Мы в Telegram
Добавить новость

Веер электродепо «Столбово» будет насчитывать 46 путей

Эксперт ЦБ Арзамаскин: у вклада и накопительного счета разные сроки действия

Более 550 дольщиков подмосковного ЖК «Митино Дальнее» получили ключи

В Москве метро и МЦК на Пасху продлят режим работы



World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Февраль
2021

Новости за 27.02.2021

Azattyk.org 

Армян коргоо министрлиги: Куралдуу күчтөр саясий жүрүмгө кийлигишпейт

Армениянын Коргоо министрлиги 27-февралда (ишембиде) өлкөнүн куралдуу күчтөрүн ички саясий жүрүмдөргө аралаштырбоону талап кылды. Армениянын Коргоо министрлигинин интернет барагында жарыяланган коммюникеде: "Биз Куралдуу күчтөрдүн атынан билдирүү жасоодон баш тартууну, армияны саясий жүрүмдөргө аралаштырбоону жана өлкөнүн коопсуздугун жеке кызыкчылыктарга баш ийдирбөөнү талап кылабыз", – деп айтылат. Өлкөнүн Коргоо министрлиги, ошондой эле, Армениянын куралдуу күчтөрү саясий жүрүмдөргө карабастан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ооганстанда бомба жарылып, эки киши набыт кетти

Ооган бийликтеринин айтымында, өлкөдө ар башка жерлердеги жардыруудан кеминде эки киши өлүп, бир нече киши жаракат алды. Кабул полициясынын өкүлү Фердавс Фарамарздын 27-февралда билдиргенине караганда, баш калаанын четинде жайгашкан Баграм районунда унаага жабыштырылган бомба жарылып, бир киши набыт болуп, дагы экөө жаракат алды. Акыркы айларда Кабулда унаалардын астына жабыштырылган жана аралыктан же убакытка байлап жардырылчу "жабыштырылма" бомбалар колдонулган бир нече кол салуулар болду. ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Миңдеген орусиялыктар Кремлдин сынчысы Немцовду эскерип жатышат

Бир нече миңдеген кишилер Москва шаарынын борборунда орусиялык оппозициялык саясатчы Борис Немцовдун өлүмүнүн алты жылдыгын эскеришти. Коомчулук өкүлдөрү жана оппозициянын тарапкерлери 2015-жылдын 27-февралында Немцов атып өлтүрүлгөн жайда – Кремлден бир аз обочорооктогу Большой Москворецкий көпүрөсүндө маркумду эскерип гүл коюшту. Немцов Орусиянын президенти Владимир Путиндин чечкиндүү сынчысы болгон. Эскерүү жөрөлгөсүнө катышкандардын катарында АКШ жана Улуу Британия баш болгон бир нече Батыш өлкөлөрүнүн элчилери да болду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кремлдин Бишкекке курал беришинин сыры

Кыргызстан Орусиядан учкучсуз учактарды жана ошондой эле эл арасында «Искандер» деп аталган С-300 үлгүсүндөгү зениттик ракеталарды алат. Мындай документке президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапарында кол коюлду. Президент Садыр Жапаровдун 24-25-февралдагы Москвадагы иш сапарында эки өлкөнүн коргоо мекемелери 2025-жылга чейин аскердик стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү макулдашты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Галина Байтерек маалымдады. «Аскердик-коргонуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чет өлкөдөн диний билим алгандар ич ара жиктелүүдө

“Биз жана дин” түрмөгүндө диний билим алгандардын ич ара атаандашуусу менен байланыштуу көйгөйлөрдү талкуулап, анын себептерин талдаганга аракет кылабыз. Бул маселени дин таануу жаатындагы адистер Канатбек Мурзахалилов менен Азиз Ташполотов талкуулашат.

Azattyk.org 

Украинанын АКШдагы жаңы элчиси: Крым үчүн Орусияга кысымды күчөтүү зарыл

Украина АКШ жана Европа өлкөлөрү Крымдын каратылып алынышына жана Донбасстагы жаңжалга байланыштуу Орусияга кысымын күчөтөт деп үмүттөнөт. Бул тууралуу Украинанын Америка Кошмо Штаттарындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Оксана Маркарова “Укринформ” агенттигине 27-февралда берген маегинде билдирди. “Украина Батыштагы өнөктөштөрүнөн кандай колдоо күтөт?” деген суроого жооп берип жатып, Маркарова "максималдуу кысым" жана "санкциялардын күчөшү" деп баса белгиледи: "Орусия үчүн Украинага каршы баскынчылыктын баасы эч төмөндөбөстөн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өтүп жатат

