоготуптур. Читать дальше...
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку упай алган 58 бүтүрүүчү “Алтын сертифкатка” ээ болду. Эң жогорку баллды Караколдогу Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин бүтүрүүчүсү Жайдар Нургазиев алды. Анын баллы – 232 болгон. Андан кийинки эң көп упайды Бишкек шаарынан Алия Сарыгулова (231) жана Таластан Сымбат Касымбекова (230) алды. Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алууну аныктаган Жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи туру 19-майда өткөн. Ага катышууга... Читать дальше...
Чаткалдагы “Эти Бакыр Терек-Сай” ишканасынын кен казуу аймагын кеңейтүү максатында Терек-Сай айылындагы 62 турак үй көчүрүлөт. Бул маселени көз карандысыз баалоочу компаниянын адистери карап чыгат. Аталган ишкананын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө “Эти Бакыр Терек-Сай” ишканасы Терек-Сай айылындагы Мырзабаев көчөсүнүн тургундарына турак жай курулуштарын сатып алууну сунуш кылганы жазылат. Буга байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлүп, 62 үйдү көчүрүү чечими чыккан. Ишкана жагдайды чечүүнүн үч жолун айтууда. Читать дальше...
Бир катар коммерциялык банктар менен мамлекеттик мекемелерди президент Шавкат Мирзиёевдин “ишке ашырылып жаткан” реформаларын даңазалап, үгүттөө үчүн миллиардаган сум которууга милдеттендирген документтер жарык көрдү. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек редакциясына келген документтер менен аткаминерлердин сүйлөшүүлөрүнөн белгилүү болду. Мындай акча чогултуу өнөктүгү “Жаңы Өзбекстан, жаңы көз караш” медиа программасынын алкагында 2021-жылы октябрь айынын этегинде өтө турган президенттик шайлоого бир нече ай калганда жүрүп жатканы көрсөтүлдү. Читать дальше...
Бишкекте түнкү клубдар, ресторандар, коомдук тамактануу жайлар, кафелер, караоке менен барлардын кечки саат 23:00дөн эртең мененки саат 7:00 чейин иштешине тыюу салган чектөө жоюлду. Мындай чечим 21-июнда Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов ресторан бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушууда кабыл алынды. Көңүл ачуучу жана тамактануучу жайлар санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сакташы керек жана имараттын жарымына гана баткыдай кардарларды кабыл алышы зарыл. Борбордо... Читать дальше...
Мамлекеттик ишмер, мурдагы саламаттык сактоо министри Накен Касиев Кыргызстанда коронавируска каршы күрөш тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Ал өкмөттүн кенебестиги, коомчулуктун мыйзамды сыйлабастыгы калктын саламаттыгын оор кесепеттерге кириптер кылышы мүмкүн деп эсептейт.
Ала-Арча капчыгайындагы 3600 бийиктикте жайгашкан көл акыркы жылдары туристтердин сүйгөн жерине айланды.
Орусиялык миллиардер банкир, Мамлекеттик Думанын экс-депутаты жана медиа магнат Александр Лебедев Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенине келип кетти. Ал “Инстаграмдагы” жеке баракчасына кендин негизги карьеринен тартылган видеону жарыялап, деңиз деңгээлинен төрт миң метрден ашык бийиктикте жайгашкан кен 25 жылдан бери иштетилип, 1 чакырым тереңдикке чейин казылганын жазды. Ошондой эле бул жылдар аралыгында 12 миллиард доллардай каражат түшкөнүн кошумчалады. Экология жана климат боюнча мамлекеттик... Читать дальше...
Германиядагы университеттердин биринде илимий-техникалык кафедрада иштеген орусиялык жаран маанилүү маалыматтарды Орусиянын атайын кызматтарына берип турган деп тыңчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу 21-июнда Германиянын Башкы прокуратурасынын пресс-офиси кабар таратты. Анда шектүү кармалгандан кийин бир күндөн соң 19-июнда сот анын бөгөт чарасын тандап, камакка алууга санкция берген. Мекеменин маалыматында ысымы Ильнур Н. деп кыскартылган шектүү 2020-жылдын сентябрь айынан баштап Орусиянын... Читать дальше...
Караколдук уста комуздун бүктөмө, гитар-комуз деген сыяктуу 12 түрүн чабат. Чүйдүн айылдарында дыйкандарга суу жетпей эгин-тегин күйүп баратат. Көк-Жаңгакта кароосуз калган президенттик дача. Археологдор Кочкордо биздин заманга чейинки болжол менен 2500 жыл мурунку жайдын калдыгын табышты.
Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Александр Лукашенкого, анын жакын чөйрөсүнө жана Беларустун жогорку кызмат адамдарына карата санкцияларды колдоду. Алардын арасында Александр Лукашенконун үй-бүлө мүчөлөрү да бар. Евробиримдиктин санкциялык тизмесине Беларустан 78 адам жана сегиз мекеме-уюм киргизилди. Бул тизме жакында Евробиримдиктин атайын журналына жарыялана турганы көрсөтүлдү. Ага мыйзам чыгаруучулар, прокурорлор, соттор жана башка кызмат адамдары кирген. «Алар адам укугун одоно бузуп... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 20-июнда атайын кызматтын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерине топ балдар кол салып каза болгонун билдирди. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси “Бейбаштык менен өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголуп, адам өлтүрүүгө шек саналгандар кармалды. Буга чейин Ош облустук ички иштер башкармалагынын басма сөз кызматы Ошто 24 жаштагы адамдын өлүмүнө шек саналып, 22 жаштагы үч бала кармалганын кабарлаган. Шектүүлөрдүн... Читать дальше...
Ирандын атомдук энергетика агенттиги “техникалык катачылыктан” улам өлкөдөгү бирден-бир атомдук электр станциясында жүрүп жаткан иштер убактылуу токтотулганын кабарлады. “Бушердеги электр станциясында болгон техникалык бузулуунун айынан Энергетика министрлигине бир күн мурун кабар жиберилди. Андан соң атомдук электр станциясы электр тармагынан ажыратылып, толук өчүрүлдү”, – деп жазылган мекеменин расмий сайтында. Атомдук энергетика агенттиги алдыдагы күндөрдө көйгөй чечилген соң Бушердеги АЭС... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу жаңы мыйзам долбоорунда парламент 90 депутаттан куралары жазылган. Алар аралаш (жарыш) тутум менен шайланары сунушталган. Мыйзам долбоорун президенттин жарлыгы менен түзүлгөн атайын жумушчу топ иштеп чыккан. 35 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарынан можаритардык система менен шайланат. Ар бир шайлоо округуна 100 миң шайлоочу кирет. Ал эми калган 55 депутат партиялык тизме менен пропорционалдык негизде шайланып келет. Партияларга 3% босого чек каралган. Читать дальше...
Казакстан катаал кургакчылык жүргөн түштүк аймактарын сугаруу үчүн Тажикстандын Кайракум суу сактагычынан 315 млн. метр куб кошумча сугат суу алууну пландаштырды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы Казакстандын расмий бийлик органдарына шилтеме берип, маалымат таратты. Түштүк Казакстандагы дыйкандар Сырдарыянын бассейниндеги суунун таңкыстыгынан быйыл жазында шалы аянттарын кескин кыскартууга аргасыз болгон. Казакстандын түштүк аймактарындагы дыйканчылык райондордунда сугат суунун кескин тартыштыгы байкалып... Читать дальше...
COVID-19 пандемиясына каршы Sinovac Research & Development Co. Ltd компаниясынын 300 миң доза вакцинасы 20-июнда атайын чартердик рейс менен Бээжинден Дүйшөмбүгө келип түштү. Гуманитардык жүктү өлкөнүн жогорку кызмат адамдары жана Кытайдын Тажикстандагы элчиси тосуп алды. Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, CoronaVac вакцинасынын 300 миң дозасын Кытай акысыз берди. Министрлик вакцина атайын кампаларда гана сакталып, буга чейин бекитилген план боюнча колдонула турганын белгиледи. Читать дальше...
Бул тууралуу “Кумтөр Голд” компаниясын убактылуу сырттан башкарып жаткан Тенгиз Бөлтүрүк 21-июнда “Биринчи радионун” эфиринде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. “Биз бир пикирге келмейинче (ред: "Центерра Голд" менен) сырттан башкаруу узартыла берет. Мунасага келсек андан ары да пландарыбыз бар. Бирок аны азыр айта албайм. Болбосо "Центерра" бизди дагы айыптап чыгат. Ошондуктан биз юристтердин чечимин күтүп жатабыз”. Жогорку Кеңештин 17-майдагы чечими менен “Кумтөр Голд” ишканасына... Читать дальше...