Белград соту белгилүү футболчу Александару Прийовичти үч айга үй камагына кести. Ал 4-апрелде пандемияга каршы күрөшүү максатында киргизилген коменданттык сааттын эрежелерин бузганы үчүн күнөөлүү деп табылды. Сауд Арабиясынын «Аль Иттихад» футбол клубунун чабуулчусу мейманкананын залында кечки бештен кийин достору менен отурганы үчүн кармалган. Ага чейин «Реал» клубунун оюнчусу Лука Йович ушундай эле жүйө менен кармалган. Сербияда кечки бештен таңкы бешке чейин коменданттык саат киргизилген. Читать дальше...
Пакистанда өткөн айда коронавирус пандемиясына карабай Лахор шаарындагы диний жыйынга чогулган 20 миң адам карантинге алынды. Дагы оң миңдеген адамдар изделип жатканын бийлик кабарлады. Жыйындын уюштуруучуларынын айтымында, “Таблиги жамаат» кыймылынын иш-чарасына 100 миңден ашуун адам катышкан. 10-12-март күндөрү өткөн жыйынга катышкандар Пакистандын ичине жана чет жактарга коронавирусту жайылтышы мүмкүн деген кооптонуудан улам бийлик алардын баарын обсервацияга алууну чечти. 11 миллион калкы бар Лахор шаарында жети миңдей киши... Читать дальше...
Жапониянын Саламаттык сактоо министрлиги 5-апрелде Токиодо коронавирусту жуктургандардын саны кескин көбөйүп кеткенин билдирди. Ишембиде 130 жаңы учур катталып, 13 миллион калкы бар баш калаада жалпысынан бул илдетке кабылгандардын саны миңге жетти. Жалпы өлкө боюнча COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 3100дөн ашканына байланыштуу Жапонияда өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чакырыктары да айтылууда. Коронавируска чалдыккандардын саны Сингапурда да соңку бир сутка ичинде кескин жогорулап кетти. Читать дальше...
Түштүк Судандын вице-президенти Риек Макар 5-апрелде өлкөдө коронавирус жуктуруп алган алгачкы адам катталганын билдирди. Анын айтымында, эки ай мурда Эфиопиядан келген 29 жаштагы аялда COVID-19 илдети аныкталган. Түштүк Судан - дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттердин бири. Африкадагы 54 мамлекеттин көбүндө коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында ар кандай деңгээлдеги чектөөлөр киргизилген. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Африка боюнча өкүлү Ахунна Эзиаконва илдеттин жайылышы көзөмөлдөн чыгып кетсе... Читать дальше...
“Азаттык” радиосунун Инстаграм баракчасына чет жактагы мигранттардан да көп сандагы кайрылуулар келип түштү. Алардын айрымдарына орун беребиз.
Саламаттык сактоо министрлиги Сузакта пневмониядан каза болгон дарыгер жөнүндө маалымат таратты. Ал маалыматка ылайык, 31-мартта Сузактагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 64 жаштагы психиатр дарыгери райондук ооруканага дем алуусу кескин начарлап, пневмония диагнозу менен түшкөн. Анын абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бейтап былтыр декабрь айында ооруп, үй шартында дарыланганы белгилүү болгон. Министрликтин маалыматына ылайык, дарыгер коронавируска байланыштуу эч кандай жумушка тартылган эмес. Читать дальше...
Кытайда укук коргоочу Ван Цюанчжаң төрт жыл абакта отурган соң эркиндикке чыкканын анын аялы билдирди. Бирок Ли Вэньцзю укук коргоочуга коронавируска байланыштуу кырдаалды шылтоолоп Бээжиндеги үй-бүлөсүнө барууга уруксат бербей коюшат деп кооптонууда. 42 жаштагы Ван 2015-жылы Кытайда 200дөй адвокат жана адам укуктары боюнча иш алып барган активисттер менен кошо кармалган. Ван "Fengrui" аттуу юридикалык фирманын мүчөсү болчу. Бул компания Коммунисттик партияны сындагандардын укуктарын коргоп келгени менен белгилүү. Читать дальше...
