Украинанын азыркы президенти Петро Порошенко шайлоонун экинчи айлампасындагы өзүнүн атаандашы Владимир Зеленскийди бирдиктүү экзит-поллдун жыйынтыгы чыккандан көп өтпөй телефон чалып куттуктады. Бул тууралуу Зеленский өзү маалымат жыйынын өткөрүп жатып айтты. Мурдараак Порошенко өз тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып, экзит-поллдордун жыйынтыктары ишенимдүү экенин жана атаандашын телефон аркылуу куттуктоого даяр экенин билдирген. Порошенко шайлоо таза жана адилеттүү өткөнүн белгиледи. Ал саясаттан... Читать дальше...
21-апрелде Укринада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Бирдиктүү улуттук экзит-поллдун жарыялаган жыйынтыгына ылайык, президенттик шайлоодо Владимир Зеленский жалпы добуштардын 73,2 пайызын, ал эми Петро Порошенко болсо 25,3 пайызын алды.
Бирдиктүү улуттук экзит-поллдун жыйынтыгы боюнча президенттик шайлоодо утулганы маалым болгон Украинанын азыркы мамлекет башчысы Петро Порошенко саясатта кала турганын билдирди. Ал добушканалар жабылгандан кийинки маалымат жыйынын Уинстон Черчиллдин «Эч качан багынба!» деген сөзү менен баштады. Порошенко шайлоонун жыйынтыгы боюнча атаандашы Владимир Зеленскийди куттуктай турганын да айтты. «Мен саясатта калам жана Украина үчүн күрөшөм», - деген президент өлкөнүн «тилекке каршы, азыр коркунучка... Читать дальше...
Бирдиктүү улуттук экзит-поллдун жыйынтыгы боюнча президенттик шайлоодо алдыга чыккан талапкер Владимир Зеленский шайлоо штабында сүйлөп, аны колдогондорго ыраазычылык билдирди. "Биз мунун баарын бирге жасадык. Азыр ар бириңиздерге ыраазычылык айтам. Ата-энеме колдоосу жана ушунун баарын көтөргөнү үчүн рахмат. Жубайыма да чыдамына жана сабырдуулугуна рахмат. Ал эгерде мен тууралуу айтылган сөздөрдүн баарын мурда уга турган болсо, мага турмушка чыкмак эмес”, - деди Владимир Зеленский. Ошондой эле ал өз штабына... Читать дальше...
Бирдиктүү улуттук экзит-поллдун украин убактысы боюнча саат 20:00дө, добушканалар жабылар замат жарыялаган жыйынтыгына ылайык, президенттик шайлоодо талапкер Владимир Зеленский жалпы добуштардын 73,2 пайызын, ал эми азыркы президент Петро Порошенко болсо 25,3 пайызын алды. Экзит-полл - коомдук уюмдардын шайлоодо элдин кимге добуш бергенин сурамжылоо аркылуу жүргүзгөн алдын ала жыйынтыгы. Аны Украинадагы Деморатиялык демилге фонду, Киев эл аралык социологиялык институту жана Разумков борбору биргелешип жасады. Читать дальше...
Ооганстандын Маалымат технологиялар жана байланыш министрлигинин имаратына жасалган чабуулга “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алды. Ишембиде болгон кол салууда жети кишинин өмүрү кыйылган. Куралдуу топ өздөрүнүн "Амак" сайты аркылуу тараткан маалыматта атышуу менен коштолгон жардырууну алардын төрт мүчөсү уюштурганы айтылат. “Ислам мамлекети” террордук тобунун Ооганстандагы бөлүгү 2015-жылдан бери “Талибан” кыймылы, ошондой эле өкмөттүк күчтөр менен да согушуп келе жатат. Жардыруу... Читать дальше...
