Армениянын өкмөтү Орусиянын Энергетика министрлиги жана "Газпром" компаниясы менен көгүлтүр отундун баасын арзандатууну сүйлөшүүдө. Бул тууралуу 8-ноябрдагы өкмөттө болгон маалымат жыйынында энергетикалык инфраструктура жана табигый байлыктар министринин милдетин аткаруучу Гарегин Баграмян маалымдады. Анын айтымында, газдын Арменияга чейинки жана элге тараган баасындагы айырмачылык боюнча сүйлөшүү болот. Ал сүйлөшүүнүн майда-бараты кийинчерек кабарлана турганын кошумчалады. "Газпром" өзүнүн Армениядагы... Читать дальше...
Кошмо Штаттарда студенттик кече өтүп жаткан барга кирип барган киши 12 адамды атып өлтүрүп, он чакты адамды жарадар кылды. Кылмышка шектүүнүн тек-жайы такталып, мурда Американын деңиз аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөнү белгилүү болду.
Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарына жакын Таузанд-Окс шаарчасындагы кол салуудан 12 адам көз жумуп, 10дой киши жарадар болду. Өлгөндөрдүн арасында Вентура округунун шерифи да бар. Бул тууралуу америкалык басылмалар кабарлашты. Ок атуу шаршемби күнү кечинде болгон. Калифорния полициясынын маалыматына караганда, кол салууну деңиз аскеринин мурдагы кызматкери, 28 жаштагы Ян Дэвид Лонг уюштурган. Анын бул кадамга эмне үчүн барганы азырынча белгисиз. Кылмышка шектүү атышуу учурунда өзүн-өзү өлтүргөнү маалымдалууда. Читать дальше...
Алар Ирандын Ахваз шаарындагы аскер парады учурундагы терактты колдогон деген шек менен 7-ноябрда кармалган. Атап айтканда, алар кол салуу уюштуруп өлгөндөрдү мактаган деп айтылууда. Даниянын полициясы кармалгандарды суракка алгандан кийин бошотту. Бул үч киши Иран бийлигине каршы түзүлгөн Ахвазды бошотуу араб кыймылынын мүчөлөрү болот. Иран бийлиги 22-сентябрда кеминде 25 адам өлгөн кол салууну ушул уюм уюштурду деп айыптаган. Ахваз шаары орун алган Ирандын мунайга бай Хузестан провинциясында... Читать дальше...
Беларус бийликтери "БелТА мамлекеттик агенттигинен мыйзамсыз жол менен маалымат алуу иши" боюнча БелаПАН агенттигинин башкы редактору Ирина Левшинага жана Tut.by сайтынын редактору Галина Власикке айып койду. БелаПАН агенттигинин башкы редактору Ирина Левшина 8-ноябрда Тергөө комитетинде үч саатка жакын убакыт болгон. Ага Кылмыш кодексинин "жеке жана кыянат максатта компьютердеги маалыматты мыйзамсыз жол менен алуу" беренеси боюнча айып коюлуп, эч кайда кетпөө бөгөт чарасы тандалган. Ушундай... Читать дальше...
Каримовсуз эки жыл. Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Миризиёев өлкөгө кандай өзгөрүүлөрдү алып келди? Жаңы мамлекет башчыны чыныгы реформатор деп атоого болобу?
Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюмунун (ЖККУ) коопсуздук кеңешинин Казакстандын борбору Астана шаарында өтүп жаткан сессиясына Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышууда. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, жыйынга Кыргызстандын, Беларустун, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын президенттери жана Армениянын премьер-министри келген. Жыйында уюмдун алкагындагы иштердин жыйынтыгы чыгарылып, бир катар документтерге кол коюлат жана өз ара кызматташтыкты бекемдөө... Читать дальше...
Тажикстандын Кожент шаарындагы түрмөдө тополоң чыгып, жыйырмадан ашуун киши өлгөнү кабарланды. Конгресске шайлоонун эртеси АКШ башпрокурору кызматтан кетти. Ак үйдө Трамп журналисттер менен катуу кайым айтышты.
Кыргызстанда быйыл алгачкы жолу Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө.