Бишкекте, Улуттук опера жана балет театрында ушу тапта Кыргызстандын  мурдагы тышкы иштер министри, мурдагы маданият министри Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өтүп жатат. Жыйында сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров Кондучалова маданият тармагын жетектеген мезгилде кыргыз маданиятынын алтын доору башталганын айтты.  Кыргыз эл баатыры, республиканын маданиятына эмгек сиңирген мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова 1920-жылы 15-июнда туулган, 2013-жылы 7-сентябрда 93 жаш курагында көз жумган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкүлдөр үйү Байдендин коронавирустук жардам пакетин жактырды

АКШнын президенти Жо Байдендин 1,9 триллион долларлык коронавирустук жардам көрсөтүү пакети Конгресстин Өкүлдөр үйүндө жактырылды. Мыйзам долбоору 27-февралда таңга жуук өткөн добуш берүүдө 219–212 катышында кабыл алынды. Бир дагы республикачыл конгрессмен мыйзам долбоорун колдоп добуш берген жок. Мыйзам долбоору эми Демократиялык партиянын көзөмөлүндөгү Сенатка жөнөтүлөт. Сенат буга чейин эле негизги маселеге – АКШнын минималдык эмгек акысын эки эсеге көбөйтүп, саатына 15 долларды түзүү сунушуна бөгөт койгон. Читать дальше...

PR Kyrgyz 

Шарабидин Капаров продал 49 земельных участков за крупные взятки

КР Президенти, Коопсуздук кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)

Читать дальше...




Azattyk.org 

Грузин оппозиция өкүлдөрү парламент имаратынын алдына чатырларды тигишти

Грузин оппозициясы жана жарандык укук коргоочулар борбор шаар Тбилисидеги парламент имаратынын алдына он чакты чатыр тигишти. 26-февралда Тбилисидеги оппозициялык партиянын штабына полициянын кол салуусуна жана анын лидеринин камалышына нааразы болгон көчө жүрүштөрүнөн жана нааразылык жыйындардан кийин оппозиция өкүлдөрү чатырларда түнөштү. Грузиянын жана НАТОнун желектерин көтөрүп, жазууларды көтөрүп жүргөн миңдеген кишилер Грузия парламентинин имаратынын алдына митингге чыгып, кезексиз парламенттик... Читать дальше...

Azattyk.org 

“Баштан башта!” кыймылы саясий куугунтук башталганын айтып чыкты

“Баштан башта!” жарандык кыймылы аларга карата куугунтук болуп жатканын айтып чыкты. Бүгүн, 27-февралда кыймылдын социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчасына “Ачык куугунтуктоо башталды!” деген билдирүү жарыяланып, Бишкекте уюштурган иш-чарасына күч кызматкерлери катышууга аракет кылышканы сынга алынды: “Кечээ биз интенсивдүү курс өткөргөн мейманкананын фойесинде атайын кызматтын кызматкерлери отурушкан. Алар ал жерде бир топ убакыт болушту да, акырын кетип калышты. Ал эми бүгүн укук коргоо органдарынын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мэрия: мектепке баруу азырынча окуучулардын өмүрүнө коркунучтуу

Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгы окуучулардын ата-энелерине кайрылып, мектептерди толук ачуу маселесин чечүү үчүн убакыт керектигин, ага чейин чыдамкайлык талап кылынарын балдарга түшүндүрүүнү өтүндү. 27-февралда мекеменин басма сөз кызматы окуучулар аралыктан окууга каршы нааразылык акциясын уюштурууга камынып жатышканы тууралуу маалымат бар экенин билдирди. Маалыматта мэрия "онлайн окуунун балдар үчүн да, ата-энелер үчүн да оордугун түшүнүп турганын, бирок балдардын ден соолугу, алардын коопсуздугу биринчи орунда экендигин"... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мишел Бачелет: ШУАРда көз карандысыз иликтөө зарыл

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары КЭРдин Шинжаң-Уйгур автономиялуу районундагы (ШУАР) кырдаалга байланыштуу “көз карандысыз жана ар тараптуу иликтөө жүргүзүүгө” чакырды. Казакстанда ШУАРдагы кармалгандарды бошотуу талабы менен нааразылык чарасы уюштурулду. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет 26-февралда ШУАРда адам укуктарынын абалын иликтөө иши "көз карандысыз жана ар тараптуу" жүргүзүлүүгө тийиш, деп билдирди. Бачелет айымдын айтымында, анын кеңсеси... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жорж Оруэллдин бестселлер чыгармасы кыргыз тилине которулду

