Мы в Telegram
Добавить новость

Школьников пригласили на выставку «Лев Толстой. Война и мир. Ожившие страницы»

Франция обвинила Азербайджан в беспорядках в Тихом океане

Молдавский оппозиционер Илан Шор получил российский паспорт

Суд заочно арестовал феминистку Маршенкулову по делу об оправдании терроризма



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Чет өлкөдөн диний билим алгандар жамаат-жамаатка бөлүнүүдө

Чет өлкөдөн диний билим алгандар жамаат-жамаатка бөлүнүүдө

Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери жарандардын чет өлкөдөн диний билим алуусуна эркиндик берилген. Алар кайтып келишип, жик-жикке бөлүнүп, коомду бөлүп-жарып жатканы ачыкка чыгууда. 

Бирок, эч бир мамлекеттик органда четтен диний багытта окугандар тууралуу же окуп жаткандар жөнүндө расмий маалымат жок.

Ал арада сырттан билим алгандар арасында өз ара жамаат-жамаатка бөлүнүү, өз ара тымызын тирешүү бар экени айтылып жүрөт.

“Биз жана дин” түрмөгүндө ушул темага кайрылып, себептерин талдаганга аракет кылабыз. Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен теолог Азиз Ташполотов талкууга алышты.

-Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери чет өлкөлөрдөн диний билим алууга максималдуу эркиндик берилди. Тилекке каршы, учурда эч бир мамлекеттик органда чет өлкөлөрдөн канча студент билим алган же окуп жаткандыгы боюнча так маалымат жок. Бул көйгөй өлкөдө расмий ишин жүргүзүп жаткан бардык диний бирикмелерге тийешелүү. Өзүңүз дагы сырттан диний билим алган жаран катары бул маселенин негизги өзөгүн эмнеден көрөсүз?

-Чет өлкөдөн мен 1998-жылы Ош мамлекеттик университети менен Анкара университетинин келишиминин негизинде теологиялык билим алып келгенмин. Үч жыл Ошто, эки жыл Түркияда окудум. Бул мамлекеттик программа болчу. Мага окшогон башка мамлекеттик же жеке түрдө чет өлкөгө диний билим алууга барган көптөгөн кишилер бар. Менимче, мамлекет эгемендүүлүк алгандан кийин динге жакшы көңүл бөлбөй койгондугунун натыйжасында ар ким динди “үйрөнүп келейин” деп, кандай канал тапса, тааныш – билиш, кайсы бир стипендиялар аркылуу чар – жайыт эле ишке ашкан жараян болуп калды. Бүгүнкү күндө деле ушундай көрүнүш уланууда. Мамлекет, билим берүү жана илим министрлиги диний билим берүүнү азыр деле бирдиктүү колго ала элек.

-Кептин учугун сырттан ислам багытында билим алган, окуп жаткан мекендештерибиз жөнүндө уласак. Көбүн эсе алар Түркия, Египет, Пакистан, Сауд Арап Падышачылыгы, Кувейт, Иордания, Бангладеш, Орусия сыяктуу мамлекеттерде диний билим алууга сапар алышкан. Бүгүнкү күндө жүздөгөн кыргызстандыктар чет өлкөлөрдөн окуусун бүтүп келип, диний чөйрөдө иштегендер бар. Сизге окшоп дүйнөбий жогорку окуу жайларда иштеп жатышат. Сырттан диний билим алган бүтүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүн натыйжасында жогорудагы өлкөлөрдөгү билимдин сапаты жана заманбап шарттарын баалоого дагы мүмкүнчүлүк түзүлдү окшойт. Сиздин оюңузча, диний билим алууда кайсы чет өлкөдөгү, кандай окуу жайларга мамлекет приоритет берсе болот?

-Бардык эле жогоруда саналган мамлекеттерге диний билим алууга жиберсе болот. Бирок, сыртка эки тараптуу келишимдин негизинде жөнөтсө, ал окуу жайлардын программаларын көргөнгө, талдаганга же көзөмөл кылганга, жок дегенде анда окуп жаткан биздин студенттер жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк болмок. Мисалы, Сауд Арап Падышачылыгына кеткендер көбүнчө Меккедеги “Уммуль Кура”, Пакистанда Исламабаддагы чоң ислам борборунда окушат. Алар жөнүндө сайттардан таанышып алса болот. Бирок, биздикилер так ошол жерге барып окушабы? Маселе ушунда.

