Интернетте 20-февралда тараган видео кайрылууда 90 жашка таяп калган Райла Идинова «үйүбүздү тартып алып, ушул жашта мени мүңкүрөтпөгүлө, соттор акыйкаттуу болгула» - деди. «Бул үйдө баламдын кылайган дагы эмгеги жок. Абышкам экөөбүз кезекке туруп алганбыз. Үйдү алганда абдан кубандык эле. 1928-жылы туулгам, 90 жашка чыктым. Абышкам экөөбүз тең мамлекетке кызмат кылдык. Эми карып, төрүмдөн көрүм жакын калганда абышкамдын үйүн тартып алганы жатышабы? Менден үйдү алып коюшса көчөдө каламбы? Бул туура эмес. Читать дальше...
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жакынкы күндөрү Сириянын Африн шаарын курчоого алууга даярдыктар көрүлүп жатканын билдирди. Сирия түндүгүндөгү күрт кошуундарына каршы “Зайтун бутагы” деген аскерий операцияны Анкара январдын соңунда баштаган. Ошондон бери түрк бийликтери террорчулукту пропагандалаган деген шек менен 800дөй кишини кармады. Алардын 600дөйү Анкаранын аракеттерин соцтармактарда сындаганы, калгандары болсо ар кандай нааразылык акцияларында катышканы үчүн камалышты. Бул тууралуу Түркиянын Ички иштер министрлиги кабарлады.
Жогорку Кеңештин депутаты аткезчиликке, трансулуттук кылмыштуу топко аралашууга байланыштуу шектүү катары кармалышы талкуу жаратууда.
Жогорку Кеңештин депутаты аткезчиликке, трансулуттук кылмыштуу топко аралашууга байланыштуу шектүү катары кармалышы талкуу жаратууда.
Жакында Сирияда болгон куралдуу кагылышууда Орусия жана КМШнын ондогон жараны жабыркаган, өлгөндөр да бар, бирок алар орусиялык аскерлер эмес. Ушундай билдирүүнү шейшембиде орус Тышкы иштер министрлиги таратты. Мекеме маалымдагандай, ал кагылышууларга Орусия Федерациясынын жоокерлери катышкан эмес жана алардын аскерий жабдуулары да пайдаланылган эмес. Жарадар болгон бир нече кишиге Орусияга кайтып келүүгө жардам берилди. Ал кагылышуу качан болгону билдирүүдө такталган жок. Буга чейин АКШ баштаган... Читать дальше...
Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо үчүн Кытайдан алынган насыяга 105 миллион доллар үстөк пайыз төлөнөт. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков 20-февралда ЖЭБдеги авариянын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында эл өкүлү Улан Примовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, насыя эки пайыздык жылдык үстөк менен 20 жылга алынган. Келишимге ылайык, 2033-жылга чейин Кытай тарапка 100 миллион доллардан ашык үстөк пайызы менен 493 миллион доллар кайтарылууга тийиш. Читать дальше...
Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо үчүн Кытайдан алынган насыяга 105 миллион доллар үстөк пайыз төлөнөт. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков 20-февралда ЖЭБдеги авариянын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында эл өкүлү Улан Примовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, насыя эки пайыздык жылдык үстөк менен 20 жылга алынган. Келишимге ылайык, 2033-жылга чейин Кытай тарапка 105 миллион доллар үстөк пайызы менен 493 миллион доллар кайтарылууга тийиш. Читать дальше...
Стокгольмдогу кол салууну моюнга алган Өзбекстандын жараны Рахмат Акилов анын максаты Швецияны “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна каршы күрөштөн баш тарттыруу болгонун айтты. 20-февралда сотто сүйлөгөн 39 жаштагы Акилов: “Мен Швеция “Ислам мамлекети" чабуулдарга туш болгон аймакка аскерлерин жөнөтүшүн токтотсун дегем”, - деди. Сотто ал орус тилинде сүйлөп, тилмеч аны которуп турду. 39 жаштагы өзбек жараны терроризм үчүн айыпталууда. Акилов кайсы бир конкреттүү кол салуудан шыктанбаганын, ошол эле учурда ага чейин Берлинде... Читать дальше...
