22-февралда Өзбекстанда мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыров камакка алынды. Бир нече булак, анын ичинде прокуратуранын өзүндөгү адамдар "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына бул маалыматты бышыктады. Бирок башкы көзөмөл органы расмий тастыктай элек.
Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында өтүп жаткан кышкы Олимпиадада орусиялык хоккейчилер финалда немис хоккейчилери менен беттеше турган болду. 23-февралдагы экинчи жарым финалда Германия Канаданы 4-3 эсебинде жеңип чыкты. Андан мурда орусиялык хоккейчилер чехиялыктарды 3-0 менен утуп алган. Алтын медал үчүн таймаш 25-февралда өтөт. Канада менен Чехия болсо коло медал үчүн күч сынашмакчы. Орусиянын курама командасы допинг жаңжалынан улам олимпиададан четтетилген. Кызытма колдонбогонун далилдеген... Читать дальше...
Түндүк Кореяга жаңы санкциялар киргизилгенин АКШнын Каржы министрлиги 23-февралда жарыялады. Бул жолку жазалоочу чаралар Түндүк Кореяга санкциялардан качууга жардам берди деп шектелген бир адамды, 27 компанияны жана 28 кемени бутага алат. Президент Дональд Трамп муну Пхеньянга каршы санкциялардын "болуп көрбөгөндөй ири топтому" деп атады. Пхеньяндын талаштуу өзөктүк жана ракета программасын сынга алган Вашингтон Түндүк Кореяга каршы буга чейин нече жолу санкцияларды жарыялаган. Соңку чаралар... Читать дальше...
Ирандын баш калаасы Тегеранда милдеттүү түрдө баш кийим кийүүнү талап кылган мыйзамга нааразылык билдирген дагы эки аял камакка алынганы белгилүү болду. Алар каршылык иретинде Тегеранда көрүнө жерге чыгып алып, эл алдында хижабдарын чечип, аларды колуна кармап турушкан. Аялдардын бири Шапарак Шахизадех 21-февралдагы кармоо учурунда ур-токмокко кабылганын анын үй-бүлөсү билдирип чыкты. Экинчи аял 22-февралда кармалганы кабарланууда. Февраль айынын башында Иран полициясы жоолуктарын чечип салган 29 аялды кармаган. Читать дальше...
Соңку кездери өлкө жетекчилери биринен сала бири жарыша балдарга мээримин төгүп, белектерин карматып жаткан учурлары тартылган сүрөттөр алкоого арзыйт. Бирок чындыгында өлкөдө балдарга кандай көңүл бурулуп жатат? “Азаттык плюстун” бул чыгарылышы жөнгө салынбаган жөлөкпул, өкмөттү үмүттүү караган муктаж ата-энелер жана бюджеттеги акылга сыйбаган чыгымдарды чагылдырды.
Казакстандын Караганды шаарында Кыргызстандан өндүрүлгөн кийим продукциясында формальдегид уулуу заты табылганын бир катар казак маалымат булактары жазып чыкты.
Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылында диний көз караштан улам мектепке барбай жаткан эже-сиңдинин маселеси атайын комиссиянын көзөмөлүнө алынды.
Алты тажикстандык Москвада маршрутка жардыруу аракети үчүн соттолду. Алар "эки жыл мурун Москванын четинде теракт уюштурууну пландашкан" деп айыпталды. Анда жүргүнчү ташыган кичи автобустагы жардыруунун алдын алууга кыргызстандык мигрант да көмөкчү болгон.
Монтенегронун полициясы АКШнын Подгорицадагы элчилигине граната ыргытып, кийин өзүн өзү жардырып жиберген сербиялык киши кат жазып калтырганын ырастады. Полициянын атын атагысы келбеген өкүлдөрү "Эркин Европа" / "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, 43 жаштагы Далибор Яуковичтин өз жанын кыяр алдында жазган каты алты барактан турат. Бирок азырынча ал каттын толук мазмуну тууралуу так маалымат айтыла элек. Бейшембиде АКШнын Мамлекеттик департаменти Яукович Монтенегронун НАТО уюмуна кошулушуна каршы болгонун кабарлаган. Читать дальше...
