Шерзод Кабутов төртүнчү раунддун акыркы мүнөттөрүндө атаандашын чимириле ичке тээп, бүк түшүрдү. Ал дем ала албай калып, жерге кулаган.
Кыргызстандык мушкер эстен тандырган кубаттуу соккулары менен таанымал. Акыркы эки беттешиндеги нокауттары үчүн лигадан 50 миң доллардан бонус алган.
Атлеттер лиганын 4-декабрда Санкт-Петербург шаарында өтө турган АСА133 мелдешинде кез келишет. Эки спортчу тең буга чейинки таймаштарда жеңилишкен.