Лос-Анжелестин четиндеги бардагы кол салуудан 12 адам көз жумуп, 12 адам жарадар болду. Өлгөндөрдүн арасында Вентура округунун шерифи да бар. Бул тууралуу америкалык басылмалар кабарлашты. Ок атуу шаршемби күнү кечинде болгон. Полициянын өкүлү “Los Angeles Times” басылмасына куралчан адам 30 жолу ок атканын маалымдады. Күбөлөрдүн биринин айтымында, кылмышка шектүү кафеге тумчуктуруучу түтүн гранатасын да ыргыткан. Кол салуу болгон учурда ал жерде студенттик кече өтүп жаткан жана имараттын ичинде жүздөгөн адам болгон. Читать дальше...
Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Терек-Сай айылында кенге байланыштуу дагы бир чыр чыкты. Күч кызматкерлери менен жергиликтүү элдин ортосундагы жаңжалдан улам төрт киши жабыркап, айрымдары ооруканага жаткырылды.
АКШда Конгресске шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болор замат өлкөнүн башкы прокурору Жефф Сешнс кызматын тапшырды. Атайын прокурордун Орусия америкалык шайлоого кийлигишкени боюнча иликтөөлөрүнүн келечегинен айрымдар күмөн санай баштады.
Кыргызстанда канча адам репрессияга кабылганы ушу кезге чейин так эмес. Бул пикир Бишкекте өткөн “Тарыхый эстутум: саясий репрессиялар жана алардын капшабы” деген эл аралык илимий конференцияда да айтылды.
Балтика өлкөлөрүндөгү жана Польшанын аймагындагы ири аскердик машыгууларга НАТОго мүчө 10 өлкөнүн аскерлери катышууда. Польшанын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, "Анаконда" деп аталган аскердик машыгуу өлкөнүн жаңы тарыхындагы эң ири аскердик иш-чара жана ага 12 миң поляк жоокери тартылган. Ошондой эле НАТОнун беш миң аскери Латвия, Литва, Эстониянын аймагындагы машыгууларга катышууда. Анын алкагында Балтика деңизинде да аскердик машыгууларды өткөрүү пландалган. НАТО өзү “Кансыз согуш”... Читать дальше...
Тажикстандын Хожент шаарындагы түрмөдө тополоң чыкты. Аны басуу учурунда бир нече адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды. Бийлик өкүлдөрү шаршембинин кечиндеги окуяга эмне себеп болгонун айтыша элек. Хоженттеги кырдаалдан улам Кыргызстан Тажикстан менен чек арасында көзөмөлдү күчөткөнү белгилүү болду.
Пакистанга Кытай 6 млрд. доллар, Сауд Арабиясы дагы 6 млрд. доллар жардам бөлдү. Бул тууралуу финансы министри Асад Умар билдирип, “бизде эми төлөм балансына байланыштуу кризис жок” деди. Мурдараак өкмөт айлык акы, пенсия өңдүү чукул төлөмдөр үчүн казынада акча жок калганын, тез арада 12 млрд. доллар табыш керек экенин билдирген. Быйыл жайында шайланган премьер-министр Имран Хан муну мурдагы бийликтин мурасы катары баалаган. Ал өткөн жумада Бээжинге барып, каржылык жардам тууралуу кытай төрагасы Си Цзинпин менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Читать дальше...
Шаршембиде козголоңчулар өлкөнүн түндүк-батышындагы Баменде шаарынан алып кеткен 78 окуучуну барымтадан бошоткон. "Чарчаңкы эле болбосо, дене-боюна залал келтирилген эмес" дешет мектеп кызматкерлери. Бирок эки мугалим дагы эле туткунда калды. Козголоңчулар аймактагы француз тили окутулган мектептерди жабууну талап кылышкан. Алар Камерундун батышында англис тилдүү “Амбазония” мамлекетин курууну көздөп жүрүшөт. Борбордук Африкадагы бул өлкө Франция менен Британиянын колониясында болчу. 60-жылдары эгемендик алган. Читать дальше...