20-февралда Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияны жана ага сарпталган 386 млн. доллардын максаттулугун иликтеген депутаттык комиссия кезектеги жыйынын өткөрдү.
Эмил Кайкиев тышкы иштер министринин орун басары кызматынан бошотулду. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка 20-февралда премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Анда Кайкиевдин бошотулганы анын башка жумушка өткөндүгү менен түшүндүрүлдү. Эмил Кайкиев бул кызматта 2015-жылдан бери иштеп келген.
Украина "Евромайдан" деген ат менен тарыхка кирген кандуу окуялардын төрт жылдыгын белгилеп жатат. АКШнын Флорида штатында өткөн аптада болгон кол салуунун арты кайрадан курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча талкууларга, бийликтерди чара көрүүгө чакырган демонстрацияларга алып келди. Түркияда террорчулукту пропагандалаган деген шек менен 800дөй киши кармалды.
20-февралда Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияны жана ага сарпталды делген 386 млн. доллардын максаттуулугун иликтеген депутаттык комиссия кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев TBEA менен түзүлгөн келишимде ЖЭБди жаңылоонун 1 мегаватты 1287 доллар болот деп жазылганын, иш жүзүндө 1286 доллардан айланганын айтты.
Украина "Евромайдан" деген ат менен тарыхка кирген кандуу окуялардын төрт жылдыгын белгилеп жатат. Ошол күндөрү нааразылык акцияларына чыгып курман болгондор эскерилүүдө. Өзгөчө 2014-жылы 20-февралда Киевдеги кагылышууда өкмөткө каршы демонстранттар көп өлгөн.
Украина "Евромайдан" деген ат менен тарыхка кирген кандуу окуялардын төрт жылдыгын белгилеп жатат. Ошол күндөрү нааразылык акцияларына чыгып курман болгондор эскерилүүдө. Өзгөчө 2014-жылы 20-февралда Киевдеги кагылышууда өкмөткө каршы демонстранттар көп өлгөн.
Жогорку Кеңеште Бишкектин Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) болгон авариянын себептерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Жыйында 2014-жылы ЖЭБдин реабилитациясына Кытайдан алынган 386 миллион доллардын сарамжал пайдаланылышы тууралуу маселе талкууланды. Талкууга Каржы министрлигинин, Улуттук энергохолдингдин, “Электр станциялары” ишканасынын жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев келишим боюнча... Читать дальше...
16 жаштагы Садык Казиев - мектеп окуучусу. Анын ата-энеси дудук жана кулагы укпайт. Садык - ата-энесинин кулагы, тили, сырткы жашоону сездирип турган туюму. Ал бир жылдан бери музыканын коштоосунда ырларды кол жаңсап түшүндүрүп ырдап, тарткан тасмаларын интернетке жарыялап келет. Муну менен Садык ата-энеси эле эмес алар менен тагдырлаш адамдардын да ырларды түшүнүүсүнө көмөк көрсөтүп, ырахат тартуулоону максат кылат.
Расмий маалыматтарга караганда, Тегеранда суфилер менен полициянын кагылышуусунда коопсуздук күчтөрүнүн беш кызматкери курман болуп, 300дөй киши кармалды. "Гонабади Суфи" тобунун мүчөлөрү же дервиштер башкалаанын түндүгүндө кечээки нааразылык акциясында тутанган кагылышта жок дегенде бир мүчөсү каза болгонун маалымдашты. Социалдык түйүндөрдө тараган маалыматтарга ылайык, дервиштер бул диний уюмдун мүчөсүнүн кармалышына каршы чыгып, полиция бөлүмүнүн жанына чогулушкан. Интернетке чыккан жана мамлекеттик... Читать дальше...
