АКШнын Федералдык каттоо кызматы 2018-жылы президент Трамп, анын зайыбы Мелания жана мамлекеттик катчы Майк Помпео ар кайсы өлкө башчыларынан алган белектердин тизмесин жарыялады. «The New York Times» гезитинин маалыматына караганда 2018-жылы Трамп жана анын үй-бүлөсү чет өлкөлөрдөн 88 миң 420 долларлык белек алган. Тизмеде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин белеги да бар. Ал 2018-жылы Трамп менен жолукканда Самарканддагы байыркы Регистандын элеси түшүрүлгөн күмүш сувенир берген. Анын баасы 2950 доллар. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда саясий партиялардын парламентке өтүү босого чеги жети пайыз болушу керек экенин ишарат кылды. Мындан тышкары ал партиялык тизме түзүп, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдө партия башчыларынын өзүмбилемдигине, “вождизмге” жол бербөө керектигин белгиледи. Президенттин бул айткандары келе жаткан парламенттик шайлоо процессинде колго алынабы, ишке ашары реалдуубу же популисттик чакырык болуп ара жолдо кала береби? Кыргызстандын бийлиги, саясий чөйрө таза, акыйкат... Читать дальше...
Жапонияда жээкте турган Diamond Princess саякат кемесинен Казан шаарына эвакуацияланып келгендердин үчөө коронавируска кабылганы аныкталды. Бул тууралуу "Интерфакс" маалымат агенттиги «Роспотребнадзордун» жетекчиси Анна Поповага таянып жазды. 23-февралда саякатчы кемеден сегиз жаран Орусияга эвакуацияланып келген. Ал кемеде Орусиянын 24 жараны болгон. Анын ичинен жетөө Орусиянын Владивосток шаарына жеткирилген. Калгандары Орусияга баруудан баш тарткан. Ушул тапта Орусияда коронавируска чалдыккан... Читать дальше...
Ооганстанда кайра шайланган президент Ашраф Ганинин инаугурациясы 9-марткакалды. Расмий иш-чарага чакыртылган дүйнө лидерлерине коронавируска байланыштуу жагдайдан улам кабар берилгенин ооган президентинин администрациясы билдирди. Алгач пландалгандай инаугурация 27-февралда өтмөк. Өткөн аптада Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясы Ганини 28-сентябрда өткөн президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыялаган. Анын атаандашы, Бириккен өкмөттүн башчысы Абдулла Абдулла шайлоону «жапырт уурдоо жана мыйзам бузуу» аркылуу өттү деп сындады.
26-февралда Казакстандын Чыгышында Ан-2 үлгүсүндөгү учак кулап, учкучу ооруканага түштү. Жарандык авиация комитетинин маалыматына караганда борттогу беш кишинин үчөө экипаж мүчөсү, экөө жүргүнчү болгон. Учак түш ченде Өскемен (Усть-Каменогорск) шаарына жакын Прапорщиково айылына кулаган. Бул тууралуу аталган аймактын Өзгөчө кырдаалдар боюнча департаменти кабарлады. Жергиликтүү Tengrinews сайты аймактын саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчи орунбасары Владимир Лиге таянып, учкуч сынык-жараат бөлүмүнө жаткырылганын... Читать дальше...
Каракол шаардык кеңешинин депутаты, "Табылга" партиясынын мүчөсү Азамат Айтбаев кесиптеши, КСДПнын мүчөсү Тууганбек Чолпонбаевге каршы УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгына арыз жазды. Аталган мекеме арыз бирдиктүү ресстерге катталганын 26-февралда билдирди. Азамат Айтбаевдин "Азаттыкка" айтканына караганда 25-февралда аны депутат Тууганбек Чолпонбаев сабап салган: "Шаардык кеңештин сессиясында Каракол шаар мэринин былтыркы иши тууралуу отчетун укканбыз. Аягында мен кесиптештеримди мэрдин отчетун жактырууга чакырып, сөз сүйлөгөм. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны күн сайын көбөйүп жатканына байланыштуу чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады. Депутат 26-февралдагы парламент отурумунда өкмөт өкүлүнөн сырттан кирип жаткандарды текшерүү кандай жүрүп жатканын сурап, вирус катталган өлкөлөр менен карым-катышты токтото турууну сунуштады. "Вирус катталган өлкөлөрдүн жетекчилерине Тышкы иштер министрлиги аркылуу сүйлөшүп, түшүндүрсөңүздөр, алар деле туура кабыл алат го дейм. Читать дальше...
