Сирия өкмөтүнүн армиясы жана өнөктөштөрү 18-19-февраль күндөрү козголоңчулардын колундагы Гоута шаарчасына урган соккулардан 98 киши курман болду. Бул тууралуу кечээ урушка байкоо салган мониторинг тобу билдирди. Маалыматка караганда, өлгөндөрдүн 20дан көбү балдар, дагы 470 киши жарадар болду. Сириянын куралдуу күчтөрү бул маалыматка комментарий бере элек. Дамаск бийлиги согушкерлерди гана бутага алганын айтып келет. Жергиликтүү маалымат каражаттары Гоутадагы топтор башкалаага ракета атканда бир наристеге ок тийип... Читать дальше...
Экс-президент Роза Отунбаева абактагы саясатчы Бектур Асанов менен жолугуп, ал-абалын сурап чыкты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушуу бүгүн болгон. Буга чейин айрым маалымат каражаттары Асанов цинга оорусуна чалдыкканын жазып чыгышкан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул маалыматты четке кагууда. Камакта ачкачылык жарыялаган үч саясатчы суу иче баштаганы да бүгүн кабарланды. Оппозиционерлер Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков... Читать дальше...
Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШны жана айрым Европа өлкөлөрүн Балканда "Чыгыш менен Батыштын ортосундагы чыңалууга май тамызып жатат" деп айыптады. Ушул аптада Белгардга аттанып жаткан министр сербиялык "Бета" агенттигине берген интервьюда Батыштагы “Орусияга каршы” өлкөлөр Балкан мамлекеттерин Еврошаркетке жана НАТОго кабыл алууда “Орусияны же Батышты тандоо” шартын коюп жатышканын билдирди. Лавров мындай саясат жаңылыш деген пикирин билдирип, Москва өз кызыкчылыктарын коргоорун... Читать дальше...
Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия ЖЭБди курууга сарпталган 386 млн. доллардын чоо-жайы талкууланып жатат.
Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия ЖЭБди курууга сарпталган 386 млн. доллардын чоо-жайы талкуулап жатат.
“Жакынкы жылдары биз чек ара маселесин толук чечкенге аракет кылабыз” деп билдирди бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Баткенде эл менен жолугушууда. Исфана шаарында өткөн жыйынга Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары да катышты. Мамлекет башчы Өзбекстанда жана Тажикстанда өткөн иш сапарларынын жыйынтыгы, эки тараптуу кызматташтык тууралуу айтып берип, эл аралык тажрыйбада чек ара маселелери сүйлөшүү жолу менен чечилерин кошумчалады. Жолугушууда жергиликтүү тургундар аймактагы социалдык маселелерди көтөрүп... Читать дальше...
21-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз кар көпчүлүк аймактарда жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6; Таласта түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...5, күндүз 4...9; Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7; Нарында түнкүсүн -13...-18... Читать дальше...
Украина "Евромайдан" деген ат менен тарыхка кирген кандуу окуялардын 4 жылдыгын белгилеп жатат. 2014-жылы 20-февралда Киевде полиция менен өкмөткө каршы демонстранттар кагылышкан. Массалык акциялар ага чейин бир жыл мурун ноябрда ошол кездеги орусиячыл президент Виктор Янукович Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол койбой, андан көрө Москва менен экономикалык алакаларды өнүктүрүүнү жактаарын билдиргенден кийин башталган. Расмий маалыматтарга ылайык, нааразылык акциялары маалында 104 киши мерт болгон... Читать дальше...
Камакта ачкачылык жарыялаган үч саясатчы суу иче баштады. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди. - Үчөөнүн тең абалы жакшы эле, канааттандырарлык, суу иче башташты. Медицина бөлүмү жазып берген дарыларын алып жатышат. Доктурлардын көзөмөлүндө. Экөө №1 тергөө абагына которулган. Асанов болсо мурда операция болгонун, ден соолугун эске алуу менен №47 колонияда калтырылган. Оппозициячыл саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков... Читать дальше...
Февралдын экинчи жарымында Кыргызстанда сасык тумоологондор мурдагы айга салыштырганда 11 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Учурда республикада эпидемиялык абал туруктуу. Республиканын бардык саламаттык сактоо мекемелеринде калк арасында курч респиратордук вирустук оорулардын жана сасык тумоонун алдын алуу боюнча иш-чаралар жүрүп жатканы айтылууда. Бишкектеги “Гиппократ” жана “Кроха” жеке менчик медициналык борборлорунда сасык тумоого каршы эмдөө улантылып жатат. Читать дальше...
Бишкекте №1 шаардык оорукананын имараты жаңыртылат. Бул боюнча сүйлөшүүлөр Саламаттык сактоо министрлигинде австриялык "Vamed Group" компаниясынын катышуусунда өттү. Министрликтин эл аралык кызматташтык уюмунун маалыматында, бул ишкана ар кайсы өлкөлөрдө мамлекеттик ооруканаларды салуу жагынан тажрыйбасы бар. Ал 18 жылдан бери Түркмөнстанда, Казакстанда ири долбоорлор менен иштеген. 450 орундук оорукананын имаратын жаңыртуу ишин австриялык делегация клиниканын башкы дарыгери менен чогуу талкуулашты. Читать дальше...
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов кыргыз тарыхын мыскалдап жыйнап, жыйырмага жакын томдуктарды чыгарды. Өз элинин өткөнүнө кызыккан калемгер бабалар жүргөн Алтай, Энесай, Монголия жергесин кыдырып келген. Кийинки кездери Кеңеш ага курбалдаштары, жан кыйбас жакын достору тууралуу эскерүүлөрдү жазууда.