Черногориянын полициясы АКШнын Подгорицадагы элчилигине граната ыргытып, кийин өзүн өзү жардырып жиберген сербиялык киши кат жазып калтырганын ырастады. Полициянын атын атагысы келбеген өкүлдөрү "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, 43 жаштагы Далибор Яуковичтин өз жанын кыяр алдында жазган каты алты барактан турат. Бирок азырынча ал каттын толук мазмуну тууралуу так маалымат айтыла элек. Бейшембиде АКШнын Мамлекеттик департаменти Яукович Черногориянын НАТО уюмуна кошулушуна каршы болгонун кабарлаган. Читать дальше...
Мекенди коргоо күнү дегенде эле баарыбыздын оюбузга чек араны коргоп турган куралчан жоокер келет. Бирок бүгүнкү күндө мекенди кимден же эмнеден коргоо керек? Кыргызстандын душмандары ким?
Бишкек шаарында өрттөн качмак болуп 5-кабаттан секирген өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, 22-февралда баш калаанын Свердлов районундагы Түгөлбай-Ата көчөсүндөгү №1 “А” үйүндө өрт чыккан. Үйдөгү батирлердин биринин ашканасы менен залы күйгөн. Оттон качкан 14 жаштагы А. Э. балконго чыгып, жерге секирип кеткен. Аны "Тез жардам" кызматы шаардык №3 ооруканага жеткирген. Бирок өспүрүм оор жаракаттан улам өзүнө келе албай, каза болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай... Читать дальше...
Өзбекстан менен чек арадан өтүү шарттары жеңилдегенден бери Баткен районунун тургундары кошуна өлкөнүн ооруканаларына көбүрөөк кайрыла баштады. Аларды медициналык тейлөөнүн арзандыгы, мамиленин сыпайылыгы кызыктырып жатыптыр. Өзбекстандын Сох анклавына келип дарыланып жаткан кыргызстандыктар үчүн учурда эч кандай тоскоолдук жок. Атайын документтер камсыздандыруу да суралбайт экен.
Ташкентте Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров камакка алынды. "Азаттыктын" өзбек кызматынын булактары билдиришкендей, он күн мурун анын 42 жаштагы уулу Алишер Кадыров өлкөдөн чыгып кеткен. 22-февралда Көзөмөл органынын кызматкерлеринин бири мурдагы баш прокурор мекеменин башкы имаратында суракка алынып жатканын билдирген. Анын айтымында, Кадыров менен бирге прокуратуранын мурдагы жогорку кызматтагы эки кызматкери дагы кармалган. Маалыматка караганда, Кадыров «мамлекеттик мүлктү... Читать дальше...
Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу жана Кыргыз маданий коомунун өкүлдөрү Аба күчтөрүнүн академиясында окуган кыргыз студенттерди Мекенди коргоочулар күнү менен куттукташты. Уюштуруучулар студенттерге баалуу китептер менен акчалай белектерди беришти. Түркиянын Аба күчтөрүнүн академиясы 1992-жылдан бери Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан, Албаниядан, Азербайжандан, Грузиядан, Түштүк Кореядан студенттерди кабыл алат. Буга чейин Академия 159 чет өлкөлүк бүтүрүүчүнү чыгарган. Читать дальше...
Сирия өкмөтүнүн көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Чыгыш Гута аймагындагы бомба чабуулдарын айыптаган өлкөлөрдүн катарына Түркия да кошулду. "Орусия менен Иран Сириянын режимин токтотушу керек",-деп билдирди 23-февралда түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу. Ал Чыгыш Гутадагы бомба чабуулдары менен Идлиб провинциясындагы көтөрүлүшчүлөрдүн позицияларын бутага алуу Астана сүйлөшүүлөрүндө Анкара, Москва жана Тегерандын ортосундагы жетишилген макулдашууларга каршы келерин кошумчалады. Дамасктын четиндеги... Читать дальше...
