Президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген 21 жаран Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) шайлоочулардын колу коюлган баракчаларды тапшырды. Алардын ичинен бирөө жетиштүү кол топтой алган жок жана шайлоо күрөөсүн да төккөн эмес. 2021-жылдын 10-январына белгиленген мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо Кыргызстанда айрым жаңы эрежелер жана саясий кырдаал курчуп турган маалда өткөнү жатат. Орто жолдон артка кайткандар Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 3-декабрда президенттикке талапкер болуу... Читать дальше...
Казакстан 22-декабрдан тартып Орусиянын коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын жасай баштайт. Бул тууралуу Ак ордонун басма сөз кызматы президент Касым-Жомарт Токаев менен премьер-министр Аскар Маминдин жолугушуусунан кийин жарыялады. Ага ылайык, алгач ушул айда эки миллион доза вакцина даярдалат. Токаевдин басма сөз кызматы өлкөдө келерки жылдын башынан тартып жапырт эмдөө башталарын билдирди. Вакцинаны биринчи кезекте калктын аялуу катмарынын өкүлдөрү, дарыгерлер, мугалимдер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери алат. Читать дальше...
Грузияда Борбордук шайлоо комиссия парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы парламенттеги 150 орундун 90нун алды. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тарткан. Грузияда парламенттик шайлоо 31-октябрда өткөн. Бийликтин оппоненттери шайлоо олуттуу мыйзам бузуу менен коштолгонун айтып, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып нааразылык акцияларын өткөргөн. Калган 60 мандат оппозициячыл маанайдагы сегиз партияга тийди... Читать дальше...
Кыргызстанда дээрлик эки айдан бери ишсиз отурган 5 миңге жакын тоо-кенчи жана металлург өкмөттөн ишти улантууга кепилдик күтүп жатат. Бул тууралуу 4-декабрда «Азаттыкка» Тоо-кен металлургия кесиптик бирлигинин төрагасынын орун басары Алмазбек Жакыпов билдирди. Жакыповдун айтымында, өлкөдө тоо-кен тармагында 15-20 чакты ишкана бар, алардын 5-6сынын иши быйылкы октябрь окуяларынан бери токтоп турат жана мамлекеттик бюджетке бир эле «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасынан 1,5 миллион доллар түшпөй калды. Читать дальше...
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев Борбор Азиядан Кытайга өтчү газ куурунун курулушуна байланыштуу долбоорду ишке ашырууга багытталган «сырдуу схеманын» эсебинен он миллион доллар тапканын британиялык Financial Times басылмасы жазды.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде ”Жаңыртуу" жана "Чексиз мүмкүнчүлүктөр мектеби" фонду уюштурган өзгөчө балдардын кол эмгегине таандык “Жердеги жылдыздар” аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат.
Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү кыргызстандык юристтер, жарандык активисттер «Өнүгүүнүн башкы жолу – МЫЙЗАМДУУЛУК!» - деген аталышта акция өткөрүп, видеокайрылуу жасашты.
3-декабрда Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда карады. Бирок жыйынга 30дан ашык гана депутат катышкандыктан, документти добушка коюу үчүн кворум болбой калды.
Ингуш балбаны Бабули Цолоев менен осетиялык Алан Багаев чейрек финалда кезиккен. Күрөш башталбай жатып бокска айланган.
Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Кыргызстанда коронавирус күчөп турган маалда Кытайдан келген күмөндүү дарылар таратылганын ачыкка чыгарды. Өкмөт өкүлү препараттар сыноодон өтпөгөнүн кабарлап, ага жооптууларды айыптады. Саламаттык сактоо министрлиги кеп болгон каражаттар гуманитардык жардам катары келгени үчүн бейтаптарга кошумча берилгенин билдирүүдө. Бул жагдай аталган тармактагы саясатты кайрадан талкууга чыгарды. Кытай дарысынан чыккан сөз Дарыга байланыштуу маселени вице-премьер-министр... Читать дальше...
Улуу Британияда фанаттардын футболдук беттештерди стадиондон көргөн учуру март айынан бери биринчи ирет болуп жатат.
Sportsnet басылмасы 2000-жылдан азыркыга чейин киргизилген 140 миң голдун ичинен 32 финалистти тандаса, анын мыктысын хоккей ышкыбоздору социалдык тармактардагы сурамжылоо аркылуу аныкташкан.
АКШ бийлиги КЭРдин Шинжаң-Уйгур автоном районундагы (ШУАР) жарым-жартылай аскердик тартипте иштеген "Шинжаң өндүрүш жана курулуш корпусу" деп аталган мекеме менен байланышы бар компаниялардын пахтасын жана андан жасалган товарларын өлкөгө импорттоого тыюу салды. Сөз болгон жарым-жартылай аскердик бөлүк - Кытайдагы ири пахта өндүрүүчү мекеме болуп саналат. АКШнын Бажы жана чек араны коргоо мекемеси 2-декабрда андай компаниялардын жүгү кемелерден конфискациялана тургандыгын билдирди. Мекеме жетекчиси Марк Моргандын айтымында... Читать дальше...
Мындан туура 40 жыл мурун, 1980-жылдын 4-декабрында Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибраимовду Чолпон-Атадагы резиденциядан атып кетишкен. Кылмыштын бети ачылганы ошол кезде расмий жарыяланганы менен ал иште көптөгөн суроолор алигиче жоопсуз кала берүүдө.