Тажикстандын Хожент шаарындагы күчөтүлгөн режимдеги абакта чыккан соттолуучулардын тополоңун басуу учурунда 20дай адам каза тапты, анын экөө түрмө кызматкери. Бул тууралуу “France-Presse” агенттиги кабарлады. Буга чейин 7-ноябрдан 8-ноябрга оогон түнү Хожент шаарындагы күчөтүлгөн режимдеги абакта болгон тополоңдон 13 киши мерт болгону кабарланып жаткан. Тополоңдун эмнеден улам чыкканы азырынча белгисиз. Өкмөт расмий маалымат тарата элек. “Азаттыктын” тажик кызматына маалымат берген кишинин айтымында... Читать дальше...
8-ноябрда Бишкекте бийликтеги аялдардын ордун жана коомчулуктагы стереотиптерди талкууга алган тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" NDI (Улуттук демократиялык институт) уюмунун өкүлү Асел Темир кызы кабарлады. Иш-чарага Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарынан келген активист айымдар, жергиликтүү кеңештердин айым депутаттары, жамааттардын өкүлдөрү чогулган. Катышуучулар жарандык коомдо, жергиликтүү өз алдынча башкарууда, аялдар арасындагы лидерлерди өстүрүүдөгү жана жалпы саясий процесстердеги аялдардын ордун талкуулашты. Читать дальше...
Ак үй 7-ноябрдагы президент Дональд Трамптын басма сөз жыйынындагы СNNдин кабарчысы Жим Акостанын аракеттерин алгызыксыз иш катары баалап, аны аккредитациясынан ажыратты. Трамптын басма сөз катчысы Сара Сандерс тараткан маалыматка караганда, Жим Акоста Ак үйдүн кызматкерине микрофонду карматпай, башкалардын суроо беришине мүмкүнчүлүк берген эмес жана "күч да колдонгон". Акоста өзү бул окуянын видеосун “Твиттерге” жарыялады. Видео тасмадан көрүнгөндөй, CNNдин кабарчысы чындап эле Ак үйдүн кызматкерине микрофонду бербей койгон... Читать дальше...
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылынын жаштарына суктангандар да, сыймыктангандар да көп. Анткени бул айылдын жаштары жергиликтүү бийликти карап отурбай, айылдагы көптөн бери каралбай калган аялдамаларды жаңылап, муктаж адамдар үчүн социалдык дүкөн ачышты. Мындай иштерди “Мырза-Аке жаштары” деп аталган демилгелүү топ жасап жатат.
Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөгө асынып, өз жанын кыюуга аракеттенген 19 жаштагы келинди ИИМдин "Шумкар" атайын бөлүмүнүн кызматкери куткарып калды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз өкүлү Эрнис Осмонбаев "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка ылайык, 6-ноябрда саат 21:30 чамасында милициянын ага сержанты Нурлан Кулданбаев Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөнүн кырында турган келинди байкап калган. Анын ошол жерде турганы шек туудуруп, милиция кызматкери ага чуркап жеткен учурда келин ылдый карай секиргенге аракет кылып, кадам таштаган. Читать дальше...
Орусия менен Кытайдын премьер-министрлери Дмитрий Медведев менен Ли Кэцян АКШнын санкция салышын жана салыктарды көтөрүшүн сындашты. Алардын айтымында, Вашингтондун бул аракеттери Москва менен Бээжинди мурдагыдан да жакындаткан. Орусиянын өкмөт башчысынын 7-ноябрда Бээжиндеги сапары учурунда айтканына караганда, "АКШ дүйнөлүк соодада ролун жогорулатып, саясий маселелерди чечиш үчүн санкцияларды тескери максатта пайдаланып жатат". "Вашингтон Иран менен Орусияга салынган санкцияларды да, Еворпа... Читать дальше...
АКШнын башкы прокурору Жефф Сешнз кызматтан президент Дональд Трамптын өтүнүчү менен кетип жатканын билдирген. Трамп башкы прокурорлукка жаңы талапкердин атын жакында жарыялай турганын кабарлады. Ал Сешнзге аткарган кызматы үчүн ыраазычылык билдирди. Сешнздин кызматтан кетиши анын Дональд Трамптын командасынын Орусия менен байланышын иликтөө ишине катышпоо тууралуу чечими менен байланыштырылууда. Президент "буга чейин Сешнздин иликтөөгө катышуудан баш тартуу ниетин мурдатан билгенде башкы прокурорлукка... Читать дальше...