Жума күнү Аргентинада “Чоң жыйырманын” жыйыны расмий ачылды. Эки күндүк саммитте дүйнөлүк экономиканын абалы талкууланат. “Чоң жыйырманын” түзүлгөндүгүнүн он жылдыгына туура келген саммит дүйнөнүн эң ири экономикасы Кытай менен АКШнын соода тиреши күчөп, бири-бирине миллиарддаган долларга тарифтерди көтөргөн шартта өтүп жатат. Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу ишембиге белгиленген. “Чоң жыйырманын” саммитиндеги эки тараптуу жолугушууларда саясий суроолор да талкууланары күтүлүп жатат. Британиянын... Читать дальше...
Жапония өкмөтү Тажикстанга балдардын төрөлүшүн жакшыраак пландоого жардам берет. Буга чейин эл аралык эксперттер Тажикстандагы жакырчылыктын негизги себеби катары ыкчам демографиялык өсүштү мисалга тартышкан. Ал эми Казакстанда мектептерде бекер презерватив таркатуу сунушталып жатат.
Жаңы келишимге үч өлкө Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте “Чоң жыйырманын" саммити башталар алдында кол койду. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Мексиканын президенти Энрике Пенья Ньето жана Кошмо Штаттардын лидери Дональд Трамп 30-ноябрда кол койгон келишим Түндүк Америкадагы эркин соода жүгүртүү боюнча үч тараптуу келишимди (НАФТА) алмаштырат. Документ дароо күчүнө кирбейт, аны улуттук парламенттер ратификациялашы керек. Канада, АКШ жана Мексиканын ортосундагы үч тараптуу эркин соода келишими (НАФТА) 1994-жылы күчүнө кирген. Читать дальше...
“Чоң жетинин” тышкы иштер министрлери Орусияны аннекцияланган Крым жарым аралындагы Кара деңизде Украинанын үч кемесин жана 24 деңиз аскерин кармап кеткени үчүн айыптады. Канаданын, Франциянын, АКШнын, Улуу Британиянын, Германиянын, Жапониянын жана Италиянын тышкы иштер министрлери тараткан билдирүүдө Орусиянын украин кемелерине каршы "аскер күчүн" пайдалануусу такыр актоого болбой турган кадам. Министрлер тараптарды сабырдуулукка жана карама-каршылыкты күчөтпөөгө чакырган. Ошондой эле Москваны... Читать дальше...
Кытайлык казактар Шинжаңдагы тарбия лагерлеринде кармалып турган жакындарын бошотууну суранып Астанага дагы бир ирет кайрылышты. АКШ Ирандын Йемендеги жарандык согушка аралашуусунун жаңы далилдерин жарыялады. Керч кысыгындагы кырдаалдан улам Украина орусиялык эркектердин өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды.
Нан жана майонез, китеп менен Интернет, сууга бышкан кесме... Мунун баары студенттердин жашоосу. "Азаттык плюстун" командасы бул ирет алардын жатаканадагы өмүрүнүн бир үзүмүн чагылдырды.
БУУнун адам укуктары боюнча эксперттери Иранды аялдарды хижаб кийүүгө милдеттендирген мыйзамга каршы чыккан укук коргоочуларды жана адвокаттарды тезинен бошотууга чакырды. 29-ноябрдагы билдирүүдө алар июнь айында аялдарга башты жана денени жаап жүрүүгө милдеттендирген мыйзамга каршы чыгып, кармалган дарыгер активист Фархад Мейсаминин саламаттыгына тынчсыздануусун билдиришкен. Ачкачылык кармаган Фархад Мейсами азыр ооруканада экени, ага күчтөп дары куюп, азыктандырып жатышканы айтылууда. БУУнун... Читать дальше...
Бишкекте эч кандай медициналык документи жок табып дарылаган кыз оор абалда ооруканага түштү.
