Бельгия кийинки тепкичте Франция курамасы менен беттешет.
Кыргызстанда соңку мезгилде ата-энелер балдардын жайкы эс алуусун пайдалуу өткөргөнгө аракет кыла баштагандай. Ар кандай эл аралык уюмдар же жеке менчик лагерлер иштеп жатканы менен, алардын саны азырынча аз. Заманбап шарты бар лагерлер жана эс алуу жайлары Кыргызстандагы балдардын басымдуу бөлүгү үчүн кыял бойдон калып келет.
Франция командасына Рафаэль Варан менен Антуан Гризманндын киргизген голдору жеңиш алып келди.
Ушул күндөрү Казакстандын Астана менен Алматы шаарларында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 6-июлда борбор Астананын негизделгендигинин 20 жылдыгы белгиленип, ага Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын президенттери да катышты. Бул күнү казак президенти Нурсултан Назарбаевдин да туулган күнү. Ал 78ге чыкты. Эки шаарда тең маараке өтө турган аймактар тосмолонгон. Ал тапта жума күнү кечке жуук Алматыда бир кишини полиция кармап, атайын унаа менен алып кетишкенин “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Читать дальше...
Таиландда үңкүрдө калган балдарды куткаруу иштерине катышкан суучул каза болду. 6-июлда Самарн Кунан үңкүрдө калган балдарга кычкылтек толтурулган баллонду жеткирип келатып, өзү суу алдында аба жетпей мерт болду. Эки жума мурун кырсыкка кабылган балдарды куткаруу иштери дагы эле уланып жатат.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 6-июлда Пхеньянда Түндүк Кореянын бийлик өкүлдөрү менен жолугушту. Ал өлкөнү өзөктүк куралдан арылтуунун деталдуу планын иштеп чыгууга жана Корей согушу учурунда өлгөн америкалык аскерлердин сөөктөрүн алып кетүүгө далалаттанып жатканы кабарланган. Коштоп жүргөн журналисттердин маалыматына караганда, Помпео ушул кезге чейин генерал Ким Ен Чхол менен жолукту. "Бүгүнкү жолугушуу чынында маанилүү" деген анда өлкө лидеринин оң колу саналган Ким Ен Чхол. Жооп иретинде... Читать дальше...
Орусия Кошмо Штаттарынан келе турган товарларга 25-40% бажы алымын киргизди. Мындай чечим Вашингтондун болот менен алюминийге салык салганына байланыштуу кабыл алынган. Бул тууралуу Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлигине таянып «Интерфакс» агенттиги кабарлады. Министрлик жооп чараны караштырган документке өкмөт башчы Дмитрий Медведев кол койгонун белгилейт. Кошумча бажы алымы айрым курулуш техникаларына, мунай-газ жабдыктарына, металлды кайра иштетүүчү аспаптарга жана оптоволокного киргизилген. Читать дальше...
Бүгүн Ысык-Ата районунун Өтөгөн айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муратаалы Будайчиев 99 жашында көз жумду. Аны акыркы сапарга узатууга Башкы штабдын оркестри жана Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери келишти. Ардагердин артында 8 баласы, 47 небереси жана 18 чөбөрөсү калды.
Өзбекстандык футбол калысы Равшан Ирматов Орусиядагы дүйнө чемпионатын тейлөөдөн кетти. Буга анын жардамчысынын жараат алганы себеп болду. ФИФАнын эрежелери боюнча бир бригададагы калыстарды алмаштырууга жол берилбейт. 41 жаштагы Ирматов буга чейин дүйнө чемпионаттарында 11 жолу башкы рефери болгон. Орусияда өтүп жаткан биринчиликте ал Аргентина-Хорватия жана Испания-Марокко беттештерине калыстык кылган. Ирматов 2003-жылы ФИФАнын арбитри болгон. Ошондон бери абройлуу мелдештерди тейлеп келди. Читать дальше...
Эки отчетту экстремисттик материал деп тапкан соттун чечимине “Бир дүйнө – Кыргызстан” уюму нааразылыгын билдирүүдө.
Эки отчетту экстремисттик материал деп тапкан соттун чечимине “Бир дүйнө – Кыргызстан” уюму нааразылыгын билдирүүдө.
Жапон өкмөтү өлкөнүн тарыхындагы эң ири теракт үчүн жоопкер Аум Синрикё деген сектанын лидери менен кошо алты киши өлүм жазасына тартылганын ырастады. Таиландда эки аптадан бери үңкүрдө турган балдарды куткаруу иштерине катышкан суучул каза болду.
Эсеп чыгаруучу модель командалардын жеңишке болгон шансын анализдеген.
