Төрт мүнөттүк видеодо көрүүчүлөр калыстардын чечимин күтүп, жеңүүчүнү да болжолдоп койгондо беттештин кызыктуу учурлары болуп кеткени көрсөтүлгөн.
Бишкекте шахмат боюнча балдар арасында КР президентинин кубогу өттү. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 6дан 14 жашка чейинки 350 шахматчы катышты. Алар жаш курагы боюнча 5 категорияга бөлүнүп, кыздар менен уул балдар өзүнчө таймашты.
Афганистанда көк бөрү оюнуна талибдер 1996-2001-жылдары тыюу салган. Алар оюнга өлгөн малды колдонууну күнөө деп эсептешкен.