“Ушул диний окуу жайларына кеттим” деп, алардын астындагы институт, тил борборлорунда же болбосо кыска курстарда окуп, “ошол университетте окуп келдим” айтып жүргөндөр көп кездешет. Азыр Кыргызстандын шартына “туура келеби же келбейби?” деп эч ким ылгабай эле окуп келип жатышат. Илгерки уламалар Орусиянын ислам борборлору – Татарстандан, Москвадан, Өзбекстандан болсо – Ташкенден, Бухарадан окуп келгендер бар. Эгемендүүлүктөн кийин Түркияга көп барып окушту. Мындан сырткары арап өлкөлөрү Египет, Сауд Арапстан менен Пакистанда билим алышты. Пакистан, Индия, Бангладеште мусулмандардын окуу борборлору бар. Бирок, аларды университет даражасында деп айтуу кыйын.

-Алардын статусу кандай деңгээлде деп айтылат?

- Аларды түрдүүчө айтышат. Мисалы, “жаммиа” десе университет, “мужамма” институт, анан “махат” деп аталса институттан кичине колледж сыяктуу болуп калат. Эми биз алардын кайсы окуу жайда окуганын билбейбиз. Кыргызстанга келип, дипломдорун которгондо “чоң окуу жайды бүтүрдү, деп жаздырганга аракет кылып, жогорку билим алып келди” деп иштеп жүрүүсү дагы мүмкүн.

-Бейрасмий маалыматтарга ылайык бүгүнкү күндө Кыргызстандан миңден ашуун киши чет өлкөдөн диний билим алып, окуусун бүтүрүп келишти. Бул бүтүрүүчүлөрдүн ортосунда кандай байланыштар бар? Алар кайсы багыттарда кызматташышат?

-Мен Түркиядан окуп келген үчүн ал жактын тажрыйбасын айтайын. Түркиядан бүтүп келген студенттердин “Эгемендик” деп аталган мекемеси бар. Бул уюм Түркиядан окууну бүтүрүп келген кишилердин кайсы кесиптин ээси экендигине карабайт. Кыргызстанга келгенден кийинки алардын башын бириктирген уюм бар. Алар өздөрүнчө иш – чараларды, мааракелерди өткөрүп турушат. Уюмдун маалымат базасы сыяктуу туруму бар. Кокусунан кайсы бир жерге кадр керек болуп калса бири – бирин сунуштап, колдошот.

Мен Сирияда дагы бир жылга жакын тил курсунда окуп келгенмин. Ошол жакта деле Кыргызстандан элүүдөн ашуун студенттер бар экен. Алар дагы бул жакка келип, бири – бирин тартышат. “Бул жерде жумуш бар, кел. Арап тилин, динди билген кишилер керек” деп. Системалуу түрдө болбосо дагы ушундай иштер жүргүзүлөт. Египеттен бүтүрүп келгендер деле муфтият системасына, ислам университетине “менин досум, таанышым” деп бири – бирин тартышат. “Уюшумдуу түрдө” деп мен Түркиядан бүтүрүп келгендерди айта алам.

 

-Кыргызстан мусулмандарынын арасында түрдүү исламий жааматтарга бөлүнүүчүлүк бар. Ал жашыруун эмес. Бирок, муфтият бардык исламий жааматтарды бириктирүүчү орган катары функцияны дагы аткарат. Көпчүлүк учурда жааматтарга бөлүнүү сырттан билим алганынын негизинде ишке ашырылып келет. Эми одоно диний сабырсыздыктарга, диний тирешүүлөргө жол койбой, жааматтардын ортосундагы гармониялуу мамилерди кантип жүзөгө ашырса болот?

