Бакуда полиция оппозициядагы партиялардын үч лидерин жана 100дөн ашуун активистти кармап кетти. Азербайжан баш калаасында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы акция өтмөк. Бирок күч түзүмдөрү ага жол беришкен жок. Кармалгандардын көбү жекшембинин кечинде бошотулду. 9-февралда өткөн парламенттик шайлоодо президент Илхам Алиевдин «Жаңы Азербайжан» партиясы алдыга чыккан. Калган орундар бийликчил талапкерлер арасында бөлүштүрүлгөн. 16-февралданы акцияны утурлай «РЕАЛ» партиясынын лидери Ильгар Мамедлыны... Читать дальше...
16-февралда Казакстанда бир катар сайттардын, анын ичинде “Азаттыктын” казак кызматынын сайтынын, социалдык тармактардын иши үзгүлтүккө учурады. Ошондой эле Youtube жана Google да ачылбай калды. Колдонуучулар Интернеттин жай иштеп жатканына нааразы болушту. Ал эми Telegram тиркемеси бир нече күндөн бери ачылбай жаткан. Казак президентинин маалымат катчысы Берик Уали “Фейсбуктагы” баракчасына Касым-Жомарт Токаев “бардык маалымат ресурстарынын ишин калыбына келтирүүнү тапшырганын” жазды. Казак президенти учурда Германияда иш сапарда. Читать дальше...
Иран "эч качан басым алдында" Кошмо Штаттар менен сүйлөшүү жүргүзбөстүгүн президент Хасан Роухани 16-февралда Тегеранда өткөргөн маалымат жыйынында айтты. Ирандын президенти Ислам жумурияты бир кезде "өз душманын сүйлөшүүгө мажбур кыларын" кошумчалады. “Иран эч качан басым алдында сүйлөшүү жүргүзбөйт..Биз эч качан Американын кысымына баш ийбейбиз" - деди Роухани. Ал ошондой эле аймактагы коопсуздук үчүн Тегерандын ролу маанилүү экенин баса белгиледи. Кошмо Штаттар 2018-жылы Тегеран менен алты... Читать дальше...
Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттереш 16-февралда Пакистанга барды. Ал өлкөнүн лидерлери менен жолугушуп, ооган качкындарына арналган конференцияга катышат. Бул тууралуу Пакистандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Пакистан миңдеген ооган качкындарынын өлкөгө киришинин 40 жылдыгына карата Улуттар Уюмунун Качкындар агенттиги менен бирге эл аралык конференция уюштуруп жатат. 17-февралда баштала турган эки күндүк жыйынды Пакистандын премьер-министри Имран Хан ачат. Пакистанда 2,4 миллиондой ооганстандык качкын бар. Читать дальше...
Ондогон мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жана башка өкүлдөрү Ливиядагы жаңжалга чекит коюу маселесин Мюнхендеги Коопсуздук конференциясында талкуулашты. 16-февралда өткөн жолугушууда бир ай мурда Берлинде өткөн саммитте макулдашылган чаралар кандайча ишке ашырылып жатканы каралды. Берлиндеги саммитке чатакташып жаткан башкы топтордун лидерлери - Ливия өкмөтүнүн башчысы катары эл аралык коомчулук тааныган Фаиз Сарраж жана Ливия улуттук армиясы деп аталган күчтүн командачысы Халифа Хафтар чакырылган. Читать дальше...
Босния жана Герцеговинада лагерде кармалып турган жүздөгөн мигранттар полиция менен кагылышты. Маалыматтарга караганда, мигранттар жашаган жериндеги шартка жана кошуна Хорватиянын полициясы аларга каршы күч колдонгонуна нааразы болуп, лагерден кетүүгө аракет кылышкан. Окуя 15-февралда Босниянын батышындагы Мирал деген жерде болгон. Ал жерде 700 кишиге ылайыкталган лагерде азыр миңге жакын киши бар экени айтылат. Күбөлөрдүн ырасташынча, мигранттар "Эркиндик!", "Акчабызды кайтаргыла!", "Бизди... Читать дальше...