Орусиядагы учу-кыйыры көрүнбөгөн Ямал тундрасында 60 градустук суук кадимки Арктиканы элестетет. Бул өрөөндө кыш ноябрь айынан майга чейин созулат. Аңчылык кылып, балык уулап, бугу баккан жергиликтүү ненис эли сөөк какшаткан суукка көнүп бүткөн. Тери алачыктын ичинде отту алоолонто жагып, сырттагы аязды капарына албай тирлик кылып келе жаткан элдин турмушу тууралуу баян.
Кувейттин командасы оюнга келүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу бардык оюндарда автоматтык түрдө 5:0 эсебинде жеңилди деп табылат.
2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап, сотко өткөрүлдү.
Сапар Исаковдун абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, эртең менен ал өзүн бир аз начар сезип турган, азыр абалы турукташып калды, дарыгердин көзөмөлүндө болуп жатат. Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча бүгүнкүгө белгиленген сот отуруму болгон жок. Буга соттолуучу, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ден соолугу начарлаганы себеп болгонун анын адвокаттары «Азаттыкка» кабарлашкан. Жактоочу Нурбек Токтакуновн билдиргендей... Читать дальше...
Түркиянын Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа коронавирустун жайылышына байланыштуу Түркия менен Ирандын чек арасында талаа госпиталдары түзүлгөнүн маалымдады.
Кытайдын элчилиги жана компаниялары тараптан Тегеранга коронавирусту аныктоо үчүн диагностикалык аппараттардан 5 миң комплект жеткирилди.
Сириядагы лагерлерде кармалып турган кыргызстандык аялдар менен балдарды кайтаруу боюнча бийлик ыкчам аракет кылбай жатат. Мындай доомат 26-февралда АКИпресс маалымат агенттигинде укук коргоочулар менен жабырлануучулар уюштурган маалымат жыйынында айтылды. Эки кызы, аялы, небелери Сириядагы лагерде жүргөн Рамаз Сариев өкмөткө минтип нааразы болду: «Биз эркектер тууралуу айтпадык, кыздар, неберелерибизди алып келип беришсе болмок. Же биздин өкмөт алып келбейбиз деп айтып койбойт.» Маалымат жыйынын уюштургандар Тажикстан... Читать дальше...
Индияда жарандык тууралуу мыйзамга байланыштуу эки күндөн бери токтобой жаткан тоз-тополоңдо бери дегенде 20 киши өлдү, дагы 200дөй киши жабыркады.
Казакстан 1-марттан тарта Иран менен аба байланышын токтотуп, Түштүк Кореяга каттамдарды азайтат. Бул тууралуу өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин билдирди.
Өзбекстандын мурдагы президенти маркум Ислам Каримовдун кызы Гүлнара мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевге жазган катында казынага 686 миллион долларды кайтарап берүүнү сунуш кылды. Бул үчүн ал өзүнө каршы козголгон акыркы кылмыш ишин жабууну өтүндү. Катты Каримованын Лондондо жашаган кызы Иман 25-февралда «Инстаграмга» жайгаштырды. Түрмөдө отурган Гүлнара көп жылдардан бери балдарын көрө элек экенине, ден соолугу начарлаганына даттанды. Өзбекстандын Жогорку соту Каримова баш болгон бир нече кишинин ишин 8-январдан тартып карай баштаган. Читать дальше...