-Менин оюмча, жааматтардын ортосундагы мамилерди айтуу же аларды бириктирүүнү иштеп чыгуу кыйын. Мисалы, Саудиядан окуп келгендер “биз диндин түптөлгөн негизги жеринен окуп келдик. Эң туура динди биз окуп, динди биз түшүнөбүз” деп өздөрүн айтышы мүмкүн. Египеттен бүтүрүп келгендер “Жок. Биз окуп келген “Аль Азхар” университети дүйнөдөгү эң атактуу университет” деп өздөрүн туура көрүүсү мүмкүн. Түркиядан окуп келгендер болсо “биздин билим дүйнөбий дагы, диний дагы. Кыргызстанга эң жакын типтеги билимди биз алып келдик” деши мүмкүн. Татарстандан окугандар “биздин билим илгертен берки жадидчилик усулу менен окутулат” деши мүмкүн. Пакистандан бүткөндөр “биздики туура. Эң чоң университет. Эң көп студенти бар” деп айтуусу мүмкүн. Аны эми айтуу кыйын. Куранда деле “ар ким өзүнүн билгенин, өзүндөгү нерсени туура деп көрөт” деп айтылат. Ошондуктан, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бардык кадрларды чогултуп, конкурстун негизинде “кадрдык резерв” түзүп, керек болгон учурларда имамдарды же медреслердин мугалимдерин дайындаганда аларды жумушка орнотсо болмок. Тилекке каршы, мындай кадамдарды көрө албай жатабыз.

-Чет мамлекетте окуп, ар кандай диний агымдарга азгырылып кеткендер да жок эмес. Айрым бүтүрүүчүлөрдүн арасында чоочун агымдарга кирип кеткендер кездешкен учурду биз адам факторуна да байланыштырып коебуз. Ошонун негизинде башка Борбор Азия мамлекеттери чет өлкөлөрдөн диний билим алууну өз жарандары үчүн токтотту. Кошуналарыбыздын бул кадамдарын сиз кандай деп баалайт элеңиз?

-Азыр токтоткон кеч болуп калды. Кошуна өлкөлөр өз эгемендигин алган жылдары токтотсо болмок. Эми заманыбыз “интернет заманы” болуп калды. Көпчүлүк азыр он-лайн билим алууга мүмкүнчүлүгү бар. Алардын ишин учурду коё берип, көпчүлүк көйгөйлөр ашкере көрүнүп калгандан кийин “күч методу” менен абалды жөндөөгө болгон аракет деп бааласа болот. Менин оюмча, бул көп деле натыйжасын бербесе керек. Кайра тыюу салган сайын элдердин калоосу күчөшү мүмкүн.

-Кыргызстан өз жарандарын чет өлкөлөргө диний билим алуусун чектөө боюнча чечим кабыл алса туура болобу?

-Азыркы учурда Кыргызстанда мындай тыюу салуу жок. Мисалы, азыр сыртка окуу үчүн кетип жаткандар Дин комиссиясынан уруксат кагаз алып, жок дегенде кабардар кылып жатканын билебиз. Тыюу салып койгонго мамлекеттик механизм жок деп ойлоймун. “Жөн эле турист катары кетип жатам” деп сыртка чыгып, окуп келе берет. Аны эч ким тыя албайт.

-Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын негизги компоненттеринин бири - чет өлкөлөрдөн диний билим алууну иретке салуу болуп саналат. Бул багытта сиз кандай практикалык сунуштарды айта алат элеңиз?

-Биздин “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамда “Кыргызстандын ар бир жараны билим алууга укуктуу” деп жазылып турат. Ушул эле сыңары “диний билим алууга укуктуу” деген түшүнүктү киргизип, анан “жарандарыбызга дин боюнча эмнени үйрөтөбүз? Кантип үйрөтөбүз? Кимдер аркылуу үйрөтөбүз?” деген жагдайга мамлекет көңүл буруусу зарыл. Расмий булактардан билим алып келген, мисалы, теологиялык же шарият илимдеринен диплому бар көп эле кадрлар азыр даяр болуп калды. Ошолор кадрларга мамлекеттүлүктү, анын көз карашын, мыйзамдарын үйрөтүп, диний билим берүү стандарттарын иштеп чыгыш шарт. Диний чөйрө менен мамлекет иштешүүсү керек. Себеби, азыр мектептерге “Ыйман” сабагы, университеттерде факультативдик түрдө диний сабактар кирсин деген талап дагы бар. Элдин мындай талабы сезилип эле турат. Бул муктаждыкты мамлекет камсыздоого милдеттүү болуш керек.

