Кесипкөй жандап жүрүүчү Нуршат Абабакиров Авилестеги таймаш кыйын болгондугун, бирок алар баары бир жеңишке жеткендиктерин билдирген.
Кыргызстандык жөө күлүк кыз буга чейин Казакстанда өткөн бир эмес эки марафондо биринчи келип, баш байгени алган.
Белград шаарында Жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө (U23) чемпионаты өтүп жатат. United World Wrestling мыкты деген ирмемдердин топтомун жарыялады. Анын арасынан кыргызстандык Тайырбек Жумашбек уулунун да видеосун көрүүгө болот.
Балбан кыздарды машыктыруучулар, жакындары жана күйөрмандары кучак толо гүл менен аэропорттон тосуп алышкан.
Көрүүчүлөрдү көбү турнирлер боюнча алганда бир жыл ичиндеги кызыктуу учурлар — атаандаштардын бири-бирине моюн бербей, өжөрлөнө кармашкандары экенин айтышкан.
Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиевдин 23 жашка чейинкилер арасында (U23) өткөн дүйнө чемпионатын уткандан кийинки алгачкы интервьюсу чыкты. Маек United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюмунун Youtube каналына жарыяланды.
Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабеков Айсулуу АКШга эс алганы кеткенин айтып, спорттук жактан табында болуш үчүн ал жактан да машыгып турарын белгиледи.