Бишкектеги "Вефа" соода борборунун азыркы ээси - "Аруу Жылдыз" ишканасынын жетекчиси Умсун Назарбекова 18-февралдагы маалымат жыйынында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Фырат аталган соода борборун тартып алууга аракет кылып жатат деп айыптады: “Түрк элчиси мыйзамга карабай, Жогорку Кеңештин айрым, абройлуу өкүлдөрүнө ишенип, менин бизнесимди, “Вефа” соода борборун рейдерлик жол менен басып алгысы келип жатат. Анын кандай укугу бар. Бул ишке байланыштуу төрт жолу сот болду. Баардык отурумдардан утуп чыктык. Читать дальше...
Мамлекеттик чек ара кызматы бул өпкөнү кагынткан жугуштуу илдеттин жайылуусунун алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, мындай талап өлкөнүн бардык чек ара өткөрмө бекеттеринде киргизилген. Биометрикалык ички паспорту бар кыргызстандыктар электрондук эшик аркылуу өткөн учурда да, алар чек арадагы көзөмөлдөөчү кызматкерге жалпы жарандык паспортун көрсөтүүгө милдеттүү. Жалпы жарандык паспорту жок жарандар анкета толтурушат жана кошумча текшерүүдөн өтүшөт. "Саламаттыкты сактоо министрлигинин талабына ылайык... Читать дальше...
Алар жаңы жылдык эс алуу учурунда мекенине кетип, эми кайра ишине кайтып жаткандар. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов 18-февралда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде депутат Наталья Никитенконун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ибраимжановдун маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда Кытайдын беш миң жараны жүрөт. "Кытайлык мигранттардын саны жалпысынан 8-9 миңге жетет. Алар негизинен жол куруу жана тоо-кен ишканаларында иштешет"... Читать дальше...
Кытай бийлиги ошол эле учурда жалпысынан 14 миңден ашык киши илдеттен сакайганын маалымдады. Ооруга чалдыккандардын саны 75 миңге чукулдады. Оорунун жайылуусу боюнча Хубэй провинциясы алдыда. Бул жерде 61,6 миңден ашуун киши вирусту жуктуруп алган. 1921 киши көз жумду. Кийинки орунда Гуандун провинциясы турат. Бул жерде вирус жуктургандардын саны 1,3 миңден ашты. Борбор калаа Бээжинде 387 адам оору жуктурган, төртөө вирустан өлгөн. Ушул тапта жалпы өлкө боюнча дарыгерлердин көзөмөлүндө 135 миңден ашуун адам турат. Читать дальше...