«Эл үнү» программасына өзгөчө абалда ишсиз калып, жашоого каражат жок болгондуктан кандай жардам же жеңилдик берилет деген суроолор көп келет. Бишкектеги бейтапкананын коронавирус жуктурган медайымынын жакындарынын да кайрылуусун уктук.
«Азаттыктын» кабарчысы, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов 29-апрелде 44 жашында дүйнөдөн кайтты. Акындын артында жубайы, эки уул, эки кызы калды.
Кыргызга аттын кашкасындай таанымал акын, «Азаттык» радиосунун кабарчысы Зайырбек Ажыматов 44 жашында дүйнөдөн кайтты. Видео 2015-жылы тартылган. Анда Зайырбек Ажыматов Алыкул Осмоновдун ырын окуган.
«Азаттыктын» кабарчысы, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов 29-апрелде 44 жашында дүйнөдөн кайтты. Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. «Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) жана «Жүрөктөгү бороон» (2019-жыл) ыр жыйнактарынын автору. Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап... Читать дальше...
Кыргызга аттын кашкасындай таанымал акын, «Азаттык» радиосунун кабарчысы Зайырбек Ажыматов 44 жашында дүйнөдөн кайтты.
Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосун иштеп чыкты. Ага ылайык, ишкана жана ар кандай уюмдар 3 баскыч менен кыймылга келе баштайт.
Сириянын Африн шаарында бомба жарылуусунан кеминде 40 киши өлдү. Орусияда коронавирус таралуусу туу чокусуна жете элек. Казакстан орус-казак чек арасындагы кыргызстандыктарды мекенге өткөрүүгө даяр.
Кыргыз өкмөтү бажы тармагындагы коррупциялык схемалар ачыкка чыккан журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган «Абу-Сахий» компаниясынан жардам алды.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-апрелде экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин жана мурдагы судья Анар Дубанбаеванын бөгөт чарасын карап, экөөнүн тең камактагы мөөнөтүн 3-июлга чейин узартты. Бул тууралуу «Азаттыкка» райондук соттун өкүлү Айзада Момунова билдирди. Биринчи май райондук соту быйыл 5-мартта «бийликти басып алууга аракеттенген» деп шек саналып жаткан Осмоналиев менен Дубанбаеваны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө жайына камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Читать дальше...
Ош шаарынын казынасына алдын-ала божомолдор боюнча март, апрель, май айларында 150 млн. сом түшпөй калышы күтүлүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» мэриянын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Талант Кайымов билдирди. «Азыр тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз. 1-майдан тартып ишканаларды ишке киргизели деп жатабыз. Кээ бир ишканаларды 10-20-майдан баштап иштетебиз. Ошонун негизинде бюджет кайрадан иштелип чыгат. Июнь айында шаардык кеңешке (бюджетти кайрадан кароону) сунуш кылалы деп мэр менен макулдаштык», - деди Кайымов. Читать дальше...
Кыргыз бийлиги өзгөчө абалда иштеген медицина кызматкерлерине төлөгөн кошумча 35 миллион сомду дарыгерлер толук алган жок.
Айпери Кудайбергенова - Бишкектеги президенттин жана өкмөттүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасынын медайымы. Былтыр кышта Эл артисти Элмирбек Иманалиев да ушул жерде дарыланып жатканда Айпериге "өнөрүңдү өркүндөтүп, өз кесибиңди таштабай аркала" деп акыл айткан. Ак таңдай акын медайым тууралуу “Азаттык” радиосуна атайын сюжет тарттырууга да убада берген. “Азаттык” акындын бул керээзин аткарып, Айпериге барып жолукту.
Кыргызстанда коронавирус илдетине кабылган 729 адамдын 191и медицина кызматкерлери. Алардын илдетке чалдыгуусунун негизги себеби - убагында зарыл болгон коргонуучу кийим-кече жана башка каражаттар менен камсыз болбогону. Бул тууралуу «Ата Журт» саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго жазган кайрылуусунда билдирген. «Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) быйыл жыл башында эле бул илдеттин алдын алууну бардык мамлекеттерге эскерткен. Читать дальше...
