Британиянын Бишкектеги элчиси Чарльз Гаррет уурдалган каражаттар, мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин маселеси, Кыргызстандагы демократиянын абалы жанан өзүн популярдуулугу тууралуу “Азаттыкка” маек курду.
Чечен президенти Рамзан Кадыровду такай сындап жүргөн блогер Тумсо Абдурахманов 26-февралда өз үйүндө сабалды. Швед укук коргоочулары блогер ооруканада дарыланып жатканын кабарлашты. Укук коргоочу Вайфонддун айтымында «кол салуу күндүзү, Тумсо үйүндө эс алып жаткан учурда болгон. Балка менен куралганган кылмышкер менен Тумсонун ортосунда мушташ болгон. Тумсо өзүнө кол салган адамды кармап, полиция чакырган». Блогер өзүнө кол салган адамды кармап, видеого тартып жарыялаганга да жетишкен. Тумсонун... Читать дальше...
Кичи ажылыкка бараткан 48 тажикстандык жаран Дубайдан ары кете албай турат. Буга Сауд Арабиясынын бийлиги 26-февралда чет өлкөлөрдөн зыяратчылардын келишине тыюу салганы себеп болду. Бул тууралуу зыяратка кеткендердин жакындары айтып чыгышты. Бул маалыматты Тажикстандын Дин, улуттук каада-салт жана салтанаттар боюнча комитетинин басма сөз катчысы Афшин Муким да ырастады. «Зыяратчылар Сауд Арабиясынын жаңы чечимин күтүп жатышат. Эгер Сауд Арабиясы эшигин ачса алар кичи ажылык сапарын улантышат. Эгерде Сауд Арабиясы кирүүгө уруксат бербесе... Читать дальше...
Жогорку Кеңеште коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзам долбоору талкууланды. Аны кароо учурунда депутаттар менен төраганын ортосунда талаш-тартыш болуп, долбоорду парламентке алып чыгууда мыйзам бузулганы айтылды. Өкмөттүк эмес уюмдардын ишин катаалданткан мыйзамда кызыкчылыктар бар экени, аны чукул арада кабыл алуу аракети көрүлүп жатканы сөз болду. Документтин автору мыйзам элдин суроо-талабынан улам жазылганын, ал бейөкмөт уюмдардын ачык иштөөсүн шарттай турганын айтууда.
Кытайдын Хубей провинциясындагы Цинзян шаарынын администрациясы өзүнөн коронавирустун белгисин байкап, өз ыктыяры менен дарыгерге кайрылгандарга 10 миң юандан (1426 доллар) төлөй турганын жарыялады. Бул тууралуу «Reuters» маалымат агенттиги кабарлады. Цинцзян шаарынын жетекчилери эгерде ооруну медицина кызматкерлери өздөрү аныктаса аларга акча төлөнбөй турганын түшүндүрүштү. Эгерде өз ыктыяры менен дарыгерге кайрылган адамдарга оору жукпаган болсо, аларга миң юандан (143 доллар) төлөнмөкчү. Цинзян... Читать дальше...
Коркутуу, карактоо жана киши өлтүрүү. Кыргызстанда криминалдык дүйнөнүн кулагы көрүнгөн чуулгандуу окуялар көбүрөөк кабарлана баштады. Милиция уюшкан кылмыштуулук коопсуздукка коркунуч жараткан деңгээлге жеткенин мойнуна алып, "мыйзамдагы ууруларга" жазаны күчөтүүнү көздөп жатат.
Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактардагы кыргызстандыктар жана алардын кичинекей балдары тууралуу маселе дайыма өкмөттүн көзөмөлүндө. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматта айтылгандай, өкмөт башчынын буйругу менен атайын бул маселе боюнча иштөөчү мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. Аталган топ Сириянын лагерлеринде жана түрмөлөрүндө калган кыргызстандык жарандарды иликтөө иштерин улантып жатат. "Согуштук кырдаал улам күчөп жаткан... Читать дальше...
Жол эрежелерин тескеген «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенине бир жыл болду. Ички иштер министрлиги бул аралыкта жол кырсыгы азайганын айтып жатканы менен, жалпы статистика көңүл жылыта элек.
Кыргызстан менен Орусиянын мамлекет башчыларынын жолугушуусу 27-февралда, Москва шаарында болду. Президенттен кыргыз-орус кызматташтыгынын келечегин, орчундуу багыттарын талкуулашты. Орусиянын президенти ачылышы бүгүн күтүлүп жаткан Эриш-аркак жылынын алкагында өткөрүлүүчү 200 иш-чара кызматташтыкты ар тараптан өнүктүрүүгө салым кошо аларына ишеничин билдирди. Владимир Путин ошондой эле Орусия Кыргызстан үчүн соода алмашуунун көлөмү, инвестиция жаатында негизги өнөктөш болуп кала берерин белгиледи. Читать дальше...
Казак эли тергөө абагында көз жумган активист Дулат Агадил менен коштошууда. Бир топ кишилер ал «жүрөгү кармап» өлүшү ыктымал деген бүтүмгө ишенбей, «жок кылышты» деп бийликти күнөөлөштү.