-Жогоруда саналган өлкөлөрдөгү диний окуу жайлар менен билим берүү жана илим министрлиги же дин комиссиясынын ортосунда расмий түрдө келишимдер түзүлүп, анын негизинде чет өлкөлөргө жарандарыбызды чыгарсак жакшыбы? Ал жакта алган билиминин сапатына дагы көңүл бөлүнүүсү керекпи? Деги эле бул жараянды кандай кылып оңдосо болот?

-Биринчиден, Кыргызстандын диний көз карашына, мамлекеттик түзүлүшүнө туура келген бир канча университеттерди, окуу борборлорун тандап алыш керек. Ошолор менен он жылдыкпы, жыйырма жылдыкпы келишим түзүп, апробация кылып, окутуп көрсө болот. Бул кадамды башташ керек. Мамлекеттин эрки болуш зарыл. Мындан коркпош керек. Себеби, дин десе эле баары тескери ойлоп калышат. Дин деген – бул адамдын муктаждыгы. Ар бир окуучу же студент айтпасаң деле интернет булактарынан динди үйрөнүп алуусу мүмкүн. Ошонун туурасын мамлекет үйрөткөнгө акылуу деп ойлоймун.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Смартфон всемогущий. Как корреспондент aif.ru на 5 часов осталась без связи

К 2025 году в "Рудневе" планируется создать свыше 6 тысяч рабочих мест — Собянин

Подмосковная общественная организация инвалидов «Колесница» провела автопробег

СК: в Новой Москве 16-летний подросток в ходе конфликта зарезал домработницу

Музыкальные новости

Инсайдер Карпов: "Спартак" выкупил Станковича у "Ференцвароша" за €200 тыс

Юрист Лебедева: законы о работе онлайн-магазинов в России необходимы уже давно

Россия, Культура, Дети: конкурс на новую эмблему обьявил Театр Ульгэр в Республике Бурятия

Эвелина Блёданс: Солнечная сказка для солнечных детей

Новости России

КПРФ в Мособлдуме поддержала бессрочный статус многодетных семей в Подмосковье

В Мексике детям депутатов прочитали «Дядю Степу»

Неадекватного участника СВО сняли с поезда Челябинск-Москва

В Вологде открылась выставка с прижизненными изданиями Пушкина

Экология в России и мире

Туристов из каких российских городов больше всего любят в Турции и Египте: россиянка поняла, каких русских там больше всего ждут

СЛД «Чита» филиала «Забайкальский» ООО «ЛокоТех-Сервис» пополнило экспозицию выставки «БАМ: наследие для будущего»

Звуковая зубная щетка Revyline RL060 White и зубная паста Revyline Smart заказать в Назрани

Глава Центробанка РФ: "Я вижу в ЦФА большой потенциал"

Спорт в России и мире

Теннисист Медведев может потерять свое место в рейтинге ATP

Свищёв: МОК и ITF не будут реагировать на призывы наказать Хачанова

Азаренко вышла в четвертьфинал турнира WTA-1000 в Риме

Стало известно, при каком условии Медведев может опуститься на 5-е место рейтинга ATP

Moscow.media

Правоохранители проверили бывших мигрантов в Джанкое

Konica Minolta Business Solutions Russia и Facemetric предложат заказчикам решения на базе технологий компьютерного зрения

Азербайджанский мигрант возмутился из-за того, что в Калининграде суд назначил 4,5 года лишения свободы за убийство в ДТП школьницы. Видео

Завершена надвижка моста в Нагатинском затоне











Топ новостей на этот час

Rss.plus






В жилом комплексе Новое Летово в остеклении лоджий используются запатентованные системы алюминиевых профилей

К 2025 году в "Рудневе" планируется создать свыше 6 тысяч рабочих мест — Собянин

Полиция Финляндии заявила о начале расследования масштабной утечки данных

Подмосковная общественная организация инвалидов «Колесница» провела автопробег