Ооганстандын расмий адамдарынын кабарлашынча, “Талибандын” бири бирине каршы эки тобунун кагылышынан ондогон согушкер набыт болду. Герат провинциясынын губернаторунун өкүлү Жилан Фархад 30-ноябрда Шиндон аймагындагы кагылышта 28 согушкер өлүп, 25и жаракат алганын маалымдады. Кабарларга караганда, кармаш “Талибандын” азыркы жетекчилигин колдогон Хайбатулле Ахундзаде Молдонун кошууну менен ага каршы Расул Молдонун желдеттеринин ортосунда болгон. Расул молдо “Талибанды” ичинен бөлүү үчүн ооган атайын... Читать дальше...
30-ноябрда Казакстанда тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылына мүчө болгон деп айыпталган активист Асат Абишев төрт жылга соттолду. Абишевди Алматынын Алмалы райондук сотуна өкүмдү угузуу үчүн күч менен алып келишти. Ал эртең менен сот отурумуна катышуудан баш тарткан. Активист сотко келер менен аны алдап алып келишкенин журналисттерге маалымдады. Судья Ернар Касымбеков өкүмдү окуп жаткан кезде активисттин адвокаты Гүлнара Жуаспаева да болгон жок. Соттогу акыркы сөзүндө Асат Абишев "эл жакыр... Читать дальше...
Кремл АКШ президенти Дональд Трамптын президент Владимир Путин менен кездешүүдөн баш тартканына өкүнөрүн билдирди.
Кыргызстандагы ири "Вечерний Бишкек" басма үйүнүн айланасында кезектеги жаңжал чыкты.
АКШ Ирандын Йемендеги жарандык согушка аралашканынын "жаңы далилдерин" жарыялады.
АКШ Сенаты бейшемби күнү кабыл алган резолюцияда Украинанын үч кемесин жана 24 деңиз аскерин кармап кеткенине байланыштуу Орусияны "чагымчыл аракеттерге барды” деп айыптаган. Республикачы Рон Жонсон жана демократ Крис Мерфи сунуштаган резолюцияны сенаторлор бир добуштан колдоду. Жонсондун айтымында, орус президенти Владимир Путин "Батышты сынап жатат". Ал сенаторлордун резолюцияны бир добуштан колдогону “биз украин элин, украин өкмөтүн жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдорубузду көрсөтөт” деди. Читать дальше...
Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Ага ылайык, аталган кызматтын Ош облусундагы Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча бөлүмү “У.Т и К.” деп аталган фирма Кытайда жайгашкан “Б” аттуу ишканага 2017-жылдан быйыл июль айына чейин курамында сурма бар 1764 тонна тоо-тек жана кошулманы мыйзамсыз сатканын аныктаган. Мындан 6 миллион сомдон ашык пайда көргөн, бирок салык документтеринде өтө аз суммадагы акча жазылган. Ошондой... Читать дальше...
Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка кабылгандардын 97 пайызын аялдар түзөт. Бул тууралуу Бишкекте 30-ноябрда зомбулуктан коргонуу жана коргоого арналган тегерек үстөлдө айтылды. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, ар кандай изилдөө жана сурамжылоолор зордук-зомбулукка үй-бүлөдөгү аялуу катмар эсептелген балдар, аялдар, кары-картаңдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кабыларын аныктаган. Иликтөө балдардын 30% үй-бүлөдө уруп-сабаларын, улгайган адамдардын 71% зомбулукка кабыларын көрсөткөн. Читать дальше...
“Азаттык” радиосунун кыргыздын залкар жазуучусу, ойчул замандашыбыз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып, ушул жылдын июнь айында жарыяланган сынагы соңуна чыкты.
Чукул билдирүү 1-2-декабрларда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7; Суусамыр өрөөнүндө 17…-22, күндүз -8…-13; Таласта түнкүсүн -7…-12... Читать дальше...