Алматынын административдик соту 21-апрелде “тынч жыйын өткөрүү тартибин бузуу” беренеси боюнча активист Бейбарыс Толумбаевди 15 күнгө камады. Ишти судья Ержан Алдабек карады. Бул маалыматты “Азаттыктын” казак кызматына саясат таануучу, “ИИМдеги реформа үчүн” тобунун мүчөсү Димаш Алжанов кабарлады. 21-апрелде эртең менен Алматыдагы марафон учурунда полиция бир канча активисти кармаган. Маалыматтарда алар жол жээгине "От правды не убежишь. У меня есть выбор" (Чындыктан кача албайсың. Менде тандоо бар) деген жазуусу бар баннерди илип коюшкан. Читать дальше...
Украинанын убактысы боюнча саат 15:00гө карата добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча 690 кайрылуу түштү. Анын арасында мыйзамсыз үгүт жүргүзүү, бюллетенди сүрөткө тартуу же сыртка алып чыгып кетүү, шайлоочуларды коркутуу, сатып алуу аракети сыяктуу мыйзам бузуулар бар. Кайрылуулардын бешөө боюнча гана сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Украинанын борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, саат 15:00гө карата шайлоочулардын 45 пайызы добуш берди. Ички иштер министрлиги президенттик... Читать дальше...
Ирандын белгилүү сүрөтчүсү Монир Фарманфарманиан 97 жаш курагында, өзүнүн Тегерендагы үйүндө дүйнө салды. Бул тууралуу ISNA агенттиги жазды. 2015-жылы Нью-Йоркто Гуггенхайм музейинде анын алгачкы жеке көргөзмөсү өтүп, күзгү жана айнек мозаикадан жасалган сүрөттөрү коюлган. 2017-жылы Тегеренда Фарманфарманиандын жашоосуна жана чыгармачылыгына арналган музей ачылган. «Негарестан» тарыхый гүлбагында жайгашкан «Монир» музейинде сүрөтчүнүн 50дөн ашуун эмгеги коюлган. Монир Фарманфарманиан Ирандын түндүк-батышында, Казвин шаарында туулган. Читать дальше...
Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин мамлекеттик сапары менен Казакстанга келди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме кылып жазышты. Түштүк Корея лидерин Нур-Султан аэропортунан казак тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов баш болгон делегация тосуп алды. Маалыматка караганда, ал сапардын алкагында Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарабев, мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев менен жолугушат. Ошондой эле Мун Чжэ Ин казак-корей бизнес-форумуна катышат.
Шри-Ланкадагы катар-катар жардырууларга шектүү катары жети киши кармалды.
Жыйында Сулайман-Тоонун буфердик зонасына курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр тууралуу да талкуу болду.
Түркиянын Республикалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычтароглу Анкара шаарында каза болгон офицердин жаназасында белгисиз бирөөлөрдөн токмок жеди. Учурда лидер окуя болгон жердин жакынында бир үйдө коопсуздук кызматкерлер тарабынан курчоого алынды. Кылычтароглунун ал-акыбалы тууралуу маалымат бериле элек. Анкара шаарынын полиция кызматы кол салган шектүүлөрдү издөө боюнча иш баштады. Түркиянын негизги оппозициячыл Республикалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычтароглу бул уюмду 2010-жылдан бери жетектейт. Читать дальше...
Шри-Ланканын бийлиги жекшембидеги жардырууну уюштургандар аныкталганын билдирди. Бул тууралуу «Стрейтс таймс» басылмасы өлкөнүн коргоо министри Рувана Вийеварденага шилтеме кылып жазды. «Күнөөлүүлөр аныкталды» деди министр. Шри-Ланкада 21-апрель күнү сегиз жардыруу болду. Андан каза болгондордун саны 150дөн ашты. 400дөн ашуун киши жарадар болду. Кыргынды дүйнө лидерлери айыптап, шриланкалыктарга көңүл айтууда. «Отелдер менен чиркөөлөрдөгү коркунучтуу террористтик кол салууга байланыштуу америкалыктардын... Читать дальше...
