"Инстаграмдагы" @azattyk.kg баракчасы аркылуу кичинекей досторго кайрылып, карантинди кандай өткөрүп жатканын сурап, тарткан сүрөттөрүн бизге жөнөтүүнү өтүнгөнбүз. Бир жума ичинде 30 сүрөт келип түштү. Аларды чогуу көрөлү.
Пакистандын эң чоң Пенжаб провинциясында медицина кызматкерлери иш ташташты. Алар коронавируска каршы күрөшкөндөргө берилген коргоо кийимдеринин сапаты начар экени айтып жатышат. Сапатсыз жабдуунун айынан COVID-19 илдетине чалдыккан медиктер көбөйүп жатканын Жаш дарыгерлер ассоциациясынын Пенжабдагы жетекчиси, акцияны уюштуруучулардын бири Салман Хасиб Чодри 26-апрелде билдирди. Анын айтымында акыркы 24 саатта Пакистанда 100 медицина кызматкери коронавирус жуктурганы аныкталган. Расмий маалыматка ылайык... Читать дальше...
"Азаттыктын" Бишкек-Прага-Вашингтон видео-маеги. Алып баруучу Венера Сагындык кызы.
Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун баш-аягы сегиз кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаардык мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова билдирди. Анын сөзүнө караганда, аталган борборду карантинге жабуу маселеси азыр бир жаңсыл болуп чечиле элек. «Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча вирус алты кызматкерден чыкты. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борбору бизге сегиз киши деп маалымат берди. Читать дальше...
Испанияда жекшембиден тартып 14 жашка чейинки балдардын көчөгө чыгуусуна уруксат берилди. Эрежеге ылайык, балдар эртең мененки 9дан кечки 9га чейинки аралыкта бир саат гана сыртта жүрө алышат. Анда да үйүнөн бир чакырымдан алыс кетпеши керек, беткапчан жүрүүсү шарт. Өлкө боюнча 14-мартта катаал карантин жарыяланып, жарандар үйдө отурууга аргасыз болушту. Испанияда бир сутка ичинде коронавирустан өлгөндөр марттын аягы, апрелдин башында көп болгон. 2-апрелде бир күндө 961 адам өлгөнү кабарланган. Читать дальше...
"Google" компаниясы Өзбекстандын казынасына 85 миң евро кошумча нарк салыгын төлөдү. Бул быйылкы жылдын биринчи кварталы үчүн төлөм экенин өлкөнүн Салык кызматы билдирди. 2020-жылдан тартып күчүнө кирген Салык кодексине ылайык, Өзбекстанда санарип кызмат көрсөткөн компаниялардан төлөмдөр алынышы керек. Ушул тапта "Гугл", "Нетфликс", "Самсунг" баштаган тогуз чет өлкөлүк компания салык төлөөчү катары каттоодон өткөн. “Гугл салык” деп аталып жүргөн төлөм Орусияда 2016-жылдан бери иштеп келет. Интернет тейлөөнүн бардык түрү ... Читать дальше...
“Эл үнүнө” бул жолу “Азаттык” радиосунун "Инстаграмдагы" баракчасына келген кайрылуулар жарыяланды.
“Эл үнүнө” бул жолу “Азаттык” радиосунун "Инстаграмдагы" баракчасына келген кайрылуулар жарыяланды.
Ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев карантин бүткөндөн кийин биринчи болуп ишке кирчү ишкерликтин түрлөрү жазылган маалымат фейк экенин билдирди. Социалдык тармактарда 1-5-май күндөрү чарбалык буюмдар сатылган дүкөндөр, техникалык тейлөө, автоунаа жуучу жайлар жана чач тарачтар менен сулуулук салондору иштей баштары жазылган сүрөттөр тарап жатат. Ошол эле баракта 6-10-майда күрөөканалар, чакан насыя берүүчү компаниялар, 11-15-май күндөрү ашкана, кафелер, жатаканалар ишин жандантары көрсөтүлгөн. Читать дальше...
26-апрелде «Fly Dubai» авиакомпаниясынын «Дубай-Бишкек» каттамы менен Кыргызстандын 178 жараны өлкөгө келди. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады. Алар обсервацияга алынганы, кайсы жерге жайгаштырылганы тууралуу маалымат берилген жок. Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы башкы консулу Айбек Маматбеков үйүнө кайтууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 3-10-майда Дубай-Бишкек чартердик каттамы менен дагы эки рейс уюштуруларын билдирген. Баш-аягы Кыргызстанга дагы 280ге жакын киши келет деп божомолдонууда. Читать дальше...
26-апрелдеги маалыматка караганда Орусияда акыркы 24 саатта коронавирусту 6360 адам жуктурду. Бул - суткалык эң жогорку көрсөткүч. Жалпы COVID-19 илдетине чалдыккандар 81 миңге жакындады. Алардын 681и көз жумса, айыгып чыккандар 6 миңден ашты. Жаңы вирусту жуктургандардын арасында өлкө парламенти – Мамлекеттик Думанын эки депутаты Дмитрий Новиков менен Леонид Калашников бар. Бир нече кыргызстандык мигрант да “Азаттыктын” кабарчылары менен байланышып, COVID-19 илдетинен жабыркап жатканын айтышты. Читать дальше...
АКШнын президенти Дональд Трамп жана Орусиянын президенти Владимир Путин Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда советтик жана америкалык аскерлердин жолугушуусунун 75 жылдыгына карата орток билдирүү жасашты. Анда миллиондогон жоокерлер жана жайкын адамдар согуш курмандыгы болгону, аял-эркек дебей оорукта эмгектенгендердин салымы баса белгиленген. “Эльбанын духу” канткенде биздин өлкөлөр карама-каршылыкты четке жылдырып, ишеним жаратып, жалпы максат үчүн кызматташа аларына үлгү”, – деп белгиленет билдирүүдө. Читать дальше...