27-февралда Москвада өткөн жолугушууда тараптар кызматташтыктын орчундуу багыттары тууралуу пикир алышты. Орус өкмөт башчысы кыргыз өкмөтү менен натыйжалуу кызматташууну улантууга даяр экенин баса белгиледи. Ал эки өлкөнүн мамилеси стратегиялык мүнөзгө ээ болуп, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык жигердүү өнүгүп жаткандыгына канааттанарын билдирди. Михаил Мишустин ошондой эле Кыргызстан менен Орусиянын Эриш-аркак жылы кызматташтыкка жаңы дем берерине ишенерин айтты. Мындан тышкары... Читать дальше...
27-февралда Москва шаарында Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак жылынын расмий ачылышы өткөнү жатат. Ага катышуу үчүн Кыргызстандан президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация Москвага барды.
Өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоору жер-жерлерде социалдык маселелерди чечүүгө көмөктөшүп жаткан жарандарга зыянын тийгизиши ыктымал. 27-февралда парламентте «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатканда вице-спикер Аида Касымалиева ушундай пикирин айтты. Касымалиеванын пикиринде, социалдык тармактарда азыр өкмөттүк эмес уюмдардын жардамы менен... Читать дальше...
CNN агенттиги америкалык аткаминерлер өлкөдө COVID-19 вирусуна кабылгандардын саны 60тан ашты деп жарыялашканын тастыктады.
Транспорт жана байланыш министринин мурдагы орун басары түзгөн келишимден мамлекет чыгым тартканы ачыкка чыкты.
Вашингтон менен Сеул коронавирус коркунучуна байланыштуу март айына белгиленген биргелешкен аскердик машыгууну кийинкиге калтырды.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорунда кызыкчылыктар бар деп эсептейт. Бул тууралуу эл өкүлү 27-февралда парламенттин жыйынында айтты: «Мыйзамды Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети караш керек болчу. Сиз болсо (Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго) «жок, болбойт» деп жатасыз. Читать дальше...
Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору боюнча депутаттар менен төраганын ортосунда талаш чыкты. Депутат Карамат Орозова 27-февралда аталган мыйзам долбоорун парламенттин жыйынына алып чыгууда регламент бузулганын айтты: «Бул мыйзамдын Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетке тиешеси жок. Туура эмес карап койгон. Читать дальше...
Баткен облустук сотунда Катраң айылдык кеңешинин төрагасы, чек ара маселери боюнча акцияларды өткөрүп жүргөн Сапарали Бөрүбаевдин бөгөт чарасын каралды. Облустук сот ишти карап, Сапарали Бөрүбаевге карата Лейлек райондук сотунун аны 2 айга камакка алуу боюнча чечимин күчүндө калтырды. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» мурдараак кабарлагандай, Сапарали Бөрүбаев «Ээнбаштык» беренеси боюнча шектүү катары кармалган, кийин Жазык кодексинин «Тоноо», «Жапырт башаламандык»... Читать дальше...
«5-мартта Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугуш үчүн Стамбулга баруу президент Путиндин планында жок». Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун 26-февралдагы билдирүүсүнө таянып жазды. Бирок Песковдун бул билдирүүсү Эрдогандын ошол эле күнкү сөзүнө карама-каршы келет. Буга чейин Эрдоган 5-мартта орус президенти Путин, Франциянын президенти Макрон жана Германиянын канцлери Меркел менен Стамбулда жолугуу макулдашылганын айткан. Сириянын... Читать дальше...
БУУдагы Орусиянын туруктуу өкүлү Василий Небензя уюмдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында дагы бир жолу Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди колдоду.
Өзбекстан менен Казакстан экинчи аймактар аралык кызматташтык жыйынынын алкагында 500 млн. долларлык эки тараптуу 30 келишимге кол коюшту.
25-27-февралда Италиядан учуп келген үч кыргызстандык коронавируска текшерилип, анализи таза чыккандыктан үйүнө жөнөтүлгөн. Бул тууралуу 27-февралда Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, аларды дарыгерлер текшербей койгону тууралуу сөздөр чындыкка дал келбейт. 26-февралда коронавирус маселеси парламентте каралып, өкмөт Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, бул илдетти жугузгандар катталбаганын билдирген. Ошол эле күнү Кыргызстан коронавируска... Читать дальше...
Казакстандын башкалаасында тергөө абагында жатып каза болгон Дулат Агадил 27-февралда Астана шаарына жакын жерде өзү жашаган айылда жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатууга миңге жакын адам катышты. Андан сырткары колдоруна Агадилдин сүрөтүн кармаган 80дей киши Алматы шаарындагы Эркиндик аянтына чогулду. Алар маркум активисттин өлүмүнүн күнөөкөрлөрүн жазалоону бийликтен талап кылышты. Казакстандык активист Дулат Агадил 24-февралда кармалып, Казакстандын баш калаасы Нур-Султандагы тергөө абагына киргизилген. Читать дальше...
Шаршемби күнү Индиянын бир компаниясы жакын арада Иран аркылуу Орусия менен экономикалык кызматташтыгы башталарын билдирди.