Бишкек шаарында 15 чакты киши Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы акцияга чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» жарандык активист, акциянын катышуучусу Аманбол Бабакулов билдирди: - Балыкчы шаарынан келген жарандык активисттер «уран кенин иштетүүгө эл уруксат берген эмес» деп айтып жатышат. Алар кенди иштетүүгө каршы. «Эл уруксат бергени тууралуу маалыматтар калп» деп айтышты. Бабакуловдун айтымында, май айында уран кенине каршы масштабдуу акцияларды өткөрүү пландалып жатат. Читать дальше...
15-апрелде кечке жуук чыккан өрттөн Франциянын символу эсептелген Нотр-Дам де Пари чиркөөсү олуттуу зыян тартты. Президент Эмануэл Макарон тарыхый чиркөө беш жылда калыбына келтирилерине сөз берди.
Кыргызстанда жашаган украиналыктар да өз өлкөсүндө өтүп жаткан президенттик шайлоого добуш берип жатышат. Украинанын Кыргызстандагы элчилиги «Азаттыкка» маалымдагандай, түшкү саат 12:00гө карата шайлоочулардын 40% добуш берди. Маалыматка караганда, жарандардын добуш беришине шарт түзүлүп, шайлоо тилкеси элчиликтин имаратында Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 8:00дө ачылды. Добушкана кечки саат 20:00 жабылат. Бүгүн, 21-апрелде Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат. Шайлоого... Читать дальше...
Түндүк Македонияда президенттик кызматка үч талапкер ат салышууда. Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жалпысынан 3480 шайлоо участкасы ачылды. Президенттикке талапкер 63 жаштагы консерватор, профессор Гордана Силььяновска-Давкова өзүн өзү көрсөткөн менен, учурда аны ВМРО-ДПМНЕ оппозициялык партиясы (Македониянын ички революциялык уюму – Македония элинин биримдиги үчүн демократиялык партия) колдоп жатат. Ал өлкөнүн аталышын Түндүк Македония деп өзгөртүү үчүн Грекия менен сүйлөшүүгө каршы чыккандардын бири. Читать дальше...
Бүгүн, 21-апрелде Укринада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат. Талапкер жана азыркы президент Петро Порошенко добуш берүүгө жубайы жана уулу менен келди. «Бизде элдин эркин тандоосу бар жана демократиялык салт корголгон – дал ушул нерсе Украинанын Европа мамлекети экенин мүнөздөйт. Беш жыл аралыгында биз өз өлкөбүздү европалык үй-бүлөгө кошуу багытында абдан чоң прогресс жасадык», - деди Порошенко. Ал эми экинчи талапкер Владимир Зеленский добуш берип жатып: «Бул Украинанын жана украиналыктардын жеңиши болот. Читать дальше...
Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлдү.
22-апрелде Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн. Бийик... Читать дальше...
Бүгүн, 21-апрелде Укринада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат.
Бир катар жергиликтүү тургундар Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштерине каршы чыгышты. Алар өкмөттүк комиссияга нааразылыгын билдирип, кенди иштетпөө талабын коюшту. Бул тууралуу 20-апрелде, жаңы түзүлгөн өкмөттүк комиссия мүчөлөрү менен Кызыл-Омполдо жолуккан учурда сөз козголду. Жергиликтүү тургун Марат Акатов комиссия жашоочуларга маалымат берилбестен түзүлгөнүнө нааразы болду: - Мынабу комиссия айтпай, жашыруун келди. Бул комиссияга бүт сатылгандар келди. Эмнеге элге айтышпайт? Тиги карьерди силерге көргөзүшкөн жок... Читать дальше...
Шри-Ланканын бир нече жериндеги жардырууда каза болгондордун саны бери дегенде 150гө жетти. 400дөн ашуун киши жарадар болду. Буга чейинки маалыматтарга караганда, жардыруу Пасха майрамын белгилөө учурунда бир нече жерде болгон.