АКШ Сириядагы соңку кан төгүүлөр үчүн “өзгөчө жоопкер” деп Орусияны сындады. Чыгыш Гута аймагында акыркы алты күндөн берки аба соккуларынан 400дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылганы кабарланууда. Москва соту Тажикстандын алты жаранын 12 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратты. Подгорицадагы АКШ элчилигине кол салган жанкечтинин тек жайы аныкталды.
АКШ Сириядагы соңку кан төгүүлөр үчүн “өзгөчө жооптуу” деп Орусияны айыптады. Чыгыш Гута аймагынын акыркы алты күндөн бери бомбаланышынан 400дөн ашуун киши кырылганы кабарланууда. БУУнун Коопсуздук кеңешинде бүгүн Батыш өлкөлөрү даярдаган резолюция добушка коюлганы турат, бирок Орусия ага вето коерун ишарат кылды.
Сүйүнүчтүүсү көптөн күткөн биринчи алтынды утушту. Хоккейчилери финалга чыгып, алтынга ана-мына жеткени турат. Бирок дагы бир спортчусу допинг колдонууга шектелип, оюндардын жабылыш аземинде өз желеги менен чыгышы кыйын болуп турат.
Кыргызгидромет 26-февралга чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, жолдорунда кар көчкү жүрөрүн эскертти. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 24-февралда Кыргызстандын аймагында кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11; Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 6...11; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…+3... Читать дальше...
Түштүк Кореядагы кышкы олимпиадага катышкан орусиялык бобслейчи Надежда Сергееванын анализдеринен кызытма табылды. Бул тууралуу Орусиянын Бобслей федерациясынын башчысы Александр Зубков 23-февралда билдирди. Анын айтымында, Сергеева анализдерин 18-февралда тапшырып, анын жыйынтыгы менен спортчу тыюу салынган дары-дармек колдонгону аныкталды. Надежда Сергеева 21-февралдагы бобслей мелдешине катышып, өнөктөшү экөө марага 12-болуп келишкен. Ал допинг колдонбогонун айтып жатат. 22-февралда Спорттогу... Читать дальше...
Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов көк бөрүчүлөргө мамлекет көңүл бурбай жаткандыгына нааразы
Кыргызстанда 2017-жылы 1 млн. 417 миң тонна картошка өндүрүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Бул көрсөткүч өткөн жылдарга салыштырмалуу миң тоннанын тегерегинде гана көп. Мекеме кабарлагандай, мунун жарымынан көбү Кыргызстандын өзүндө калат. Экономика министрлиги былтыр өлкөдө 1 млн. 556 миң тонна сүт, 1 млн. 87 миң тонна жашылча-жемиш, 259 миң тонна бакча жемиштери (дарбыз, коон, ашкабак), 241 миң тонна мөмө-жемиш, 103 миң тонна буурчак өндүрүлгөнүн билдирди. Мындан сырткары... Читать дальше...
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы (ЭККК) автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Балыкчы шаардык башкармалыгынын кызматкерлери жана жеке автомектептин жетекчилиги бир адамга мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк берип жибергени тууралуу маалымат таратты. Анда айтылгандай, Балыкчы шаарындагы “К. Усенбаев” атындагы жеке менчик автомектеп А.Д. аттуу жаранды окутпай туруп эле айдоочулукту үйрөнгөнү тууралуу күбөлүк берип койгон. ЭКККнын маалыматына караганда, "окуудан... Читать дальше...
Жергиликтүү кино сынактарда "Эне манжасы" аттуу тасма өзгөчө мактоого татыды. Аны 33 жаштагы Нишана Жээналиева тарткан. Нишана тубаса майып, эки колунда бирден гана манжасы бар. Ошого карабай алты саны аман башка адамдардай эле иштеп, бала тарбиялап, кино тартып келет. Нишана адам баласы кандай гана кыйынчылык болбосун жеңе билиши керек деп эсептейт.