Парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети бүгүн, 15-октябрда Ош облусунун Ноокат районунда жана Баткен облусунун Кадамжай районунда көчмө жыйын өткөрүшөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, көчмө жыйын учурунда Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы аэропорттун абалы, аны кайра ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланат. Учурда Кыргызстанда он бир аба майданы бар. Алардын жетөө учактарды кабыл алат. Читать дальше...
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2018-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен соодасы 1,5 миллиард долларды түздү. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5 пайызга төмөн. Ошол эле маалда экспорт 5,2 пайызга өсүп, импорт 6,2 пайызга азайган. ЕАЭБ курамындагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен өз ара соода-сатыктагы эң көп үлүш Орусияга (66,5%) тиешелүү. Андан кийин 31,8 пайыз менен Казакстан турат. Читать дальше...
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2018-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы мамлекеттер менен соодасы 1,5 миллиард долларды түздү. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5 пайызга төмөн. Ошол эле маалда экспорт 5,2 пайызга өсүп, импорт 6,2 пайызга азайган. ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен өз ара соода-сатыктагы эң көп үлүш Орусияга (66,5%) тиешелүү. Андан кийин 31,8 пайыз менен Казакстан турат. Читать дальше...
Түркияда мигранттар кабылган жол кырсыгында көз жумгандардын саны 22 кишиге жетти. Арасында балдар да бар. Дагы 13 киши жараат алган. "Анадолу" агенттининин маалыматына караганда, Измир облусунун Мендерес районунда мыйзамсыз мигранттарды алып баратка жүк машинеси Дегирменчай дарыясына кулап кеткен. Полиция окуянын чоо-жайын тактап жатат.
Стамбулдагы "Сабиха Гөкчен" аэропортунда 70тей кыргызстандык жүргүнчү мекенине уча албай турат. Бул тууралуу "Азатыкка" жүргүнчүлөрдүн бири Ханзада Асаналиева билдирди. - Биз 13-октябрда Бишкекке кетмекпиз. Дагы деле уча элекбиз. Отуздай киши мейманкаларга кетти. 40тай адам учурда "Сабиха Гөкчен" аеропортунда отурабыз. Түнү отургучтарда уктадык. Абдан суук болуп үшүдүк. Бизге эч кандай түшүндүрмө бериле элек. Кыргызстанга кете албай жаткан жүргүнчүлөрдүн дээрлик көбү Анталия шаарында туристтик сезондо иштеп кайткан эмгек мигранттары. Читать дальше...