Жекшембиде (28-февралда) Казакстандын бир катар шаарларында авторитардык бийлик системасына каршы нааразылык чаралары өткөрүлдү. Алардын көпчүлүгүнө бөгөт коюу үчүн казак полициясы "кеттлинг" ыкмасын колдонуп, жыйындын катышуучуларын чар тарабынан тороп алышты жана айрымдарын четинен кармап кетишти. 28-февралда эки саясий уюм Казакстандын бир нече аймактарында нааразылык чараларын өткөрүүнү пландаган. Алардын бири активист Жанболот Мамай башында турган “Демократиялык партия” түзүү демилгелүү тобу... Читать дальше...
Грузиянын борбору Тбилисидеги парламент имаратынын алдына оппозициянын тарапкерлери жана укук коргоочулар чатырларды тигип, нааразылык акциясын башташты. Өткөн түнү чатырда түнөгөн бир нече активист оппозициячыл “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясынын лидери Ника Мелияны бошотууну талап кылышууда. Аталган партиянын мүчөсү Заал Удумашвили парламент алдындагы чатырлар “режимге каршы күрөштүн бир бөлүгү” экенин билдирди. Полиция демонсттарга каршы эч кандай аракет көрө элек, бирок баш калаанын борбордук... Читать дальше...
Мьянмада полиция 28-февралда аскердик төңкөрүшкө каршы демонстрацияга чыккандарга ок ачып, кеминде 4 адам каза болду. Бир нече адам жаракат алды. Янгондогу мугалимдердин акциясын күч менен кууп таратуу учурунда дагы 1 адам жүрөгү кармап каза болгону кабарланды. Аскердик режимге каршы акциялар өлкөнүн бир нече шаарында өттү. Анда полиция алгач желим окторду колдонсо, кийинчерээк кадимки ок менен демонстранттарды аткылай баштаган. Калкынын көпчүлүк бөлүгү буддизмди тутанган өлкөдөгү биринчи католик... Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясынын мүчөсү, депутат Алмазбек Акматов 57 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркум оорудан улам көз жумганын фракция лидери Алтынбек Сулайманов «Азаттыкка» ырастады. Акматов 1964-жылы Нарын облусунда туулган. 1986-жылы Новосибирскидеги жогорку аскердик окуу жайды аяктаган. 2002-жылы Бишкекте Башкаруу академиясын, 2008-жылы Дипломатиялык академияны бүтүргөн. Акматов президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында эмгектенген. Эмгек жолун 1986-1991-жылдары СССРдин... Читать дальше...
28-февралда Алматыда полиция тынч митингге чогулгандарды курчап алып, эч жакка жылдырбай койду. Казакстанда бир катар шаарларда нааразылык чараларга чыккандар бийликтен реформаларды, саясий туткундарды бошотууну жана “Назарбаевдин мамлекеттик башкаруудан биротоло кетишин” талап кылышты.
28-февралда Киев шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык турнирде Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта мелдеште жеңди. Ал финалда украиналык балбан Илона Прокопевнюкту 9:7 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды. 27-февралда Мээрим Жуманазарова менен Үзүр Жусупбеков алтын байгени алышты. Айпери Медет кызы күмүш, Бекболот Мырзаназар уулу коло байгеге арзыган. Жуманазарова 27-февралда кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг чейинки салмакта килемге чыгып, финалда канадалык Оливия Ди Баккону жеңди (1:1). Грек-рим... Читать дальше...
КР Президенти, Коопсуздук кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго
723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)
Тыныбекова 62 килограмм салмактагылар арасында күч сынашты. Алтын үчүн кармашта украиналык күчтүү балбан менен кез келди.
Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов былтыр октябрда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, казынага 2 млрд сом төгүп берүүгө макул болгон. Кенемтенин болжол менен үчтөн бир бөлүгүн Матраимов 10 кыймылсыз мүлк менен кайтарган. Иликтей келгенде ал батирлердин көбүн экс бажычы мамлекетке өткөрүп берээрдин алдында гана Бишкектен арыдан-бери сатып алганы белгилүү болду.