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылында 16 жаштагы окуучу 27-мартта айылдаштары менен көлдүн жээгиндеги эс алуучу жайлардын бирине барышкан. Ал өзүнчө кетип ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Куткаруучулар 10 күндөн бери издеп жүрүп, "Марко Поло" пансионатына жакын жердеги суудан табышкан. Баланын сөөгү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. (KS)
Орусия пандемияга байланыштуу чет жактардан чыга албай калган он миңдеген жарандарын эвакуциялоону убактылуу токтотту. Мындай кадамга Москва чет өлкөлөрдөн вирустун алып келинишин чектөө максатында барганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Вице-премьер-министр Татьяна Голикова 4-апрелде өкмөт чет жактагы орусиялыктарды алып келүүнү жакшылап пландаштыруу үчүн тыныгуу алганын билдирди. Ал 6-апрелден тарта чет өлкөлөрдөгү жарандарды кайтаруунун жаңы жадыбалы түзүлөрүн убада кылды. Орусиянын... Читать дальше...
Орусиядагы айрым кыргыз диаспоралары Самара, Тольятти шаарларында окуган студенттерге азык-түлүк жеткирип беришти. Москвада ишкер кыргызстандыктар ара жолдо калган мекендештерин убактылуу мейманканага жайгаштырып, жардам берип жатышат.
Президент Дональд Трамп Вашингтон Американын мунай тармагын коргоо үчүн чийки мунайдын импортуна салык киргизиши мүмкүн экенин 5-апрелде билдирди. Ал мындай кадамга АКШ эгер Орусия менен Сауд Арабиясы кара май өндүрүүнүн көлөмүн кыскартуу боюнча мунаса таппай, дүйнөлүк баа кескин түшүп кеткен шартта барышы ыктымал экенин кошумчалады. Ошол эле маалда мунай өндүрүүчү тармактын өкүлдөрү Трампка салык салбоону суранган кат менен кайрылышты. Алардын эсебинде мындай кадам кара майга болгон баанын жогорулашына алып келет. Читать дальше...
Ош шаарынын жана Кара-Суу, Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов азык-түлүк, тамак-аш азыктарын жер-жерлерге жеткирип жаткан ишкерлерге алардын баасын кымбаттатпоого чакырды. Ошондой эле ал колунда бар адамдарды соопчулук жасоого үндөдү. “Эл кыйналып турганда өз баасына бергенге аракет кылгыла. Ушундай абалда элге кол суналы. Азыр “мен патриотмун” деп кыйкырган эмес, элге жардам берген адам чыныгы мекенчил болот”, - деди Оштун коменданты. Кыргызстанда Бишкек баштаган бир нече аймактарда... Читать дальше...
Сербия полициясы коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында киргизилген коменданттык саатты бузганы үчүн белгилүү футболчу Александр Прийович кармалганын билдирди. Улуттук полициянын башчысы Владимир Ребичтин айтымында, футболчу беш адам менен мейманканада кечки саат бештен кийин чогулуп отурушкан. Полиция алар отурган мейманкана да жоопко тартыларын, анткени бул маалда ичимдик же тамак сатууга тыюу салынганын кошумчалады. Сербияда кечки бештен таңкы бешке чейин коменданттык саат киргизилген. Читать дальше...
Москванын «Шереметьево» аэропортунан Кыргызстанга уча албай жаткан мекендештердин кайрылуусу. Видео кайрылуу "Азаттык" радиосунун "Эл үнү" программасына 4-апрелде келген.
Түркмөнстандын Мары аймагында отуз чакты аял ун жана өсүмдүк майынын тартыштыгына байланыштуу нааразылык акциясына чыгып, Ашхабадга барчу жолду тосуп, көп өтпөй жергиликтүү администрацияны көздөй жөнөштү. Аларга жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү чыгып акциянын ар бир катышуучусуна эки кило ун убада кылды. Түркмөнстанда үч жылдан бери азык-түлүк тартыш. Коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөр каатчылыкты ого бетер күчөттү. Илдеттин жайылышынан улам өлкөдө чек аралар жабылып, сырттан товар импорттоого тыюу салынган. Читать дальше...
Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен пандемиянын кесепеттерин жоюу үчүн шаркетке жаңы «Маршалл планы» керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал "Welt am Sonntag" басылмасындагы автордук колонкасына жазды. «Келечектеги апааттын алдын алуу үчүн азыр миллиарддаган евро инвестициялаш керек”,-деп жазды фон дер Ляйен. Ал ошондой эле пандемиянын кесепеттерин жоюуга салынган чоң финансы каражаттары «муундарды байланыштырып», Евробиримдиктин ынтымагын бекемдейт деген ишеничте экенин билдирди. Еврокомиссиянын... Читать дальше...
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 18-марттан 28-мартка чейин жети бала жанын кыйган. Милиция бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлады. ИИМдин маалыматына ылайык, 12-16 жаштагы жети баланын экөө Тоң районунан, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Ак-Суу райондорунан бирден жана Чүйдүн Ысык-Ата районунан эки бала өз жанын кыйган. Өмүрүнө кол салган өспүрүмдөр атасы же апасы жок үй-бүлөдө өскөн. Айрымдарынын ата-энеси миграцияда жүрөт. Читать дальше...
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп өлкөдө коронавирустан көз жумгандар көбөйүшү ыктымал экенин эскертип, жаңы илдетке каршы күрөшкө көп сандагы аскерлер тартыларын кошумчалады. «Тилекке каршы, алдыдагы эки жумада адам өлүмү көп катталат»,-деди Трамп 4-апрелде Ак үйдөгү брифингде. Ал Нью-Йорк жана Луизиана сыяктуу штаттар баарынан көп жабыркарын кошумчалады. АКШ президентинин айтымында, учурда бийлик ар бир штат канча санда өпкөнү жасалма деп алдыруучу аппаратка жана башка тийиштүү каражаттарга муктаж экенин тактап жатат. Читать дальше...
Пандемияга байланыштуу дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде футбол боюнча мелдештер токтотулганына карабастан Тажикстандын футбол лигасы 4-апрелде жаңы сезонду баштады. Тажик бийлигинин уруксаты менен сезондун ачылышында Душанбенин Истиклол жана Хужанд командалары ойношту. Мелдешке күйөрмандар киргизилген жок. Тогуз миллион калкы бар коңшу мамлекетте коронавируска чалдыккандар каттала элек. Байкоочулар бийлик бул боюнча маалыматтарды жашырып жатат деп күмөн санашууда. Ушул тапта кесипкөй футбол таймаштары Тажикстандан башка Беларус... Читать дальше...
4-апрелде Ош жана Жалал-Абад облустарына барган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана аны коштоп жүргөн 12 кызматкер коронавирус инфекциясына экспресс-тест тапшырды. Алардын эч кимисинен вирус табылган жок. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Премьер-министри өзү жана делегациянын мүчөлөрү үч күнгө үй карантинине жиберилди. Ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү аракеттерди координациялоо боюнча ыкчам штабга тартылган өкмөт аппаратынын кызматкерлери да экспресс-тесттен өттү. Читать дальше...
6-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 16...21, Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24, Ысык-Көл жана Нарын дубандарында түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6...-11,... Читать дальше...
4-апрелде Ош облусунун Ноокат районундагы ооруканада COVID-19 вирусу аныкталган 80 жаштагы бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Министрлик чет өлкөдөн келген бейтапка тийиштүү бардык медициналык жардам көрсөтүлгөнүн маалымдады. Бирок анын ден соолугу кескин начарлап, жүрөгү кармап каза болду. Буга чейин коронавируска чалдыккан бир бейтап көз жумган. 5-апрелде өлкө аймагында дагы үч адамга коронавирус жукканы аныкталды. СOVID-19 вирусуна чадыккандар 147 адамга жетти. Читать дальше...
Москвада коронавирустан дарылоочу оорукананын курулушунда 40 жаштагы кыргызстандык каза болгонун Нурбек Абдрахманов «Азаттыкка» кабарлады. Курулушта иштеген Абдрахмановдун айтымында, 5-апрелдин таңында мигранттар жашаган чатырда өрт чыгып, бир адам тышка чыга албай калган. Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова элчиликтин кызматкерлери кырсык болгон жерге чыгып кетишкенин билдирди. Буга чейин 30-мартта жумушчулар жашаган жети чатырда өрт чыгып, иштегендердин кийим-кечеси... Читать дальше...
Россиялык мушкер соңку кармашында америкалык Дастин Порьени уткандан кийин эң көп делген 6 миллион доллар гонорар алган.