Другие новости Уфы и Башкортостана на этот час
Добавь свою новость бесплатно - здесь

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты: Билимбек кызы күмүш, Жуманазарова коло байге алды

Ушул күндөрү Уфа шаарында (Орусия) өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан кыздар Калмира Билимбек кызы менен Сезим Жуманазарова байгелүү болушту.


Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтндагы маалыматка таянсак, Билимбек кызы кыз-келиндер күрөшүнөн 55 килограмм салмакта күмүш байге алды. Ал монголиялык, америкалык  жана орусиялык атаандаштарын жеңип, финалга чыккан. Алтын байге үчүн белорусиялык Алесия Хетманава менен беттешип, бир гана упайдын айырмасында жеңилип (6:7), күмүш медал тагынды. 18 жаштагы Калмира Билимбек кызы эки жыл мурда кыздар арасындагы (кадеттер) дүйнө чемпионатында дагы күмүш байге алган.




Күрөштүн ушул эле түрүнөн 57 килограмм салмакта кыргызстандык дагы бир балбан кыз Сезим Жуманазарова коло байге алды. Ал 3-орун үчүн беттеште польшалык Патрисия Ева Стрельжикти 9:4 эсебинде жеңди. Жуманазарова ага чейин үч беттеш өткөргөн. Алгач швециялык Нелли Анна Регина Флорентинди утуп  (4:4), чейрек финалда италиялык Аврора Руссого жеңилген. Италиялык кыз финалга чыккандыктан Жуманазарова  жооткотуучу  таймашта Тефми Ахинса Фернандону 15:4 эсебинде жеңип, коло байге үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк алган эле.


Билимбек кызы менен Жуманазарованы бул дүйнө чемпионатына аталары жеке машыктыруучу катары коштоп барышты. Калмиранын атасы Билимбек Капарбеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (Тбилиси, 2019).


Сезим Жуманазарова Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарованын сиңдиси. Атасы Дүйшөн Жуманазаров эркин күрөш боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Жуманазаров кыздарынан сырткары кыз-келиндер күрөшү боюнча бир нече эл аралык мелдештердин байге ээси Айпери Медет кызынын биринчи машыктыруучусу болуп саналат.


16-августта башталган спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты 22-августта аяктайт. Алгачкы мелдеш күндөрү эркин күрөш боюнча таймаштарда кыргызстандык балбан Махмуд Абдуллаев 79 килограмм салмакта коло байге алды. Грек-рим күрөшү боюнча күч сынашуулар 20-августта башталды. Чемпионат 22-августта жыйынтыкталат.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Уфе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Уфы
Экология в Башкортостане
Спорт в Башкортостане
Moscow.media










Топ новостей на этот час в Уфе и Башкортостане

Rss.plus