Шаршенбеков Кыргызстан эгемендик алгандан бери дүйнө чемпионатынан күмүш медаль тагынган экинчи кыргызстандык. Биринчи жолкусун Канат Бегалиев алган.
Казакстандык белгилүү журналист, «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Казис Тогузбаев каза болду. Ал 72 жашта болчу. Тогузбаев 25-январда коронавирус жугузуп алып, ооруканага жатып дарыланып чыккан. Жума күнү өзүн жаман сезген журналист кайрадан ооруканага жаткырылган. 28-февралда эртең менен Казис Тогузбаевдин жүрөгү сокпой калганы белгилүү болду. Запастагы полковник Тогузбаев аскердик кызматын аяктаган соң журналистика, фотокабарчылык менен алектене баштаган. Ал «Сөз», «Азат» деген оппозициячыл басылмаларда иштеген. Читать дальше...
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян тарапкерлерин 1-мартта Еревандагы Республика аянтындагы митингге чакырды. Ал Фейсбуктагы баракчасына “Дүйшөмбүдө 18:30да Республика аянтына митинг жана жүрүшкө чакырам,”-деп жазды. Пашинян мындай чакырыкты өлкө президенти Армен Саркисян Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысын кызматтан алуу боюнча жарлыкка кол коюудан баш тарткан соң жасады. Арменияда массалык нааразылык акциялары өткөн бейшембиде башталган. Ал учурда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы... Читать дальше...
Ош шаарында 28-февралда коррупцияга айыпталып кармалган Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдогон акция өттү. Анын катышуучулары Матраимовду абактан чыгарууну талап кылышты. Акцияда бейөкмөт уюмдардын, "Азаттык" радиосунун, "Клооп" медиасынын ишмердүүлүгүнө каршы пикирлер да айтылды. Жарандык коом митингдеги талаптарды сынга алып, бийлик демократиялык баалуулуктарды коргой алабы деген маселени көтөрүүдө. Уюштуруучулар Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн митингге 15 миңдей киши келгенин билдиришти. Читать дальше...
Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Владимир облусундагы түзөтүү колониясына жеткирилиши мүмкүн. Бирок расмий түрдө бул маалымат ырастала элек. 27-февралда ТАСС агенттиги жеке булагына таянып, Навальный Москвадан 100 чакырым алыстыктагы Покровдогу түрмөгө жеткирилгенин жазып чыкты. Анда саясатчы алгач карантинде болору айтылган. Ага чейин “Ярновости” сайты Алексей Навальный Владимир облусундагы Кольчугино тергөө абагына жеткирилгенин жана жакынкы күндөрү Покров түрмөсүнө которуларын жазган. Читать дальше...
Шайлоочулар жергиликтүү кеңештерге добуш берүү боюнча баштапкы тизмеден өзүн катталган жери боюнча 27-мартка чейин тактай алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, ар бир шайлоочу өзүн тизмеден текшерип, эгер толуктап же өзгөртө турган болсо жергиликтүү шайлоо комиссиясына кайрылышы керек. 11-мартта контролдук, ал эми 1-апрелге чейин акыркы тизме түзүлөт. 11-апрелде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешке шайлоо болот. Шайлоочулардын жалпы саны 3 миллион 304 миң 485 адам... Читать дальше...
Өткөн жумада Орусиядан чыккан бир катар гезиттер Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Москвага жасаган сапары тууралуу жазышты. Акыркы күндөрдөгү дүйнө басылмаларына баянды сунуштайбыз. «Коммерсантъ» 26-февралдагы санында кыргыз делегациясы эки күндүк сапардан куру кетпегенин, Москва товарларды маркировка кылчу системаны түзүү үчүн 623 миллион рубль бөлгөнүн маалымдады. Андан тышкары орусиялык инвесторлор бир катар долбоорлорго тартылары, бул Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмүн эске алганда өтө маанилүү экенин... Читать дальше...
Казакстандын бир нече шаарларында күндүн суугуна карабай оппозиция нааразычылык акцияларына чыгышты. Полиция акциянын айрым катышуучуларын курчоого алып, кармап турат.
Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларында былтыр тергөө абагында табышмактуу жагдайда каза болгон активист Дулат Агадилди эскерүү митингин полиция бекем курчоого алып, ороп турат. Кеттлинг деп аталган мындай ыкманы казак полициясы акыркы митингдерге колдонуп, суукка карабай митингчилерди бир нече сааттап курчап турчу болду. Нур-Султанда митингдин катышуучулары Агадилге арнап куран окуп бүтөрү менен полициячылар курчап калды. Учурда акцияга катышкан 13 адам күч кызматкерлеринин курчоосунда турат. Читать дальше...
Ошто Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапкерлеринин тынч акциясы аяктады. Шаардын борбордук аянтында өткөн акциянын уюштуруучулары өздөрү ага 15 миңдей адам чогулганын, ал эми көз каранды эмес байкоочулар 5 миңдей адам болгонун айтышты. Милиция бул митингге катышкандардын саны тууралуу азырынча маалымат бере элек. Чогулгандар Матраимовду колдоп, аны абактан чыгарууну талап кылышты. Митингге катышкандар арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, 2020-жылдагы... Читать дальше...
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө коомчулукта талкуу болуп жаткан балага эненин ысмын ыйгаруу тууралуу кеп курдук. Мамлекеттик каттоо кызматы активист Алтын Капалованын балдарына документ берген кызматкер кемчилик кетиргенин, ал жоопкерчиликке тартыларын билдирген. Эми ал кадамынын мыйзамдуулугун текшерүү максатында Каттоо кызматы сотко кайрылып отурат.
Кечээ Абсолюттук мушкерлер уюмунун кезектеги беттеши өтүп, кеченин башкы беттешинде франциялык Сирил Ган суринамдык Жаирзиньо Розенструйкту утту.
Румыния 27-февралда COVID-19 илдетине каршы “AstraZeneca” компаниясы өндүргөн вакциналардын биринчи партиясын Молдовага жеткирди. Эмдөө затына жетүү үчүн дүйнөлүк жүрүмдө далаалат жасап жаткан жакыр өлкөлөрдүн бири болгон Молдова бийлиги 3,5 миллион калкы үчүн кайрымдуулук каражаттарын жиберген Бухарестке алкыш айтты. 2020-жылы декабрь айында Румыниянын президенти Клаус Йоханнис Кишинёвго болгон иш сапары учурунда Европа Биримдиг бөлгөн квотадан 200 миң вакцина дозасын Молдовага жөнөтүүгө убада кылган. Читать дальше...
Казакстандын Уральск шаарында бүгүн, 28-февралда бийликтен саясий реформаларды жүргүзүүнү жана саясий туткун деген адамдарды бошотууну талап кылган акция өтүп жатат. “Азаттык” радиосунун казак кызматынын маалыматына караганда, акция аянтка 350дөй адам чогулду. Алар “18 миллион калкы бар өлкөдө бир гана адам башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу туура эмес экенин” айтып, бийликтин алмашуусу, акимдерди шайлоо аркылуу тандалуусу керектигин белгилеп жатышат. Казакстанда жекшемби күнү жер-жерлерде нааразылык акциялары өтөрү жарыяланып... Читать дальше...
Эгер чатакташкандардын арасында спортчулар менен машыктыруучулар бар экени далилденип калса, катуу чара көрүлөрү айтылды.
АКШнын дары-дармектерди көзөмөлдөөчү мекемеси 27-февралда "Жонсон & Жонсон" (J&J) компаниясынын бир дозалуу COVID-19 вакцинасын чукул кырдаалда колдонуу үчүн жактырды. Ошентип, АКШда коронавируска каршы үчүнчү вакцина чыкты. Соңку кадам өлкөдөгү эмдөө жүрүмүн тездетүүгө жардам берет жана бул вакцина дүйнө жүзү боюнча кошумча ырастоолорго ээ болот деген үмүттү арттырат. Президент Жо Байден бул "кубанычтуу" жаңылыкты кубаттады, бирок америкалыктарды ден соолук протоколдорун сактоого үндөдү. Читать дальше...