Британ жазуучусу, журналист жана публицист Жорж Оруэллдин Animal Farm чыгармасы англисчеден кыргызчага которулуп, басылып чыкты. Дүйнөлүк бестселлерге айланган чыгарманы кыргыз тилине «Айбан чарба» деген аталыш менен Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу Насыпбек Асанбаев которуп, oku.kg басылмасы менен бирге басып чыгарды. Үлгү-насыят мазмундагы сатиралык повесть өзүнчө китеп болуп 1945-жылы жарык көргөн.Каймана мааниде жазылган чыгарма диктаторлукту, анын кантип пайда болуп, кантип өнүгүп жүрүп отурарын таасын чагылдырат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жалал-Абадда "Жаз жармаңкеси" ачылды

Жалал-Абад шаарында бүгүн, 27-февралда быйылкы жылдын “Жаз жармаңкесинин” ачылышы болду. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдагандай, шаар башкармалыгы уюштурган жармаңкеде айрым азыктар базар баасынан арзан сатылды. Базарда бир мүшөгү 1650-1800 сомдон сатылып жаткан ун 1600дөн, 12 сомдук жумуртка 9,5 сомдон, 450 сомдук эт 420 сомдон сатылды, калган азыктардын наркы дүкөн-базардыкынан айырмаланган жок. Шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун айтымында, жармаңке ар ишемби-жекшемби сайын уюштурулуп турат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекке Өзбекстандын башкы дипломаты келди

Бишкекке иш сапары менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов келди. Бүгүн 27-февралда коңшу өлкөнүн башкы дипломатын президент Садыр Жапаров кабыл алды. Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек мамилелеринин жогорку деңгээлин жана 2020-жылы коронавирус пандемиясы маалында мамлекеттердин бири-бирине колдоо көрсөткөнүн белгиледи. Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай Садыр Жапаров “Кыргызстандын өз ара колдоого негизделген жана эки боордош элдин кызыкчылыктарын канааттандырган... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ тергөө бюросу Пригожинге издөө жарыялады

АКШнын Федералдык Тергөө Бюросу (ФТБ) орусиялык ишкер Евгений Пригожинге АКШга каршы көз боёмочулук уюштурганга катышкан, АКШнын ички саясатына кийлигишип, 2014–2016-жылдар аралыгында президенттик шайлоого таасир этүүгө аракет кылган деген шек менен издөө жарыялады. ФТБ ошондой эле бул ишкердин камалышына көмөк кылчу маалымат үчүн 250 миң долларга чейин акчалай сыйлык белгиледи. ФТБнын маалыматы боюнча, Пригожин Санкт-Петербургда жайгашкан “Интернет-изилдөө агенттигинин” башкы демөөрчүсү болгон... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чет өлкөдөн диний билим алгандар жамаат-жамаатка бөлүнүүдө

Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери жарандардын чет өлкөдөн диний билим алуусуна эркиндик берилген. Алар кайтып келишип, жик-жикке бөлүнүп, коомду бөлүп-жарып жатканы ачыкка чыгууда.  Бирок, эч бир мамлекеттик органда четтен диний багытта окугандар тууралуу же окуп жаткандар жөнүндө расмий маалымат жок. Ал арада сырттан билим алгандар арасында өз ара жамаат-жамаатка бөлүнүү, өз ара тымызын тирешүү бар экени айтылып жүрөт. “Биз жана дин” түрмөгүндө ушул темага кайрылып, себептерин талдаганга аракет кылабыз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орус коомчулугу маркум Борис Немцовду эскерүүдө

Орус оппозициясынын жигердүү өкүлдөрү 27-февралда Москванын борборунда киши колдуу өлгөн оппозициячыл саясатчы Борис Немцовду эскерүүгө беленденүүдө. Немцовдун өлүмүнүн алты жылдыгы Орусия бийлиги азыркы оппозициячыл лидер Алексей Навальныйды түрмөгө камап, анын өнөктөштөрүнүн нааразылык чараларын күч менен баскандан кийинки учурга туш келди. Навальныйдын өнөктөштөрү өз тарапташтарын 2015-жылы 27-февралда Немцов атып өлтүрүлгөн жайга – Кремлден анча узак эмес аралыктагы Большой Москворецкий көпүрөсүнө келип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркмөнстанда Алабай тукумундагы ит майрамы негизделди (видео)

