Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ат-Башыда жаштар токсикоманияга каршы жөө жүрүш уюштурду

Бүгүн Нарындын Ат-Башы районунда жүздөй окуучу токсикоманияга каршы эки чакырымдай жөө жүрүш уюштурду. Бул иш-чараны өткөрүүгө акыркы убакта өспүрүмдөр арасында желим жыттоо, психотроптук заттарыды колдонуу күч алып жатканы себеп болгону айтылды.


“Биз токсикоманияга каршыбыз” деген чакырык менен өткөн акцияны “Ат-Башы ынтымагы транс” коомдук уюму уюштурду. Анын жетекчиси Ринат Кусеинов:


- Алыс жакта жумалап жумушта жүргөндө балдарыбыз көзөмөлсүз калгандыктан желим жыттап же насвай, тамеки таптып жаткандыктан ушундай иш-чараны уюштурууга аргасыз болдук, - дейт.


Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Дүйшөнкул Дөөткулов жаштарда мындай адат көбөйүүдө деп эл ичинде айтылганы менен расмий түрдө бир дагы факт катталбаганын билдирди.


Өткөн жылы "Кыргыз Республикасындагы Чыгыш-Батыш СПИД фонду" өлкө боюнча 57 мектепте окуучулар арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында өлкөдөгү 15-16 жаштагы окуучулардын басымдуу бөлүгү кара куурай тобундагы маңзаттарды жана башка психотроптук каражаттарды колдоно турганы аныкталган. Окуучулар арасында мындай иликтөө өлкөдө биринчи жолу жүргүзүлгөндүктөн адистер тыюу салынган маңзат колдонгон өспүрүмдөр көбөйгөнүн же азайганын билүү кыйынга турарын белгилеп келишет.  (MiK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus