28-июнда түрк коргоо министри Хулуси Акар баштаган делегация Кыргызстанга келди. Бул расмий иш сапар тууралуу Түркиянын жана Кыргызстандын Коргоо министрликтери кабарлашты. 28-29-июнга белгиленген бул сапардын алкагында Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен эки тараптуу жолугушуу өтөрү кабарланды. Анда эки өлкөнүн коргоо мекемелеринин ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги жөнүндө маселелер талкууланат. Ошондой эле Акар “Ата-Бейит"... Читать дальше...
Садыр Жапаровдун Ашхабаддагы сапарында Кыргызстан Түркмөнстан менен мунай, газ, энергетика тармагында иштешүүгө кызыкдар экени айтылды. Кечке жуук президент Жапаровдун иш сапары Тажикстанда уланды. Мыйзамсыз баюуга шектелген Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев мамлекетке 20 миллион сом төлөгөнү белгилүү болду. “Талибан” Ооганстандын түндүгүнө чабуулду күчөттү.
Кыргызстанда өндүрүлгөн стратегиялык азыктардын ичинен сүт, картөшкө, жашылча-жемиш гана калкты толук жабдый алат. Ал эми буудай, кант жана жумуртка менен жабдуу планы келерки үч-төрт жылда ишке ашат. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.
Тажикстанда кен иштетип жаткан кытайлык ТВЕА компаниясынын 200гө жакын жергиликтүү жумушчусу ишканадагы тамак-аштын сапатына нааразылык билдирип иш таштады. Өткөн аптада жетекчилик көйгөйдү чечүүгө убада бергени менен абал өзгөрүүсүз калууда.
Эки спортчу бир эле турнирде төрт башка дистанцияда чуркап, бир алтын, эки күмүш жана бир коло алышты. Мелдеш Минск шаарында өткөн.
Кыргызстанда коррупцияга каршы эми кайсы орган, кантип күрөшөрү расмий маалымдала элек. Өткөн аптада президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Антикоррупциялык кызматты жойгон жана бул паракорчулукту ооздуктоодогу чечкиндүү кадам деп сыпаттаган. Анткен менен коомчулукта буга байланыштуу суроо көп. Президент Садыр Жапаров Коррупцияга каршы кызмат жоюларын алгач өткөн аптада ишкерлер менен жолугушууда билдирген. Ал муну бизнести колдоо аракети деп негиздеген. Мындан көп... Читать дальше...
Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү менен “Талибан” жоочуларынын ортосунда айыгышкан салгылаштар күч алды.
Спортчунун менеджери ал аталган лиганын расмий мушкери болгонун белгиледи. Атлет 29-июнда уюмдагы алгачкы беттешине чыгат.
Өзбекстандын өкмөтү кирешелүү Coca-Cola ишканасындагы өз үлүшүн сатуунун кам-чомун көрүүдө. Сатууга чейинки окуялардын сабагы көптөрдүн эсинде кыйлага сакталчудай болуп турат.
Кыргызстанда азык-түлүк жана башка товарларга болгон баа кескин кымбаттады. Бул жагдай калктын орто жана жакыр жашаган катмарын кыйын абалга кептеди.
Акыркы бир суткада Кыргызстанда коронавирус 1081 кишиден жаңы аныкталды. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч болууда. Вирус жугузуп алгандардын эң көбү Бишкекте (640). Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 28-июндагы маалыматына ылайык, COVID-19 инфекциясынан дагы беш бейтап каза болду. Муну менен илдеттин курмандыктары 1982 кишиге жетти. Мурда ооруп жаткандардын ичинен 488 киши сакайып чыкты. Коронавирус пандемиясы башталган бир жыл аралыгында Кыргызстанда 121 946 киши вирус жугузуп алды. Читать дальше...
Бир нече күнгө созулчу "Тур де Франс" веложарышынын алгачкы күнү массалык авария менен коштолду.
Июнь айынын башында соттун чечими менен Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуровго козголгон кылмыш иши кыскартылды. Анын бошоп кетишинде шек жараткан жагдайлар көп. Аны 2020-жылы декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кармап, коррупциялык схемага тиешеси бар экени айтылган. Амантуровдун иши УКМКда тергелип жаткан учурда атайын кызматтын имаратынын тегерек-четине, кызматкерлери машинесин токтоткон жерге чейин алфальт төшөлүп жатты. Курулуш иштери жакын арада жыйынтыкталышы керек. Читать дальше...
“Кумтөр Голд” ишканасы кенди иштетүү стратегиясын өзгөртүп, алтынды жер алдындагы ыкма менен казып алууну пландап жатат. Бул келечекте жасала турган техникалык жана экономикалык негиздеменин (ТЭН) алкагында жасалат. Бул тууралуу “Кумтөр Голд” компаниясынын убактылуу тыштан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк айтты. “Биз сөз бергендей муздуктарды талкалабай жер алдынан казуу ыкмасына өтүүгө шарт түзүп атабыз. Ушул күздөн баштап инженердик компанияларды, консультанттарды чакырып долбоорлорду ишке ашырууга аракет кылабыз”. Читать дальше...
Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандар Түркияда өткөн Yasar Dogu турниринде беш медаль утту. Кыргызстандын күрөш федерациясы кабарлагандай, 65 кг салмакта Алибек Осмонов алтын тагынды. Ушул эле салмакта күрөшкөн Эрназар Акматалиев экөө финалга чыгып, Акматалиев күрөшпөй туруп эле жеңишти Осмоновго берип өзү күмүш байгеге ээ болду. 61 кг салмак ченинде Улукбек Жолдошбеков коло байге алды. Ал эми 57 кг салмакта Алмаз Сманбеков күмүш, Бекболот Мырзаназар уулу коло медаль тагынды. 25-27-июнь... Читать дальше...
“Кумтөр Голд” компанияга убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден бери өндүрүлгөн алтынды сатуудан түшкөн каражат тууралуу түшүндүрмө берди. Ишкананын расмий сайтына чыккан маалыматка караганда, бул убакыт аралыгында 44 миң унций (ред: 1 тонна 247 килограммдан бир аз ашыгыраак) алтын сатылды. Анын жалпы баасы 82 миллион 234 миң доллар болду. Анын ичинен 41 миллион 952 миң доллар өндүрүштүк чыгымдарга кетип, дүң киреше 40 миллион 282 миң долларга жетти. Бул боюнча “Кумтөр Голддун” убактылуу тыштан... Читать дальше...
Тажикстандын Айни районундагы Кумарги Боло алтын кенин иштетип жаткан кытайлык ТВЕА компаниясынын 200гө жакын тажикстандык жумушчусу ишканадагы тамак-аштын сапатына нааразылык билдирип иш таштады. Маалыматка караганда, 25-июнда жергиликтүү жумушчуларга мурдагыдай эле күрүч жана арпа акшагы берилген. Алар мындай тамакты ичүүдөн баш тартып, нааразылык катары жерге төгүп салышкан. ТВЕА компаниясы 2018-жылы Айни районундагы "Жогорку Кумарг" жана "Чыгыш Дуоба" алтын кендерин иштетүүгө лицензия алган. Читать дальше...
Талдоочу Чынара Эсенгул президент Садыр Жапаровдун Ашхабадга сапары, кыргыз-түркмөн мамилеси тууралуу "Азаттыкка" маек курду.