Кыргызстанда балдар арасында миопия оорусу (көздүн алысты көрбөй калышы) жайылып баратат. Дарыгерлер көздүн курчу кетип жатканына Интернетти күнөөлөшөт.
Евробиримдиктин дипломаттары Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичке каршы санкцияларды узартууну көздөп жатышат. Ошол эле маалда анын эки шеригине каршы жазалоочу чаралар алынып салышы мүмкүн. Аттарын атабаган дипломаттар "шаркет Януковичтин жакын адамы Сергей Клюевди жана юстициянын мурдагы министри Олена Лукашты мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланууга тиешеси бар адамдардын тизмесине киргизиши үчүн жетиштүү далилдер жок" дешет. Ал эми калган 13 кишиге каршы санкциялар узартылат. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Интернеттеги социалдык түйүндөрдө кыргыз тилине байланыштуу тарап жаткан чакырыкты иликтей баштады. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Бир нече күндөн бери социалдык түйүндөрдө “орусча сүйлөгөндөргө кыргызча жооп кайтарыш керек”, “сатуучу кыргызча сүйлөбөсө ал жерде соода кылуудан баш тартабыз” деген мазмундагы чакырык жазылган сүрөт тарап жатат. Бүгүн айрым маалымат каражаттары бул... Читать дальше...
"Швециянын баш калаасы Стокгольмдо былтыр жазында теракт уюштурду" деп айыпталган Өзбекстандын жараны Рахмат Акиловдун бүгүнкү сотунда ага сөз берилет. Соттук териштирүү 13-февралда башталган. 39 жаштагы Акиловдун адвокаты ошол күнү өткөн сот жараянында террордук топ өзбек жаранын ар кандай чабуулдарды уюштурууга түртүп, муну менен Швецияны “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы күрөшүп келген эл аралык коалициядан чыгууга мажбурлоону көздөгөнүн айткан. Коалициянын курамында Иракта швециялык 70тей аскер кызмат өтөөдө. Читать дальше...
Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымов "өткөн айда Актөбө облусундагы трассада өрттөнүп кеткен автобус жолго чыгып жатканда эле бузук болчу" деп билдирди. Өзбекстандык эмгек мигранттарын Орусияга ташып бараткан автобус 18-январда Чымкент-Самара кан жолунда өрттөнгөндө 52 киши өлгөн. Бардыгы өзбек жарандары болчу. Дагы эки жүргүнчү жана Казакстандын жарандары болгон 3 айдоочу аман калган. Министрдин айтымында, айдоочулар сот жообуна тартылууда. Тергөөчүлөр бузук автобусту жолго чыгаруунун себептерин текшерип чыгышмакчы. Читать дальше...
Беларуста журналист "тартип коргоо органдарына каршылык көргөздү" деп айыпталууда. Андрус Козел иштеген "Белсат" телеканалы журналистти милиция сабаганын маалымдады. "Козел жекшембиде Минскидеги участоктордун биринде жергиликтүү шайлоону чагылдырган. Ошол кезде ага төрт тартип коргоочу кол салган", - деп билдирди "Белсат". Каналдын өкүлдөрү журналист жана оператор болуп иштеген Андрус башынан жараат алганын билдирди. Бирок 19-февралдагы сотто милиция кызматкерлери ал өзү жыгылып кеткенин айтышкан. Читать дальше...
Македония Греция менен узак жылдардан бери созулуп келаткан талашты ушул жайда өтчү НАТОнун саммитине чейин чечүүгө үмүттөнөт. Афины мурдагы Югославиянын курамындагы жумурияттын аталышына каршы болуп келген. Анткени Грециянын түндүгүндө да ушундай эле аталыштагы аймак бар. Греция бул келечекте ар кандай жер талашка алып келиши мүмкүн деп чочулайт. Македониянын премьер-министри Зоран Заев сүйлөшүүлөр ушул жайга чейин ийгиликтүү аяктайт деп ишенерин 19-февралда билдирди. Бул араздашуу Македониянын... Читать дальше...