Маалымат каражаттары 10-февралда кабарлагандай, Жоржия штатынын прокурлору АКШнын мурдагы мамлекет башчысы Дональд Трамптын аймактагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу аракети боюнча кылмыш иш козгоду. 3-январда The Washington Post басылмасына жарыяланган аудиодо Трамп штаттын мамлекеттик катчысы Брэд Раффенспергерге басым жасап жатканын угууга болот. Экс-президент Трамп (ал кезде бийликте болчу) жеңиш үчүн жетиштүү добуштарды «тапкысы келгенин» айткан. Маалыматтарга караганда... Читать дальше...
Максатбек ажы Токтомушев 10-февралда кечинде УКМК тарабынан кылмышка шектелип кармалды. Ал өз каалоосу менен кызматын тапшырып кетип жаткан эле. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат Бишкек убактысы боюнча 22:33тө тараткан маалымат боюнча, мурда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчисине (Ж.Б.) байланыштуу каралып жаткан иштин алкагында муфтий М.а.Т. кармалганы маалым болду. Муфтияттын башкы эсепчисине карата Мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчисине (Ж.Б.) карата жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кызматын өткөрүп берип кетип жаткан муфтий Максат ажы Токтомушевди кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы 10-февралда кечинде кабарлады. Атайын кызмат билдиргендей, ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу, ал кылмышты... Читать дальше...
Алайда өз жанын кыйды деген келиндин апасы милицияга кайрылып, кызынын эмне себептен өз өмүрүнө кол салганын иликтөөнү өтүндү. Айрым маалыматтарга караганда, ал кош бойлуу боло албай жатканына капа болуп жүргөн. Турмушка чыкканына 6 ай гана толуптур.
Белгилүү татар жазуучусу жана активисти Фаузия Байрамова Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырганы үчүн күнөөлүү деп табылды. Набережные Челны шаардык соту Байрамовга 30 миң рубль (400$) айып пул төлөөгө милдеттендирди. Байрамова ага тагылган күнөөнү мойнуна алган жок. Жазуучу бир жыл мурда жыйындардын биринде татар тилинде сүйлөгөн сөзү орусчага туура эмес которулганын айтууда. Анда Байрамова ХХ кылымдагы белгилүү татар активисти Хади Атласинин ырынан алынган саптарды окуган. Анда татарларды... Читать дальше...
2021-жылдын январында өлкөнүн экономикасы 2020-жылга салыштырмалуу 7,6 пайызга төмөндөп, азык-түлүктүн баасы 1,7% кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет 10-февралда билдирүү таратты. Январдагы ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча 33 миллиард сом болду. Кумтөр кенин эсепке албаганда ички дүң өнүмдүн көлөмү 30 миллиард сомго жакындап, былтыркы жылга караганда 4,5 пайызга азайды. Өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмү январда 22 миллиард сомго жетип, 2020-жылдын январына салыштырмалуу 9,5 пайызга аз болду. Читать дальше...
Башкы прокурор Курманкул Зулушев акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт деп билдирди. Зулушев кылмышка шектелип кармалгандардын келтирген чыгымдын бир бөлүгүн мамлекетке төлөп бергени - тергөө бүткөнчө үй камагында болуунун гана бир жолу экенин айтты. Зулушев буга Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата сот иштери уланып жатканын мисал кылды. Матраимовдун соту жабык өттү Биринчи май райондук сотунда Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын... Читать дальше...
Бийликтин борбор калаанын жетекчиси боюнча чечимин өзгөртүшү "Бишкекке кандай мэр керек?" деген талкууну жаратты.
Борбор калаа башчылыгы эки күндөн бери коомчулукта кызуу талкууланган темага айланды. Ошол эле кезде Бишкек мэрине талаптар да аз эмес. Бишкекке кандай мэр керек? "Азаттыктын" кабарчысы ушул суроо менен шаар тургундарына микрофон сунду.
Бүгүн, 10-февралда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош шаары менен Ош облусунун аймагында издөөдө жүргөн "Женго" каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновду колго түшүрүү боюнча атайын иш-чара жүргүзүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди: "Бир катар даректердеги тинтүүлөрдүн натыйжасында Ош шаарынын аймагындагы үйлөрдүн биринен тергөө органдарынан жашынып жүргөн Досоновдун жеке үй буюмдары жана жеке гигиена каражаттары, уюлдук телефондор табылды. Ошондой эле тыюу салынган буюмдар... Читать дальше...
Кремлдин келишкис сынчысы, камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын аялы Юлия Навальная Германияга чыгып кеткенин «Интерфакс» басылмасы өз булактарына таянып жазды. Орусиялык агенттик Навальная Франкфурт шаарына учуп кеткенин кошумчалады. Оппозициячыл саясатчынын аялы өзү бул тууралуу эч нерсе билдирген жок. Анын адвокаты Светлана Давыдова ТАСС агенттигине эч кандай маалыматы жок экенин айткан. Юлия Навальная 23-январда жана 31-январда Орусияда өткөн каршылык акцияларына катышкан. Читать дальше...
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчиси 100 миң доллар пара берүүгө шек саналып кармалды. Анын артынан эле муфтий Максатбек ажы Токтомушев кызматтан кетти. 2 - Тажикстан Баткендеги Төрткүл суу сактагычына байланыштуу билдирүү таратып, кыргыз саясатчыларын чек ара меселесинде этият болууга чакырды. 3 – Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында пикетке чыккан Байболат Күнболот уулу 10 күнгө камалды. Апта башынан бери Алматыда Шинжаңдагы туугандарынын бошотулушун талап кылгандар чогулуп жатышат.
