1-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 8…13; Талас жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз 8…13; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7; Нарында түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…+2; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -21…-26, күндүз -4…-9 градус болот. Читать дальше...
Бишкекте 28-февралда «Ата-Журт Кыргызстан» деп аталган партиянын курултайы өттү. Анда партия 11-апрелде боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого бардык аймактардан катышары айтылды. Юстиция министрлигинин расмий сайтындагы соңку маалымат боюнча партиялардын тизмесинде “Ата-Журт Кыргызстан” деген аталыштагы партия жок. Жыйында партиянын төрагасы Айбек Маткеримов, Бишкек шаары боюнча лидери Бабур Төлбаев экени жарыяланды. 41 жаштагы Маткеримов 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Мекенчил”... Читать дальше...
Бишкекте бүгүн, 28-февралда жарандык коом өкүлдөрүнүн Кыргызстанда мыйзамдуулуктун сакталышын жана коррупцияга каршы күрөштү талап кылган салттуу акциясы өттү. Жыйырма чакты активист Темир жол бекетинин жанынан чогулуп, Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянты көздөй тынчтык жүрүш уюштуруп, акциясын жыйынтыкташты. Алар колуна "Коркпо. Жакшы жашоону талап кыл" деген жазууну кармап турушту. "Баштан башта" кыймылы демилге кылган "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келе жатат. Читать дальше...
Бүгүн, 28-февралда Ош шаарынын борбордук аянтында жүздөгөн адам катышкан акция өтүп жатат. Чогулгандар Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоп, аны абактан чыгарууну талап кылган ураандар айтышууда. Митингде бейөкмөт уюмдардын, "Азаттык" радиосунун ишмердүүлүгүнө каршы пикирлер да айтылып жатат. Митингде Райымбек Матраимовдун бир туугандары да жүрүшөт. Жыйынды тамада Аманбек Ибраев алып барууда. Коррупцияга айыпталып келаткан Райымбек Матраимов алгач УКМК... Читать дальше...
Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 орунга ат салышуу ниетин бүгүнкү күнгө - 28-февралга карата 30 партия билдирди. Бул тууралуу шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов маалымдады. Шайлоого саясий партиялар катышып, утуп чыккандары 4 жыл иштейт. Азыркы чакырылыш 2016-жылдын 11-декабрында шайланып келген. Анда шайлоого 14 партия катышкан. 2012-жылкы шайлоодо 45 орунга 23 партия ат салышкан. Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык Кыргызстанда жергиликтүү... Читать дальше...
Эл аралык марафон дирекциясынын башчысы Мелис Надыров Ысык-Көлдө өтө турган Run the Silk Road марафонунун акчалай байге фондуна 1 миллион 44 миң сом каралганын билдирди.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 28-февралдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен бир адам каза болду. Көз жумган бейтап Бишкек шаарынын тургуну болчу. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1464 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 44 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (16) жана Чүй облусунда (10). Ошентип, өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 86 229 кишиге жетти. Бир күндө 52 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 364 адам жатат... Читать дальше...
Ошто ишкер аялдардын өз ара кызматташтыгын бекемдөөгө арналган жыйынга даярдык көрүлүп жатат. Иш-чараны ““Курак” аялдар форуму” деп аталган уюм донорлордун колдоосу менен уюштурууда. Аялдардын эл аралык күнүн утурлай, 4-мартта өтө турган жыйындын максаты – аялдардын экономикалык, саясий жана социалдык тармактардагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү экени айтылды. Спикерлер жеке тажрыйбасы тууралуу айтып берип, идеялары, туристтик бизнести кеңейтүү сырлары, жеке бала бакчаны иштетүү ыкмалары менен бөлүшүп... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жергиликтүү шайлоодо ыплас ыкмалар кайрадан колдонулушу ыктымал деген кооптонуусун билдирди. Бүгүн, 28-февралда депутат “Телеграмдагы” каналында Бишкекте жашабаган адамдарды шаарга каттоого тургузуп жатышканы тууралуу маалыматы бар экенин билдирип, бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына кайрыларын айтты: “Азыр айылдардан шаарга алып келип, каттоого тургузуп, добуш бердиртүү аракети көрүлгөн учурлар бар экенин билем. Бул форма №2 эмес, жөн гана кайра каттоо. Читать дальше...
Бишкекте электр энергиясы менен жүрүүчү транспорттук каражаттарды пайдалануу маселеси талкууланган жыйын өттү. Экономика жана каржы министрлигинин маалыматына караганда, электромобилдер боюнча талкууну уюштурууга Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы көмөктөшүүдө. Адистер белгилегендей, Кыргызстанда абага түтүндүн зыян заттары кошулуусунда 28% үлүштү транспорт сектору түзөт, Бишкекте бул көрсөткүч 75% барабар. Коомдук автобустардын дээрлик баары дизелдик май менен жүрөт. Электромобилдерди пайдалануу боюнча негизги тоскоолдуктар ... Читать дальше...
