Канада менен АКШнын окумуштуулары жумасына 40 сааттан ашыкча иштөө кант диабети сыяктуу өнөкөт ооруларды чакырарын аныкташты. Кыргызстанда күнүнө 10 сааттан ашык иштеп, жаны тынбаган адамдар ого бетер көбөйүүдө. Ашыкча иштөөнүн саламаттыкка кесепети кандай?
"КСДП партиясы жеке кызыкчылык жана кызмат үчүн “жармашып” келгендерден тазалануунун татаал этабын башынан өткөрүп жатат" деп билдирди бүгүн “Азаттык” радиосуна партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева. “КСДПнын кезексиз курултайын чакыруу тууралуу жазуу да, оозеки да чечим же реалдуу кадамдар жасалган жери жок. Легитимдүү курултай өткөрүш үчүн төраганын жана партиянын борбордук органынын чечими керек. Райондук жыйындарды партиянын район боюнча куратору чакырат. Облустук координатор деген кызмат бир нече жыл мурда жоюлган. Читать дальше...
Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 59 бүтүрүүчү "алтын сертификатка" ээ болду. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков эң жогорку балл алган окуучуларды куттуктап, аларга сертификат тапшырды. Ийгиликке жеткен бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү Бишкектеги орто мектептердин окуучулары болуп чыкты.
Кыргызстанда мамлекетке жардам бергиси келген ыктыярчылар үчүн атайын эсеп ачуу тууралуу токтом долбоору иштелип чыкты. Каржы министрлигинин маалыматында сунушталган долбоор мамлекетке жардам бергиси келген жарандар, ички жана тышкы инвесторлор, эл аралык уюмдар берген каражаттын эсебинен кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртууга, экономикалык жана финансылык көз карандысыздыкты камсыздоого багытталганы айтылат. Долбоордо бул иштерди көзөмөлдөө үчүн 13 кишиден турган байкоочу кеңеш түзүп, курамына президенттик аппарат... Читать дальше...
Кыргыз өкмөтү 2018-2019-окуу жылы үчүн жогорку окуу жайларына 5705 гранттык орун бөлдү. Анын 4903ү Билим берүү жана илим министрлигине караштуу жогорку окуу жайларына тиешелүү. Калган гранттык орундар башка мамлекеттик органдар тарабынан алардын кайсы кадрларга муктаждыгын талдоо менен каржыланат. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, учурда өнөр-жай, курулуш, айыл чарба, транспорт жана байланыш, тейлөө, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагы кадрларга өтө муктаж. Читать дальше...
Орусиянын Тергөө комитети Санкт-Петербургдун метросундагы жардыруу үчүн сириялык "Катиба Таухид валь-Жихад" тобун айыптады. Би-Би-Си жазып чыккандай, мындай маалыматты Тергөө комитети 3-июлда жардырууну уюштурууга шектүүлөрдүн бөгөт чарасын узартуу боюнча Москва шаардык сотундагы жараян учурунда билдирди. Окуяда 112 киши жабырлануучу деп табылган. Тергөө комитетинин маалыматына караганда, Орусияда тыюу салынган "Катиба Таухид валь-Жихад" тобу 2014-жылы түзүлүп, Сирия президенти Башар Асад жана... Читать дальше...
Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аудит органдарынын жетекчилеринин саммити болот. Кыргызстандын Эсеп палатасы билдиргендей, жыйын «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында белгиленген. Анда мамлекеттик аудиттин ишиндеги көйгөйлөр, бюджет каражаттарынын сарпталышы боюнча натыйжалуу ишке жетишүү, аталган органдын мамлекеттин социалдык саясатындагы орду талкууланат. Жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат. (NT)
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, этнофестивалга тандоо туру 10-11- июлда Бишкекте, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот. "Көчмөндөр ааламы" этнофестивалы быйыл сентябрда өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулмакчы. Ага катышууну каалаган кыргызстандыктар тандоодон өтүшү керек. Тандоо туру "этнохит", "этнобий", "этномода" жана "айтуучулук чеберчилиги " жанрлары боюнча жүргүзүлөт. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 2-8-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Читать дальше...
Англиялыктар Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун тырыхында биринчи жолу пенальти аркылуу утуп алышты. Буга чейинки тарыхта пенальти тебишүүдөн Англия ар дайым утулуп келген. Түндө алар он бир метр аркылуу жеңүүчүнү аныктоодо Колумбияны жеңди. Оюн эсеби 1:1 болсо, пенальтиден Англия 4:3 эсебинде алга чыкты. Натыйжада Англия чейрек финалда Швеция менен ойнойт. Кечээ Швеция 1:0 эсебинде Швейцарияны утуп алган. Чейрек финал оюндары 6-июлда башталат. Анда: Уругвай – Франция, Бразилия ... Читать дальше...
Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы Мамлекеттик кадр кызматынын карамагына өттү. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 3-июлда кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Эми Кадр кызматы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте он беш жумушчу күндүн ичинде укуктук-нормативдик актылар тууралуу долбоорду президенттик аппаратка берүүгө тийиш.
3-июлда Астана полициясы шаардагы «Комсомольский» турак-жай комплексинин курулушун бүткөрүү талабы менен акцияга чыккан бир нече үлүшчүнү кармап кетти. Комплекстин курулушуна акча берип койгон үлүшчүлөр курулуш компаниясынын аракеттерине нааразылык билдирип, ачкачылык жарыялашты. Үлүшчүлөрдүн акциясы башталганына бир саат боло электе полиция менен прокуратура кызматкерлери келди. Астананын Есил райондук прокуратурасынын орун басары Сергей Смолин чогулгандарга алардын бул аракети «уруксат берилбеген акция экенин» эскертип... Читать дальше...