Жарандык активист Нурсултан Акылбек Кыргызстандын Баш мыйзамынын жаңы иштелип чыккан долбоору келечекте көйгөй жаратышы ыктымал деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн, 10-февралда “Азаттык” радиосунун конституциялык реформа боюнча талкуусунда сүйлөп жатып айтты: “Эң сабатсыз Конституция болуп түзүлүптүр. Бир эле түшүнүктүн үч-төртөөсү кайталанып, юридикалык терминдер жок. Сыйлоо, урматтоо, Моралдык кодекс дейт… Моралдык кодекс бизде кодификация болгон эмес да. Менимче, бул келечекке карай чоң миналарды калтырып кетет”. Читать дальше...
Конституциялык кеңешме карап чыккандан кийин Баш мыйзамдын долбоорундагы беренелердин дээрлик 90% өзгөрүүгө учурады. Бул тууралуу 10-февралда “Азаттык” радиосуна кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди. Анын айтымында, долбоордун парламент сунуштаган концепциясы жана структурасы өзгөргөн жок, жалпысынан миңге жакын сунуш келип түштү: “5-бөлүмдү бир аз узарттык, анын өз себеби бар. Ал эми калган бардык беренелер боюнча сунуштарды угуп, өзүбүздүн оюбуз менен талкуулап, бардык беренелер боюнча негизинен жаңы өзгөрүү киргизип чыктык. Читать дальше...
Базар-Коргондогу Коргон-Жар чалдыбары айтылуу түрк-монгол кол башчысы Аксак Темирдин чеби болгону тууралуу айтылып келет. Тарыхчылар эл оозунда айтылып жүргөн аңызды ырастабаганы менен четке да кагыша элек. Коткор айылынын тургуну Орозбек Шабданов бүгүн ошол аймакты мал-жандан коруп келет. 87 жаштагы аксакал көзү тирүү кезинде коргонго илимпоздор келип, археологиялык изилдөө жүргүзүшсө деп тилейт.
«Медиа Полиси Институту» уюму Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупцияга шектелген ишин караган сотто мыйзам бузулду деп эсептейт. Уюмдун юристи Акмат Алагушев 10-февралда билдирүү таратып, алгачкы сот отурумун жабык кароого негиз болбогонун, журналисттер кененирээк залга өтүү шылтоосу менен чыгарылып, кайра кире албагандыктан коомдун кызыгуусун жараткан иш боюнча толук маалымат алуу укугунан ажыраганын белгиледи. Бул билдирүүгө сот жана прокуратура органдары комментарий берише элек. Читать дальше...
Орусияда камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын аймактык штабдарынын башчысы Леонид Волковго мамлекет аралык издөө жарыяланды.
Кабулда райондук полиция башчысы Мохаммадзай Зай Кочи жана анын үч жансакчысы өлтүрүлдү. Окуя 10-февралдын таңында болгон. Бул тууралуу Ооганстан бийлигинин өкүлдөрү билдирди. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким алган жок. Бирок биринчи вице-президент Амрулла Салех полициячынын өлүмүн талибдерден көрдү. Ушул эле күнү башкалаада болгон дагы бир жардырууда төрт жайкын тургун каза болду. Эки кол салууда тең бомба автоунаага коюлуп, аралыктан жардырылган. Жардыруулар негизинен таңында болуп, аткаминерлерге... Читать дальше...
Кыргызстанда пневмонияга чалдыккан балдардын саны улам көбөйүүдө. Бишкектеги Улуттук эне жана баланы коргоо борбору кошумча 150 орун ачып, азыркы тапта анын баары толгон. Ошондой эле коронавирус, ага кошумча Кавасаки синдрому да катталууда.
Дүйнөнү тооруган коронавирус Кытайдагы лабораториядан тараган эмес. Мындай жыйынтыкка Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери баштаган топ Ухань шаарында иликтөө жүргүзгөндөн кийин келди. Адистер вирус адам баласына жаныбардан жуккан деп эсептешет.
Дүйнөнү тооруган коронавирус Кытайдагы лабораториядан тараган эмес. Мындай жыйынтыкка Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери баштаган топ Ухань шаарында иликтөө жүргүзгөндөн кийин келди. Адистер вирус адам баласына жаныбардан жуккан деп эсептешет.
Баш калаа Бишкекте 200 миңдей жолбун ит бар, алардын 60-70 миңдейин жыл сайын мэрия аттырып турат. Бул тууралуу 10-февралда "Азаттыкка" вице-мэр Жамалбек Ырсалиев билдирди. 10-февралда жаныбарлардын укугун коргогон активисттер мэриянын алдында жолбун иттерди атууга каршы пикет өткөрүштү. Вице-мэр Ырсалиев алар менен жолугуп, маселени чечүү жолдорун талкуулады: "Биз активисттерге шаардагы санитардык полигондун жанынан жер берели, жолбун иттерди багып, тукумсуздандырууну ишке ашыргыла дедик. Бирок алар азырынча бул сунушка жооп берише элек. Читать дальше...
Мьянмада демократиялык башкарууну калыбына келтирүүнү талап кылган калайман каршылык акциялары беш күндөн бери токтой элек.
Буга чейин футболчуларга бир сезондо үч клубдун курамына жазылганга, бирок расмий оюндарда эки гана командага ойноого уруксат берилген.
Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун кароого 17-февралда киришет. Бул тууралуу 10-февралда парламенттин жалпы жыйынында төрага Талант Мамытов билдирди: “Эмки үчүнчү күнү ушул жерде конституциянын долбоору боюнча демилгечи депутаттар чогулуп, кошумча сунуштарды эске алуу менен чогуу каралат”. Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын сексен депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Читать дальше...