Кыргызстанда алгачкы киномюзикл тартылды. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бүгүн кабарлагандай, “Дарак ыры” тасмасын Кыргызстандын “Централ Азия Фильм” жана Орусиянын “Синетрейн” компаниялары чогуу тартышты. Сценарийдин автору жана режиссеру - Айбек Дайырбеков. Кинодастандын саундтрегин Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, учурда Москвада жашап жаткан ырчы Жылдыз Осмоналиева жана бишкектик аткаруучу, учурда Орусиядагы «Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко аткарышты. Читать дальше...
Курама команда ушул жылдын 18-августунан 2-сентябрына чейин Индонезиянын борбору Жакартада өтө турчу Азия оюндарына карата даярдык көрүүдө.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттеги соңку ротация коллегиянын жыл жыйынтыгы боюнча отурумунун чечимине ылайык жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди: - Бизде коллегиянын жыйынтыгы боюнча пландуу түрдө ротация болуп жатат. Бул жылыга болчу көрүнүш. Мындай орун алмаштыруу Коррупцияга каршы кызматта (АКС) эле эмес, башка башкармалыктарда да болуп жатат. Кечээ айрым маалымат каражаттары президент Сооронбай Жээнбековдун... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттеги соңку ротация коллегиянын жыл жыйынтыгы боюнча отурумунун чечимине ылайык жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди: - Бизде коллегиянын жыйынтыгы боюнча пландуу түрдө ротация болуп жатат. Бул жылыга болчу көрүнүш. Мындай орун алмаштыруулар Коррупцияга каршы кызматта (АКС) эле эмес, башка башкармалыктарда да болууда. Кечээ айрым маалымат каражаттары президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн... Читать дальше...
АКШнын Флорида штатында өткөн аптадагы кол салуунун арты кайрадан куралды көзөмөлдөө боюнча талкуулар, бийликти чара көрүүгө чакырган демонстрациялар менен коштолду. Ал эми кол салуудан аман калган окуучулар келерки айда Вашингтонго жүрүш жасоо планын жарыялашты. Алар муну менен бийликти курал мыйзамын катаалдаштырууга мажбурлоону көздөп жатышат.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мурдагы төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин жоопкерчилиги тууралуу коомчулукта кызуу талкуу жүрүп жатат.
Сексенинчи жылдары советтик республикаларды түрө кыдырып, кыргыз эстрадасын тааныткан белгилүү ырчы Шахрезада Аскарова бүгүн жай турмушта өмүр сүрүүдө. Ал ырчылык өнөрү, сагындырган сахнасы жоготкон жылдары, тагдыры жана бактысы тууралуу “Азаттыкка” сыябан-маек курду.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн иш сапар менен Баткен облусуна барды. Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, эки күндүк сапар алкагында президент Лейлек жана Баткен райондорунун жашоочулары менен жолугушат. Ошондой эле Лейлек районунда Мамлекеттик чек ара кызматынын аскерлери үчүн салынган көп батирлүү үйдүн ачылышына катышат.
Казакстанда кыздарын жоолуксуз мектепке жиберүүдөн баш тарткан он үч ата-энеге 19-февралда айыппул салынды. Бул тууралуу Актөбө облустук билим берүү департаментине таянуу менен "Азаттык" радиосунун казак кызматы жазып чыкты. Маалыматка караганда, Кобда районунун Алия кыштагында жашаган эки кыздын ата-энеси 12 миң теңге (37 доллар) өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Айылдагы мектепте 6-8-класста билим алган эки кыз үчүнчү чейрек башталгандан бери окууга бара элек. Дин иштери боюнча... Читать дальше...
Швециянын баш калаасы Стокгольмдо былтыр жазында теракт уюштурду деп айыпталган Өзбекстандын жараны Рахмат Акиловдун соту бүгүн уланат. Териштирүү 13-февралда башталган. Прокуратура соттон Акиловду өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну талап кылып жатат. Соттук угуулардын акыркысы 9-майга белгиленип, чечим жай башында чыгарылары күтүлүүдө. 39 жаштагы өзбекстандык жаран башкарган жүк ташуучу автоунаа былтыр 7-апрелде Стокгольмдо элди тебелеп, соода борбордун имаратын сүзгөндөн кийин өрттөнүп кеткен. Читать дальше...
"Швециянын баш калаасы Стокгольмдо былтыр жазында теракт уюштурду" деп айыпталган Өзбекстандын жараны Рахмат Акиловдун соту бүгүн уланат. Териштирүү 13-февралда башталган. Прокуратура сотко Акиловду өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну сунуш кылып жатат. Соттук жыйындардын акыркысы 9-майга белгиленип, чечим жайдын башында чыгарылганы турат. 39 жаштагы өзбекстандык жаран айдаган жүк ташуучу автоунаа былтыр 7-апрелде Стокгольмдо элди тебелеп, соода борборунун имаратын сүзгөндөн кийин өрттөнүп кеткен. Читать дальше...
Турнир аяктагандан кийин спортчулар ошол эле Германияда 1-мартка чейин машыгышат
Бишкек шаардык соту парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кароону улантат. Бул тууралуу депутат "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, өткөн аптадагы жараяндарда күбөлөр суралып бүттү. Бүгүн сотто Шыкмаматов сөз алат. Бишкектин Биринчи Май райондук соту былтыр 19-декабрда Алмамбет Шыкмаматовду Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси ("Кылмышка шериктеш болуу"), 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айыпка жыккан. Читать дальше...