Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Москвадагы үч айлык тыныгуудан кийин Вашингтонго кайтып барды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады. Ал АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливандын Орусияга каршы жаңы санкциялар топтому даярдалганы тууралуу айтканын «бул бардыгы күтүп жаткан сигнал эмес» деп сыпаттады. «Санкциялар аркылуу мамилелерди турукташтарып, өлкөлөр ортосундагы бузулган ыркты оңдоого мүмкүн эмес», - деди элчи. Буга чейин АКШ президенти Жо Байдендин... Читать дальше...
Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын эмгек жамааты майда Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинин негизинде сахналаштырылган “Эсимде” аттуу спектаклди тартуулады.
“Кумтөр Голд” компаниясын убактылуу тыштан башкарып жаткан Тенгиз Бөлтүрүк ишканадан түшкөн кирешеге Кыргызстандагы башка кендерди да ачуу пландалып жатканын айтты. Анын ичинде Нарындагы Жетим-Тоо темир кени да бар. Бул тууралуу ал 21-июнда “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. “Кумтөр кенинин жанында 30 чакырым аралыкта Тоголок деген алтын кен бар. Анда бери дегенде эле 100 тоннага чейин алтын бар. Кенди чалгындап, аны да кошобуз. Андан тышкары Таластагы Андаш, Талды-Булак, Нарында Жетим-Тоо темир кени турат. Читать дальше...
Элеттиктерди колдоо, аларга кол өнөрчүлүк менен чет тилдерин, үй-бүлө баалуулуктарын үйрөтүү максатында Сузак районунун тургуну тогуз багытты камтыган ийрим борборун ачты. Ал жерде келин-кайнене ортосундагы мамилени окуткан энелер мектеби да бар. Айыл өкмөтү бош турган имаратты пайдаланууга берген.
Кыргызстандын башкы дипломаты Руслан Казакбаев Ооганстандын тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар менен Түркияда жолукту. Анталия Дипломатиялык Форумунун алкагында кезиккен эки өлкөнүн министрлери эл аралык терроризмге жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы “Биргелешкен план” кабыл алуу зарылдыгын талкуулашкан. Казакбаев кыргыз-ооган өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи отурумун Бишкек шаарында өткөрүүнү сунуштады. Бирок анын так датасы айтылган жок. Кыргызстан маңзат ташылган жолдун боюндагы мамлекет экени айтылып жүрөт. Читать дальше...
Нарын шаарынын тургуну Калыйкул Ысыралиев чакан күнөсканасына анар, жүзүм, жаӊгак, роза гүлдөрүн жана башка өсүмдүктөрдү өстүрөт. Ал тоолуу аймакта бак-дарактын, жашылча-жемиштин түрүн көбөйтүүнү каалап, жакында эле павловния дарагынын көчөттөрүн да алып келди.
Сатарова 21,1 чакырымга чуркаган 18 жаштан 34 жашка чейинкилердин арасынан марага биринчи жеткен. Ал жарым марафонду 1 саат 20 мүнөттө чуркап өткөн.
11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өткөнү жатат. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү бүгүн, 21-июнда башталды. Башкалаада шаардык кеңешке шайлоого 18 партия ат салыша турган болууда. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдиргендей, шайлоого 18 партия катышат. Мурдагы шайлоонун жокко чыгарылышына себепчи болгон талапкерлер кайра шайлоого катышуу үчүн арыз берген жок: “Күнөөлүү талапкерлер Бишкекте кайра шайлоого өздөрү эле катышкан жок. Соттун... Читать дальше...