Казакстанда бир заводдун ондогон жумушчусу кыскартууга кабылды
Казакстандын Маңгыстоо облусундагы айнек-пластик түтүктөрдү чыгарган заводдун кыскартууга кабылган 80ге жакын кызматкери митингге чыгып, өз талаптарын айтышты. Бул тууралуу 13-февралда Lada.kz басылмасы жазды. "Бул жерде баары жергиликтүү тургундар иштейт, кызматкерлердин көбүнүн эмгек стажы 20 жыл жана андан көп. Баарыбыздын үй-бүлөбүз бар, үчтөн жана андан көп балабыз бар, кредиттерибиз бар, инфляция азыр өтө жогору. Азыр бизди кыскартуу коркунучу күтүп турат. Үй-бүлөбүздү кантип багабыз, төлөмдөрдү кантип жабабыз? Читать дальше...