Жогорку Кеңеште саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердигин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Анын алдында депутат Жусупбек Коргонбай уулу министрди коррупциялык схема түздү деп айыптап чыккан. Министр айыптоолорду четке кагып, сотко кайрылганын билдирди.