Баш каалаанын башчысы Айбек Жунушалиев 16-апрелде Ататүрк паркынан жеке жактарга жер берген мэриянын буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген. Ушул тапта сейил бакта мыйзамсыз курулган 198 объект бар деп эсептелген. Жаңы токтомго ылайык, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер кантип кайра шаарга кайтарылат?
Москванын аэропортунда камалып жаткан жүздөгөн тажик жараны Дүйшөмбүгө депортацияланды. Кремль чек арада чет элдиктерди текшерүү убактылуу экенин жана ал кайсы бир улутка атайын багытталбаганын белгиледи. Орус бийлиги мындай кескин чараны терроризмдин алдын алуу аракети деп түшүндүрдү.
2022-жылы мамлекетке өткөн Майлуу-Суу лампа заводу былтыр 6% үстөк менен 1 млрд сом насыя алган. Ал акчага жаңы мештер, айнек банка чыгаруучу машине алынып, заводдун ишин жандантуу аракети болууда. Соңку жылдары жумушчулардын саны кыскара баштаган. Учурда заводдо 1400 киши эмгектенет.
1-майга оогон түнү Тбилисидеги грузин парламентинин алдында полициянын атайын күчтөрү "Тышкы таасирдин ачыктыгы жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы акцияга чыккандарга күч колдонду. Кагылышуу маалында күч түзүмдөрү суу аткычтарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды, калемпир газын, ошондой эле резина ок колдонгону кабарланды. Жабыр тарткандар жарым-жартылай көрбөй калганына даттанышкан.
Эл акыны, жазуучу жана сатирик Жолочу Рысбаев 75 жашында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Ал бир катар аңгемелердин, тамсилдердин, сатиралык чыгармалардын жана обондуу ырлардын автору эле. Калемгер 2012-жылы “Азаттыкта” сатиралык “Тамашемес” деген бир нече видеоберүү даярдаган.
ТикТок социалдык түйүнүн колдонуучулар бир гана көңүл ачуу үчүн гана эмес, бизнесин элге таанытып, кардарларын көбөйтүү үчүн да колдонуп келишкен. Андыктан Кыргызстанда ТикТоктун бөгөттөлүшү ар кандай тармактагы орто жана чакан бизнеске дароо таасирин тийгизди.