Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарына жакын Таузанд-Окс шаарчасындагы кол салуудан 12 адам көз жумуп, 10дой киши жарадар болду. Өлгөндөрдүн арасында Вентура округунун шерифи да бар. Бул тууралуу америкалык басылмалар кабарлашты. Ок атуу шаршемби күнү кечинде болгон.
Калифорния полициясынын маалыматына караганда, кол салууну деңиз аскеринин мурдагы кызматкери, 28 жаштагы Ян Дэвид Лонг уюштурган. Анын бул кадамга эмне үчүн барганы азырынча белгисиз. Кылмышка шектүү атышуу учурунда өзүн-өзү өлтүргөнү маалымдалууда.
Полициянын өкүлү куралчан адам 30 жолу ок атканын маалымдады. Күбөлөрдүн биринин айтымында, кылмышка шектүү кафеге тумчуктуруучу түтүн гранатасын да ыргыткан. Кол салуу болгон учурда ал жерде студенттик кече өтүп жаткан жана имараттын ичинде 200дөй адам болгон.