Кечээ, 15-февралда, Ат-Башы районунун Казыбек айылында көк бөрү боюнча Нарын облусунун чемпионаты өттү. Ошондой эле эр сайыш, тыйын эңмей, кыз куумай жана жигитчилик өнөр сыяктуу ат оюндары тартууланды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн чыгышындагы чыңалып турган абалга карабастан 2020-жылдын октябында өлкөдө, анын ичинде Донецк жана Луганск аймактарында жергиликтүү шайлоо өтөрүн айтты. 15-февралда ал Мүнхенде коопсуздук конференциясында сүйлөгөн сөзүндө батыш мамлекеттерин Киевди Орусия колдогон жикчилдерге каршы күрөштө колдоого чакырды. - Билем, Украинадагы уруш - Европадагы уруш. Крымды аннексиялоо менен башталган уруш Экинчи Дүйнөлүк согуш канчага созулса, ошончо убакыттан бери токтобой келатат. Читать дальше...
Ишемби күнү кыштын ызгаарына карабай кыз-жигиттер ат жалында өнөрүн тартуулашты. Ат-Башы районунун Казыбек айылында көк бөрү боюнча Нарын облусунун чемпионаты өттү. Иш-чара эр сайыш, тыйын эңмей, кыз куумай жана жигитчилик өнөр сыяктуу ат оюндары менен коштолду.
Өзбекстандын башкы прокурорунун орунбасары Светлана Артыкова 2005-жылдын 13-майында Анжиянда өкмөттүн куралдуу күчтөрү да элге ок атканын айтты. Бирок аткаминер ал окуяны негизинен жоочулардын террордук чабуулу катары сыпаттады. Артыкова qalampir.uz басылмасына берген маегинде адамдарга ок атууга жоопкер деп табылган айрым аткаминерлер жазага тартылганын кошумчалады. Бирок кимдер жазаланганын ачык айткан жок. Ушул күнгө чейин өзбек өкмөтү Анжияндагы тынчтык акциясына чыккандарды куралдуу жоочулар өлтүргөнүн айтып келет. Читать дальше...
Кумтөр алтын кенинде сууга чөгүп кеткен машинисттин сөөгү табылды. Бул тууралуу 16-февралда кен казуучу ишкананын басма сөз кызматы билдирди. 54 жаштагы айдоочу 15-февралда Петров көлүнө экскаватор менен кошо түшүп кеткен. Кырсык кечке жуук болгон. Куткаруучулар ал күнү аны таба алышкан эмес. Маркум Барскоон айылынын тургуну болчу. Планга ылайык ишин аткарып жатканда кырсыкка кабылган. Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзүлдү. Издөө иштерине Бишкектен жана Караколдон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары катышты. Читать дальше...
"Азаттыктын" орус кызматы жергиликтүү булактарга таянып билдиргендей, 16-февралда Москвада православдардын храмында белгисиз киши адамдарга бычак менен кол салды. Андан эки киши жабыркап, ооруканага жеткирилди. РенТВ кабарлагандай, кол салган кишини адамдар кармап, полицияга өткөрүп берген. Ал Липецк облусунун 26 жаштагы тургуну экени айтылууда. Кол салуунун чоо-жайы маалымдала элек. Окуя Бакунинск көчөсүндөгү храмда болду.
"Журналисттер" коомдук бирикмеси тележурналист Назгүл Кожокулова 16-февралда оорудан улам көз жумганын кабарлады. Маалыматка караганда, мурда бир канча телеканалдарда иштеген Кожокулова соңку жылдары ооруп төшөктө жатып калган. Артында уулу калды. Анын үй-бүлөсүнө жардам иретинде журналисттер ЭЛСОМ аркылуу акча чогултууну чечишти. Номуру - 0550 522 116. "Журналисттер" коомдук бирикмеси чогултулган каражат боюнча отчет берилерин билдирди.