Британ премьер-министри Борис Жонсондун аялы Кэрри Саймондс Лондондо 29-апрелде көз жарып, уулдуу болушту. Премьердин кеңсеси эне-баланын саламаттыгы жакшы экенин билдирди. Айрым маалымат каражаттары бала мөөнөтүнөн эрте төрөлгөнүн жазышты. 55 жаштагы Борис Жонсон 32 жаштагы Кэрри Саймонд менен баш кошорун ушул жылдын февраль айында жарыялаган жана колуктусу кош бойлуу экенин билдирген. Жонсон ушул дүйшөмбү күнү коронавирус менен катуу ооруп айыккандан кийин жумушка чыккан. Ал бул илдетти бир айдай мурун жугузуп алган. Читать дальше...
Бишкек шаарынын негизделгенине 142 жыл болду. Калаа 1878-жылы Пишпек болуп түптөлүп, 1926-жылы Фрунзе деп өзгөртүлгөн. 1991-жылы Кыргызстан СССРден бөлүнүп, эгемендик алган соң Бишкек деп аталган.
Жакында эле Орусиядагы таанымал алып баруучу Регина Тодоренко үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар тууралуу билдирүү жасап коомдун сынына кабылды.
Кошмо Штаттарда коронавируска чалдыккандардын саны 1 миллиондон ашты. Европанын бир катар өлкөлөрүн улай Франция карантин чараларын жумшартуу жолдорун караштыра баштады.
30-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 15…20; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11…16, күндүз 19…24; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19; Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20 болот. Читать дальше...
Коронавирус пандемиясы дүйнөдө маалымат технологиясынын маанисин арттырды. Учурда дүйнө лидерлери онлайн режимда мамлекеттерди башкарып жаткан маал. Мындай шартта Кыргызстан эмнелерге көңүл бурушу керек? Бул мүмкүнчүлүктөн кантип пайдалана алат?
Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун жактоочулары анын тергөө абагында сабалганы тууралуу арызына Башкы прокуратурадан жооп ала элек. Бул тууралуу 29-апрелде «Азаттыкка» адвокаты Назгүл Сүйүнбаева билдирди. Анын айтымында, Кимсановдун денесиндеги көгала тартылган сүрөт тиркелген арыз башкы көзөмөл органына 10-апрелде электрондук дарек аркылуу жөнөтүлгөн. Ал арыз кабыл алынганы тууралуу жооп келген. Сүйүнбаева денедеги так көпкө кармалбай турганын белгилеп, абактагы... Читать дальше...
Түркмөн бийлиги өлкөнүн экинчи ири шаары Түркмөнабаддын четинде карантинде турган жүздөгөн жарандарды алыскы райондордун бейтапканаларга жеткирип салды. Бул Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) адистери келерде жасалды. «Азаттыктын» түркмөн кызматы 400дөн ашык адам райондук ооруканалардын бирине жана психиатриялык клиникага жайгаштырылганын жазды. «Түркмөнстан хроникасы» сайты өлкө бийлиги коронавирус жугузуп алган жарандар бар экенин жашыруу максатында ушундай чечим кабыл алганын билдирген. Читать дальше...
Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинен баштап Түркияда беткаптарды сатууга тыюу салынган. Жергиликтүүлөр өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен келген атайын код менен дарыканалардан жумасына беш беткапты акысыз алышат.
Москва шаарынын жетекчилиги өпкөнү сезгенткен илдетти жугузуп алгандарды дарылаш үчүн 10 миң керебети бар убактылуу ооруканаларды даярдайт. Бул тууралуу мэр Сергей Собянин «Вконтакте» социалдык тармагындагы баракчасына жазды. Мунун алдында айрым маалымат каражаттары убактылуу госпиталдар айрым коммерциялык объектилерде даярдаларын, алардын арасында ВДНХ, «Москва» соода-жармаңке комплекси өңдүү жайлар бар экенин жазышкан. Орусияда коронавирус жугузуп алгандар 100 миңге жакындап калды, илдет 900дөн ашык адамдын өмүрүн кыйды. Читать дальше...
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери «жалган маалымат таратты» деген негизде кызматынан алынды.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот 6-майга которулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын айтымында, буга карантиндик чектөөлөргө байланыштуу айрым адвокаттар сотко келе албай калганы себеп болду. Соттолуучулардын бири, мурдагы президент, УКМКнын тергөө абагында отурган Алмазбек Атамбаев буга чейинки бир нече отурумга барбагандыктан жараяндар улам башка күнгө калтырылып келген. Бүгүнкү отурумга ал УКМКнын эки медицина кызматкеринин коштоосунда барды. Читать дальше...