Ушул күндөрү Украинанын Киев шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык мелдеште кыргыз балбандары Мээрим Жуманазарова менен Үзүр Жусупбеков баш байгени утушуп, алтын тагынышты. Кыргызстандык балбандар 33 мамлекеттен келген 600дөй спортчулар арасында жакшы жыйынтык көргөзүшүүдө. Мээрим Жуманазарова 27-февралда кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, финалда канадалык Оливия Ди Баккону жеңди (1:1). Ал финалдык таймашка чейин үч беттеш өткөргөн. Алгач 1/8 финалда украиналык Алла Черкасованы 6:5 менен... Читать дальше...
Мектеп окуучулары арасында "Зомбулукту актаба" аттуу республикалык сынак жарыяланды. USAID-IDLO "Ишенимдүү сот" программасы Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстандын юридикалык клиникаларынын ассоциациясы менен биргеликте уюштуруп жаткан сынакка 9-11-класстын окуучулары катыша алышат. 4-марттан 30-апрелге чейин өткөрүлө турган сынактын максаты – эл арасында гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматты кеңири таратуу жана жаштардын зомбулукту алдын алууга кызыгуусун жогорулатуу экени айтылды. Читать дальше...
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда кумшекердин баасы соңку бир жылда 46% кымбаттады. Бул тууралуу мекеме тараткан маалыматта айтылды. Өлкөдөгү 18 калктуу пункт боюнча мониторинг жүргүзүлүп, кумшекердин баасы орточо эсеп менен 59,93 сом экени аныкталды. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда бул 46% кымбат. Жалал-Абад, Ош, Исфана шаарларында кумшекердин бир килограммы 64 сомдон, Ноокатта 50, Өзгөндө 47 сомдон сатылып жатканы белгилүу болду. Кумшекер күнүмдүк керектелүүчү негизги азыктардын бири. Читать дальше...
Ушул күндөрү Киев шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча эл аралык мелдеште кыргыз балбандары Мээрим Жуманазарова менен Үзүр Жусупбеков алтын байгенин ээси болушту. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, аталган балбандардан сырткары кыргызстандык спортчулар Айпери Медет кызы күмүш, Бекболот Мырзаназар уулу коло байгеге арзыды. Жуманазарова 27-февралда кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, финалда канадалык Оливия Ди Баккону жеңди (1:1). Ал финалдык таймашка чейин үч беттеш өткөргөн. Читать дальше...
Spotify деп аталган белгилүү аудио стриминг (аудио агым) интернет кызматы дагы 85 мамлекетте иштей баштады. Бул тууралуу аталган компания расмий сайтына жазып чыкты. Анын арасында Борбор Азия чөлкөмүнөн Кыргызстанда, Өзбекстанда, ошондой эле Пакистан, Армения, Грузия, Азербайжан, Монголия жана башка өлкөлөр бар. Муну менен компания 1 миллиард колдонуучу табууну көздөп жатат. Аудио агым кызматы интернет колдонуучуларга музыкалык чыгармаларды, аудиокитептерди, подкасттарды акысыз жана легалдуу угууга мүмкүнчүлүк берет. Читать дальше...
Алдыга жыла албай айласыз туруп калган экономика, каржылоо булактарынын аздыгынан Кыргызстандын тышкы карыздарды төлөөсү кыйынга турууда, кайтарылчу акчанын көбү Кытайга берилчү каражат. Каржылык милдеттенмесин аткарыш үчүн өлкө бир катар катаал чараларды ишке ашырууну көздөөдө. «ПЛАНДАР БАР» Ачыкка чыгып калган маалыматтарга караганда Кыргызстандын тышкы карызы беш миллиард долларга жетип калды, анын 40% жакыны (1,8 миллиард доллары) Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына кайтарылчу акчалар. Читать дальше...
Кыргыз адабиятынын классикалык чыгармаларына арналган түрмөктө көрүнүктүү проза чебери, эл жазуучусу Өскөн Даникеевдин чыгармачыл жолу жана “Үмүт улагандар” аңгемеси талданат. Адабият таануучу Бекташ Шамшиевдин блогу.
Израилдин Коргоо министри Бенни Ганц 27-февралда билдиргендей, Иран ушул аптадагы Оман булуңундагы Израилге таандык жүк ташуучу кемедеги жардыруунун артында турган болушу ажеп эмес. “Эм-Ви Гелиос Кэй” (“MV Helios Ray”) аттуу жүк ташуучу кеме 25-февралда (бейшембиде) Сауд Арабиясынын Даммам портунан Сингапурду көздөй бара жатканда, жардырууга кириптер болгон. Ганц Израилдин “Кэн” аттуу коомдук сыналгы каналына: "Кеме Иранга салыштырмалуу жакын жерде жайгашкандыгы Иран жооптуу деген ишенимди күчөтөт... Читать дальше...
КР Президенти, Коопсуздук кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго
723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)