Кыргыз Улуттук филармониясынын камералык оркестри музыка сүйүүчүлөргө атактуу кинофильмдердин музыкаларынан турган концерт тартуулады. Залда Голливудда жаралган “Терминатор”, “Гладиатор”, “Шерлок Холмс”, “Форрест Гамп”, “Гарри Потер”, “Кариб деңизинин каракчылары” сыяктуу көркөм тасмаларды жана балдардын жан дүйнөсүн багындырган мультфильмдерди коштогон түрдүү саундтректери жаңырып, аны угуу үчүн карылар да, жаштар да көп чогулду. Филармонияда 2008-жылдан бери жылына бир жолу өткөрүлүп келе жаткан... Читать дальше...
Кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине каттатуу демилгеси көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу 30-ноябрда парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргыз күрөшү федерациясынын президенти Рыскелди Шамиев менен башкы машыктыруучу Туратбек Тойчубековду кабыл алган учурда айтылды. Шамиевдин айтымында, сентябрь айында өткөн 3-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөшү боюнча мелдеште аталган федерациянын балбандары жети алтын медалды камсыз кылышкан. Ошол эле маалда... Читать дальше...
Кыргызстан маалыматтык коопсуздук концепциясын жана Киберкоопсуздук боюнча стратегияны иштеп чыкты. Учурда ал мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өтүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын 30-ноябрдагы жыйынында айтылды. Депутат Айнура Осмонова Кыргызстандын маалыматтык коопсуздугу концепция деңгээлинде эмес, улуттук доктрина болушу керектигин баса белгиледи. Депутат Дастан Бекешев кандайдыр бир Интернет сайтты, баракчаны же аккаунтту жабуу боюнча соттун чечими чыкса, аны... Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов өкмөттүн маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ишин жетишсиз деп баалап, сынга алды. Ал өлкөдө маалымат айдыңы кароосуз калып, тышкы социалдык түйүндөр балдардын аң-сезимине чейин таасир берип жатканын кошумчалады. - Буга өтө олуттуу мамиле кылуу керек. Окумуштууларыбызды илимий жактан көмөктөшүүгө тартуу, тиешелүү кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү, теле-радио аркылуу каршы аракеттерди көрүү, заманбап жабдууларды сатып алуу... Читать дальше...
Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушканын “Жээнбеков кабыл албай жатат” деп айтканы боюнча "Азаттыкка" комментарий берди. Ал “Карамушкина акыркы кезде популизм менен алектенип, баарын саясатташтырып жатат” деп айтты. - Карамушкина акыркы кезде микрафонду пайдаланып, популизм менен алектенип жатат. Депутат кайрылганда сөзсүз ал кишинин үнүн жеткиребиз, ал жакта жардамчылары бар. Протоколго ылайык алар президенттин күн тартибин, графигин карашат. Читать дальше...
Москва Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да авторлош болгон баяндамадагы былтыркы жылы Европа мамлекеттеринин ичинен Орусияда ВИЧ илдетин жуктуруп алгандар эң көп катталган деген маалыматты төгүндөп жатат. Орусиянын саламаттык сактоо министри Вероника Скворцованын 29-ноябрда журналисттерге маалымдашынча, өткөн жылы ВИЧ илдетин жаңы жуктуруп алгандардын саны баяндамада айтылгандай, 104 000 эмес, 85 миң 802 адам болгон. Саламаттык сактоо министрлиги жана Роспотребнадзор мекемеси баяндамадагы маалыматтар бурмаланган деп эсептейт. Читать дальше...
Эки күндүк жыйында дүйнөлүк экономиканын абалы көтөрүлөт. Андан тышкары бир катар эки тараптуу жолугушууларда саясий да суроолор талкууланары күтүлүп жатат. Өзгөчө көңүл Керч кысыгындагы кырдаалга бурулары айтылууда. Саммиттин ачылышына Германиянын канцлери Ангела Меркел катыша албай калды. Буга немис өкмөт башчысынын учагынын бузулуп калышы себеп болду. Бейшембиде Буэнос-Айреске багыт алган өкмөттүк учакта мүчүлүштүктөр байкалып, Көлн аэропортуна конууга аргасыз болгон. Ангела Меркел Аргентинага... Читать дальше...