Аба ырайы: күн 40 градуска чейин ысыйт
22-июлда Кыргызстанда жамгыр жаабайт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо күн күркүрөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 17…22, күндүз 33…39,
Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40,
Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 32…37,
Нарында түнкүсүн 12…17, күндүз 31…36,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32,
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…20, күндүз 36…38 градуска чейин ысыйт.