Түркмөнстанда Алабай тукумундагы итке байланыштуу майрам негизделди. Бул майрам мындан ары жыл сайын апрелдин соңку жекшембисинде - Ахал-теке жылкысынын (Ahal-teke aty - түркмөнчө - ред.) күнү менен чогуу белгиленет. Тийиштүү жарлыкка президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койгонун жергиликтүү басылмалар 25-февралда кабарлашты. 2020-жылдын ноябрында Бердымухамедов Ашхабадда алабайдын алтын жалатылган эстелигин салтанаттуу түрдө ачып берген. Эстеликтин астына Led-монитор орнотулуп, алабай породасындагы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жапаров 2-3-мартта Казакстанга барат

Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга сапары 2-3-мартка пландалууда. Бул маалыматты 27-февралда «Азаттык» радиосуна мамлекет башчынын маалымат кызматы тастыктады. Садыр Жапаровдун президент катары алгачкы расмий сапары Казакстандан башталарын кошуна өлкөнүн президентинин расмий сайты 11-январда жазган. Президент Жапаров чет өлкөгө алгачкы иш сапарын Орусия Федерациясынан баштап, ал сапар 24-25-февралда ишке ашты. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-февралда Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Нигерияда уурдалган 300дөй кыз дайынсыз

Нигерияда куралчан адамдар дагы 300дөй кызды уурдап кетишти. Бул ирет белгисиз согушкерлер өлкөнүн түндүгүндөгү мектептердин бирине чабуул жасап, окуучу кыздарга кол салды. Бул тууралуу Тhe Associated Press агенттиги кабарлады. Маалымат агенттигинин кабарчысы менен маектешкен киши өзүнүн да 10 жана 13 жаштагы эки кызы дайынсыз жоголгонун айткан. Куралчан адамдар мектептин жанындагы аскердик лагерге жана көзөмөл-өткөрмө бекетине да кол салышкан. Ушул тапта өлкө бийлиги атайын операция жарыялап, аларды издеп жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Вотсап" менен сүт саткан жеңелер

Чаткал районундагы жубайлар Талантбек Боталиев менен Айзат Бегалиева насыя алып, сүт заводун ачкан. Былтыр дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясынан улам иши аксаган ишкана жакындан бери кайра жанданды. Учурда ишкерлер сүттү элден сатып алат. Айдоочулар ким уй саарын WhatsApp мессенжери аркылуу алдын ала билип анан алып кетишет. Күнүнө эки тоннадай сүт иштеткен заводдун продукциялары райондогу дүкөндөрдө сатылууда.


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Названы регионы РФ с самым большим миграционным приростом в начале 2024 года

Вадим Верван: День Победы всегда будет святым для русского народа

Психолог объяснила, как смотреть с детьми кино о войне, чтобы не травмировать их психику

Эксперт в области культуры, искусства и моды Елена Шерипова: как привить детям любовь к выставкам и театрам

Музыкальные новости

В дивизии имени Ф.Э. Дзержинского Росгвардии стартовал турнир по боксу «Кубок Победы»

Сергей Собянин поздравил москвичей с 1 Мая

Тарифы ЖКХ вырастут в России

На Улан-Удэнском ЛВРЗ завершился весенний этап акции «Неделя без турникетов»

Новости России

«Кубок футбольных мам» прошел на стадионе «Москвич» в Лобне

ЧЭРЗ развивает промышленный туризм в рамках Всероссийской акции «Неделя без турникетов»

Планируете отдых на Черном море? Отель “Мишель” предлагает отличный сервис по приемлемым ценам

Гранды сохранили равенство // Первый кубковый матч ЦСКА и «Зенита» завершился ничьей

Экология в России и мире

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

В четверг начинается арктическое вторжение на Москву: в субботу уже -3С, а вечером пойдут дожди

Новые коллекции Gods Passion и Kolchuga

«585*ЗОЛОТОЙ» усовершенствовала процесс обучения новых сотрудников через механизм наставников и стажеров

Спорт в России и мире

Россиянка Полина Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису

Шиманович пробилась в ⅛ финала теннисного турнира в Сен-Мало

Елена Рыбакина выступила с критикой в адрес WTA

Соболенко вышла в полуфинал турнира WTA-1000 в Мадриде

Moscow.media

Европейские правозащитники подали очередную жалобу на ChatGPT

Сентябрьское утро

ИИ предскажет онкобольным риск депрессии и тревоги

Росгвардейцы задержали мужчину, подозреваемого в незаконном обороте наркотиков в Москве











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Премьера спектакля о блокадном Ленинграде состоится в Музее Победы

«Кубок футбольных мам» прошел на стадионе «Москвич» в Лобне

Новосибирская область в мае представит программу научно-технического развития

Танк Abrams заметили на трассе под Ельцом