COVID-19 илдетинен айыккан Британиянын премьер-министри Борис Жонсон дүйшөмбүдө жумушка чыгары расмий кабарланды. 52 жаштагы Жонсон коронавирус жугузуп алганы 27-мартта белгилүү болгон. 6-апрелде ал Лондондогу «Сент Томас» ооруканасына жаткырылып, эртеси күнү реанимацияга которулуп, дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. 9-апрелде реанимация бөлүмүнөн кайра кадимки палатага которулуп. үч күндөн кийин ооруканадан чыккан. Анын милдеттерин тышкы иштер министри Доминик Рааб аткарып турду. Британияда... Читать дальше...
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда дарыгерлер COVID-19 вирусу жуккан келинди айыктырып ооруканадан чыгарышты. Келиндин беш айлык боюнда бар. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди. Маалыматка караганда, бейтаптын эки баласы бар. Ал стационарда 14 күн дарыланып, ПЧР-анализин тапшырып, терс жыйынтык чыккандан кийин үй карантинине жиберилди. Келин оору өтүшүп кете электе дарыланган. Саламаттык сактоо министрлиги 26-апрелде Ала-Бука районунда вирус жуктуруп алган 85 жаштагы кемпир да айыгып чыкканын кабарлады. Читать дальше...
Сауд Арабиясынын Жогорку соту ушул айда балак менен жазалоону жокко чыгарганы белгилүү болду. Жума күнү "Рейтер" агенттигинин колуна тийген документке ылайык, эми ал жаза камакка же айыппулга алмаштырылат. “Бул реформа Сауд Арабиясынын адам укуктары жаатындагы алдыга карай маанилүү кадамы жана падышалыктагы көптөгөн реформалардын бири” деп билдирди өлкөнүн Адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Аввад ал-Аввад. Тагылган айыпка жараша адамды балак менен уруу буга чейин эл аралык коомчулук... Читать дальше...
Буга чейин уюмдун октагонуна кыргызстандык бир туугандар Валентина жана Антонина Шевченколор, Рафаэль Физиев чыгып келген.
Өзбекстандын антикризистик комиссиясы президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен 25-апрелден тартып ишкердиктин айрым түрлөрүнө ишин жандандырууга уруксат берди. Алардын ичинде курулуш материалдарын, автоунаа тетиктерин саткан жайлар, соода түйүндөрү, коммерциялык банктар, нотариус жана камсыздандыруу компаниялары бар. Андан тышкары коронавируска байланыштуу токтотулган инвестициялык долбоорлор менен социалдык объектилерди курулуш иши да жандандырылат. Адамдар санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, социалдык аралыкты так сакташы керек. Читать дальше...
Бишкекте карантин жарыялангандан бери үй-бүлөлүк зомбулук 62 пайызга көбөйдү. Мындан улам укук коргоочулар өкмөттөн, Ички иштер министрлигинен карантин учурунда жардам көрсөтүү боюнча алгоритм иштеп чыгууну талап кылышты.
27-апрелде жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32; Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25; Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10 градус болот. Бишкек шаарында жаан жаабайт. Читать дальше...
25-апрелден баштап дарыгерлерден түзүлгөн мобилдик топтор Ош облусунун Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу, Чоң-Алай райондорунда коронавирус жуккан адамдар жашаган айылдарды кыдырып. вирус аныкталгандар менен байланышта болгондорду, үй карантинине алынгандарды текшере башташты. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди. Дарыгерлер кишилердин дене табын текшерип, ПЦР анализдерди алат. 25-марттан бери мобилдик бригадалар Ош облусунда үй карантинде болгон 11 898 тургунду текшерип, 9 138 адамды дарыгерлердин көзөмөлүнөн чыгарышты. Читать дальше...
Кыргыз элинин сүймөнчүк акыны Жоомарт Бөкөнбаевдин асманында кара булут 1937-жылы айлана баштаган.
Дүйнө жүзүндө коронавирус жуккандар 2 миллион 900 миң кишиге жакындады. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасына ылайык, 26-апрелге карата баш-аягы 203 миңден ашуун киши өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетинен каза болду. 830 миңдей бейтап айыгып чыкты. COVID-19 вирусунан каза тапкандар жана аны жугузуп алгандар боюнча АКШ биринчи орунда турат. Аталган өлкөдө вирус 940 миңге чукул кишиге жугуп, андан 54 миңге жакын киши өлдү. АКШдан тышкары дагы төрт мамлекетте коронавирустун курмандыктары 20 миңден ашты. Читать дальше...
25-апрелде «Медиа топтоо – 2020» индустриалдык медиа форуму өз ишин баштады. Өзгөчө абалга байланыштуу иш-чара жылдагыдан айырмаланып, быйыл онлайн форматта өтүп жатат.
Ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев айдоочулар жол эрежелерин бузуп, кырсыкка кабылса өткөрмө кагаздары кайтарылып алынарын эскертти. Бул тууралуу ал 26-апрелде брифингде айтты. «Шаардын көчөлөрү бош жана автоунаалар аз. Ушундан пайдаланып, жогорку ылдамдыкта айдап жол кырсыктарына кабылып жатасыңар. Силерге уруксат кагазы бул үчүн берилген эмес. Эскертип коёюн, кимде-ким жол эрежесин бузуп, жол кырсыктарына кабылса өткөрмө кагаздары кайтарылып алынат». ... Читать дальше...