17-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында, күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Ойдуң жерлерди туман каптайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күртүсү болот. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -1...-6, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 4...9, Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз +1...+6, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз +1...+6... Читать дальше...
Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Германияда бир катар чет элдик дипломаттар менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады. Сүйлөшүүлөр Мүнхен шаарында Коопсуздук конференциясынын алкагында уюштурулганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Айдарбеков 15-февралда Словакия, Германия, Литва, Кувейт, Катар, Латвия, Финляндия, Румыния, Испания, Лихтенштейн, Польша жана Норвегия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен жолугуп, алака-катышты чыңдоо маселелерин талкуулашты. Читать дальше...
Иран атып түшүрүлгөн учактын кара кутусун изилдөө үчүн тийиштүү техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф NBC телеканалына берген маегинде айтты. "Украинанын эл аралык аба жолдору" компаниясынын «Боинг» учагы 8-январда Тегерандан Киевге учуп чыгары менен жарылып кеткен. Борттогу 176 кишинин бардыгы каза болгон. Ислам Республикасынын бийлиги адегенде трагедия үчүн жооптуу экенин четке каккан. Бирок үч күндөн кийин Иран аскерлери лайнерди... Читать дальше...
Москва шаарынын мэриясы саясатчы Борис Немцовдун элесине арналган жүрүштү өткөрүүгө уруксат берди. Акция 29-февралда болот. Москванын саясатына сын көз карашы менен таанылган Немцовду 2015-жылдын 27-февралында Москванын борборунда, Кремлге жакын жерде атып кетишкен. Анын өлүмү боюнча иште Чеченстандын беш тургуну күнөөлүү деп табылып, 11 жылдан 20 жылга чейин камалышкан. Бирок саясатчыны өлтүрүүгө буйрук бергендер табыла элек. Немцовдун урматына алгачкы жүрүш ал өлтүрүлгөн эле жылы уюштурулган. Читать дальше...
Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун иниси Эмирбек Кимсанов президенттен жардам сурап видео кайрылуу жасады. 15-февралда “Фейсбукка” жарыяланган кайрылууда ал агасы Эмилбек Кимсанов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун басымынан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айтууда. Эмирбек Кимсанов агасы коррупциялык иштерге катышуудан баш тартканы үчүн кысымга кабылганын белгиледи. Үй-бүлөсү коркутууга кабылып... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов үй-бүлөсүнө каршы криминалды колдонуу аракети болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу депутат "Азаттыкка" комментарий бергенде айтты. Анын алдында Матраимовдордон басым көрүп жатканын, өмүрлөрүнө коркунуч жаралганын айтып, президенттен жардам сураган эки жарандын видео кайрылуусу чыккан. Искендер Матраимов муну каралоо деп баалады: - Биздин спортчу балдарыбыз жок болсо, криминал менен ишибиз болбосо, биз (үй-бүлөбүз - ред.) Бишкекте жашасак, анысына да... Читать дальше...
Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (10-16-февраль).
Кумтөр алтын кенинде экскаватордун 54 жаштагы айдоочусу Петров көлүнө чөгүп кеткени кабарланды. Баштапкы маалыматтарга ылайык, ал экскаватор менен кошо сууга түшүп кеткен. Кырсык 15-февралда кечке жуук болгон. Куткаруучулар ал күнү айдоочуну таба алышкан эмес. Кумтөрдүн басма сөз кызматы фактыны тастыктап, кошумча маалымат издөө-куткаруу иштеринин жыйынтыгы менен берилерин айтты. 2019-жылдын 1-декабрында Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөндө Кумтөр кенинде иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон. Читать дальше...
Турдакун Усубалиев - чейрек кылымга жакын социалисттик Кыргызстанды башкарган партиялык жетекчи.