31-мартта Түркияда жергиликтүү кеңештерди жана шаар мэрлерин шайлоо өтүп, анда жалпы эсепте оппозиция жеңди. Түркиянын негизги шаарларынын бийлиги оппозициялык партияга өтүшү эмнеден кабар берет?
Кыргызстанда дагы бир келин үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, мурдагы күйөөсүнүн колунан ажал тапты. Үч баланын энеси, 34 жаштагы келинге 4-апрелге караган түнү бир нече жолу бычак сайылган. Милиция кылмышка шектүү кармалып, экспертиза дайындалды.
4-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.