Пакистандын антикоррупциялык соту мурдагы өкмөт башчы Наваз Шарифти 10 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн мамлекет эсебине өткөрүүнү буйруду. Чечим 6-июлда чыкканын анын адвокаты Музаффар Аббас билдирди. Шариф азыр Пакистанда эмес. Ал Лондондо, ооруканада жаткан аялынын жанында экени болжолдонууда. Мурдагы өкмөт башчы коррупция боюнча айыпталып, былтыр кызматтан кетирилген. Тагыраагы кызы жана уулу оффшор аркылуу өлкөдөн каражатты чыгарып, Лондондо кымбат баалуу мүлк сатып алганы белгилүү болгон. Читать дальше...
Кыргызстанга ирандык белгилүү велосипедчи Рахматулла Азад келди. Ал “Азаттыкка” да ошондой кат тапшырып, өзүнүн вазийпасы тууралуу ой бөлүштү.
Жапонияда өкмөт өлкө тарыхындагы эң ири теракт үчүн айыптуулар өлүм жазасына тартылганын ырастады. "Аум Синрикё" деген сектанын лидери Сёко Асахара менен бул топтун башкы алты жактоочусуна чыгарылган өкүм бүгүн эртең менен аткарылган.
Британиянын полициясы Эймсберидеги эки адам жабык жерде турган буюмду кармагандан кийин нервди шал кылуучу "Новичок" затына ууланышканын билдирди. Ушул тапта жүздөн ашуун полиция Солсбери жана Эймсбери шаарларында иликтөө жүргүзүп, өмүргө коркунуч туудурчу уунун изин табууга далалаттанууда. Жекшембиде Эймсбериде аял-эркек эс учун жоготкон абалда табылган. Кийинчерээк алар Советтер Союзунда жасалган «Новичок» тобундагы затка ууланганы маалымдалган. 4-мартта мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия да «Новичоктон» ууланып... Читать дальше...
7-июлда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 15...20, күндүз 34...39, Таласта түнкүсүн 14...19, күндүз 33...38, Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 17...22, күндүз 34...38, Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31, Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 28...33 градус болот. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 36…38 градуска чейин ысыйт.
Икрамжан Илмиянов Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын президенттигинен кетти.
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Ренат Макенов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берүүдө. Бул жаңылыкты мэрия өкүлдөрү ырасташты. Андан алынган маалыматка ылайык, Макенов Бишкектин №12 кичи районундагы жер тилкеси мыйзамсыз түрдө бөлүнгөнүнө байланыштуу сурак берип атат. Ренат Макенов ал учурда Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси болуп туруп бул ишке тиешеси болгону айтылууда. УКМК Макеновдун суракка чакырылганы боюнча кийинчерээк маалымат болорун билдирди. Читать дальше...
7-июлдан 10-июлга чейин Кыргызстандын аймагында катуу ысык болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, бул күндөрү Чүй, Талас облустарында жана өлкөнүн түштүгүндө абанын температурасы 40 градуска чейин жетет. Ал эми башка аймактарда 36 градуска чейин ысыйт. Адистер күн өткөрүп албаш үчүн көчөдө көп жүрбөш керек экенин эскертишүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул күндөрү дарыялардагы суу кирип, ташкындашы ыктымал экенин кабарлады. (BkA)
Казакстанда бүгүн борбор калаа Астананын 20 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип жатат. 6-июль өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин да туулган күнү. Казакстанды эгемендик алгандан бери башкарып келген Назарбаев быйыл 78ге чыкты. Мааракеге коңшу өлкөлөрдүн – Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын президенттери да катышып жатат. Аларга адегенде калаада жаңы ачылган Эл аралык финансы борбору көрсөтүлдү. Быйылкы мааракени утурлай ордо калаада эскерткичтер, велосипед жолу, бала бакчалар курулуп, парктар жаңыртылган. Читать дальше...
Польшанын Улуттук эскерүү институту быйыл Кызыл Армияга, советтик партизандарга жана аскер туткундарына байланыштуу 75 эстеликти алып салууну сунуш кылып өкмөткө кайрылды. Бул тууралуу «Коммерсантъ» басылмасы кабарлап, "алынууга тийиш" деп чечилген эстеликтердин тизмесин жарыялады. Советтик аскерлерге ыраазылыкты туюндурган эстеликтер Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин борбор Варшава баштаган ири шаарларда тургузулган. Былтыр Польшада имарат, объектилердеги коммунизмге же башка тоталитардык түзүлүшкө... Читать дальше...
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) имараты болгон “Медиа-Форумдун” ишканасы башка адамдарга сатылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул жөнүндө “Медиа Форум” ачык акционердик коомунун башкы директору Адилет Жумалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган имарат “Медиа Форум” ишканасына таандык жана маалымат каражаттарында айтылган “НПФ Форум” ишканасы менен эч кандай тиешеси жок. - “Атамбаев “Форумду” сатты" деген имиштер чагымчылдыкка жатат. “НПФ "Форумдагы" менчик ээсинин алмашышы бизге да... Читать дальше...
Балбан килемде 77 килограмм салмакта күч сынашат