26-февралда Казакстандын баш калаасында Юстиция министрлигинин доосунан улам адвокат Ерлан Газымжанов менен Аманжол Мухамедьяровдун адвокаттык лицензиясын райондук сот жокко чыгарды. 2019-жылы август айында Мухамедьяров менен Газымжанов аттуу адвокаттар Нур-Султан шаарынын Алматы райондук №2 сотундагы ачык териштирүү учурунда Гулжахан Убашева аттуу судья прокурорго ачууланып, аны тилдеп жатканы тартылган видеону жарыялашкан. Юстиция министрлиги ачык соттогу териштирүүнү видеого тартып, социалдык... Читать дальше...
Кыргыз өкмөтү Кытайдагы коронавирус эпидемиясына байланыштуу соода-сатыктын башка жолдорун караштыра баштады. Бул тууралуу 26-февралда парламентте маалымат берип жатып экономика министри Санжар Муканбетов билдирди. Анын айтымында, ишкерликти коргоо максатында атайын программа даярдалып жатат. «Индияны, Пакистанды, Индонезияны, Түштүк Кореяны, Өзбекстанды, Түркмөнстанды жана Бириккен Араб Эмираттарын альтернатива катары караштырып жатабыз. Мартта Түркия менен чоң жармаңке өткөнү турат. Импорттун... Читать дальше...
Казакстанда тергөө абагында каза болгон активист Дулат Агадилди акыркы сапарга узатууга аттангандардын арасынан кеминде алты киши кармалды. 24-февралда кармалган активист арадан бир сутка өтүп, 25-февралда тергөө абагында каза болуп калган. Маркумдун тарапташтары активисттин өлүмүнө ИИМ жана өлкөнүн бийлиги жооптуу деп эсептешет. Бахытбек Капаевди, Айдар жана Айдын Байсагатовдорду полиция кармап кеткенин укук коргоочу Индира Какимова 25-февралда өзүнүн «Facebook» баракчасына жазды. Какимованын... Читать дальше...
Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус жугузгандар жок. Бул тууралуу 26-февралда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди: "Чек ара өткөрмө бекетинде 22 санитардык карантиндик пункт ачылган. Обсервация үчүн 964 орун даярдалды. Учурда стационардык шартта 158 адам медициналык байкоодо турат. 28-январдан бери Кытайдан 1083 адам келди, анын 415и Кытай жараны". Өмүрбекованын айтымында, Кытайдан келгендердин баары обсервациядан өттү, анализдери таза. Читать дальше...
Эсил кайран Дооронбек Садырбаев бир ирет элдин кайдыгерлигинеби, ашкере жооштугу менен ээрчимелигинеби, катуу кейигенде «кыргыз тилинде орустун «порядочность» деген түшүнүгүн туюндургудай сөз жок» деп чыккан эле.
Бүгүн, 26-февралда «Манас» жана Чыңгыз Айтматов академиясында «Манастын доору жана «Манас» жөнүндө мыйзамдын аткарылышы» деген темада талкуу өтүп жатат. Ага өкмөттүн, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, окумуштуулар, адистер, коомдук ишмерлер катышууда. Жыйында «Манас» эпосунун доорун тактоо тууралуу талаштуу пикирлер айтылып, 2011-жылдын 28-июнунда кабыл алынган КРнын «Манас» эпосу жөнүндө мыйзамы учурда толук иштебей жатканы айтылды. Анын айрым беренелери мезгилге шайкеш келбей калгандыктан өзгөртүүлөрдү киргизип... Читать дальше...
Кытайдын Үрүмчү шаарынан эки жума мурда келген 40 кыргызстандык студент 14 күндүк карантин аяктаганына байланыштуу үйгө чыгарылды. Бул тууралуу 26-февралда Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, баарынын абалы канааттандырарлык. Алар 13-февралда кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрмө бекетинен тиешелүү текшерүүдөн өткөндөн кийин убактылуу обсервация жайларына жайгаштырылган. «Коронавирустун жаңы түрүнө эки жолу анализ алынып, оору тастыкталган жок. Карантин... Читать дальше...
Германиянын тышкы иштер министри Американын өзөктүк жана курал-жарактарды көзөмөлдөө боюнча келишимдерден чыгуудагы бир тараптуулугу Европадагы коопсуздуктун алсыроосуна себеп болду деди.