Новости Москвы
Мы в Telegram
Добавить новость

Навальный пикирдештерин нааразылык жыйындарга чакырды

Навальный пикирдештерин нааразылык жыйындарга чакырды

Орусия бийликтери оппозициячыл лидер А.Навальныйды бир айга камакка алып жаткан чакта, ал өз пикирдештерин нааразылык жыйындарга чыгууга үндөдү. Жер-жерлерде анын бир катар тарапташтары кармалгандыгы, негизги нааразылык жыйындары 23-январга белгиленгендиги кабардалууда.

Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматтын кайрылуусу менен 30 күнгө камакка алынган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный тарапташтарын нааразылык жыйындарга чыгууга чакырды.

«Коркпогула, көчөгө чыккыла. Мен үчүн чыкпагыла, өзүңөр үчүн, келечегиңер үчүн чыккыла», - деди ал бөгөт чарасын жарыялагандан кийин.

Сот иши саясатчы аэропортто кармалгандан кийин жеткирилген Химки шаарындагы полиция бөлүмүндө шашылыш уюштурулду. Сот иши ачык өтөт деп жарыяланган менен Навальныйдын коронавируска тест тапшырбаганы негиз кылынып, журналисттердин имаратка киришине тыюу салынды. Навальный кармалгандан бери ага кире албай жаткан адвокаттары соттун башталаарына саналуу мүнөттөр калганда гана кабардар болушканын белгилешти.

Саясатчы өзү бул соттук жараянды «мыйзамсыздыктын туу чокусу» деп сындады.

«Мен сот адилеттиги мазакталган учурларды көп эле жолу көргөм. Бирок, бул ирет бункердеги абышка ушунчалык корккону ачык көрүнөт. Кылмыш-жаза кодексин көз көрүнөө тытып туруп, ыргытып жиберишти», - деди Навальный.

Ал арада полиция бөлүмүнө эки жүздөй адам топтолуп, Навальныйдын тарапташтары «боштондук», «коё бер» деп кыйкырып турушту.

Навальный 15-февралга чейин камакта калтырылган маалым болгондон кийин анын штабынын өкүлдөрү Орусиянын бардык аймактарында 23-январда нааразылык митингдер уюштурулаарын кабарлашты.

Ал эми соттун бөгөт чарасына нааразы болуп, Москва жана Санкт-Петербург шаарларында стихиялуу нааразылык жыйындарга чыккан ондогон активисттер дароо күч кызматтары тарабынан камакка алынды.

17-январда кечке маал Германиянын борбору Берлинден Москвага кайтып келген Навальный «Шереметьево» аба майданына коноору менен кармалган.

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальный «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу шарттуу сот жазасын эми нагыз абактык жазага алмаштыруу боюнча доо арыздын негизинде кармалганын ырастаган.

Саясатчынын кармалышын бир катар Батыш өлкөлөрү кескин сынга алып, орус бийлигин аны тез арада бошотууга чакырышууда.

Ал эми Кремлден Навальныйдын камакка алынышы боюнча бир гана Тышкы иштер министри Сергей Лавров үн катты.

«Кантип сүйүнүп, окшош пикирлерин жарыялап жаткандары көрүнүп турат. Кубанып атышат, анткени бул  - Батыштын саясатчыларына алар кубаттаган өнүгүүнүн либералдык модели азыр кандай оор кризиске батып турганынан  элди алаксытууга мүмкүндүк берип жатат», -  деди Лавров.

АКШнын, Германиянын, Улуу Британиянын, Европа Биримдигинин, Канаданын бийлик өкүлдөрү, бир нече эл аралык уюм Алексей Навальныйдын кармалышын сынга алышты. Балтика боюндагы Эстония, Литва жана Латвия биргелешкен билдирүү таратып, акыркы окуяга байланыштуу орус бийлигине карата чектөөлөрдү киргизүүгө башка өнөктөштөрүн үндөдү.

«Эл аралык мунапыс» укук коргоо уюму Навальныйды «абийир туткуну» деп атаса, Бириккен Улуттар Уюму саясатчыны тез арада бошотууну талап кылып, «анын адилет сотко укугун сыйлоого» чакырды.

Ал эми Орусиядагы «Мемориал» укук коргоо борбору 17-январда Навальныйды тосууга «Внуково» аэропортуна чогулган кишилердин камакка алышын айыптап, Навальныйга байланыштуу болуп жаткан окуяларды «саясий мүнөздөгү зомбулук жана катаал жазалоо» деп баалады.

Ошол эле кезде айрым орусиялык саясат таануучулардын арасында «бийлик Навальныйга каршы аракеттери менен бир жылда оппозициячынын тарапташтарын көбөйтүп, анын саясий кадыр-баркын көтөрүп койду»,  деп эсептегендер бар.

«Күчтүү, эркекче кадамдарга барган, кооптуу Навальный чыга келди. Кандай болбосун, орусиялык коомчулуктун алдында ал өзүнүн жакшы же кем жактары менен номур экинчи болуп калды. Азыр Путинге каршы мынчалык деңгээлде чыккан ким бар? Навальныйды жакшы көрбөй койсоңор да болот, сүйсөңөр да баары бир. Мисалы, ал  - Зюганов эмес. Азыртадан эле экөөнүн рейтинги бирдей болуп калды. Зюгановдун артында килейген партиялык структура, Кремлдин колдоосу, жүз жылдык партиялык тажрыйба, Советтер Союзундагы популярдуулук бар. Навальныйдын артында мунун бири жок. Ал жеке харизмасы, чечкиндүүлүгү жана саясий таланттуулугу менен гана алдыда баратат», - дейт саясат талдоочу Дмитрий Орешкин.

Химкидеги соттон кийин Навальныйдын Федералдык коопсуздук кызматы көзөмөл салган Москвадагы«Матросская тишина» түрмөсүнө которулганын анын өмүрүнө коркунуч, «өмүрү өткүчө өкүм» катары кабыл алгандар бар.

Январдын соңунда Москвадагы Симоновский райондук соту Навальныйга карата «Ив Роше» иши боюнча Орусиянын Федералдык Жаза аткаруу кызматынын доо арызын карайт. Жаза кызматы жаза мөөнөтү былтыр 30-декабрда аяктаган иште Навальныйга шарттуу сот жазасын чыныгы абактык жазага алмаштырууну көздөп жатат.

Мындан тышкары 29-декабрда Тергөө комитети Навальный өзгөчө ири суммада көз боёмочулук кылган деген шек менен дагы бир кылмыш ишин козгогон.

Анда саясатчыга Коррупцияга каршы аракеттенүү фондуна которулган 356 миллион рублди өз пайдасына короткон деген айып тагылган. Бул берене боюнча Орусияда 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат. Бул айыптардын бардыгын Навальный жана анын жактоочулары негизсиз деп четке кагышкан.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Химках, в Московской области и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Химках

Ria.city

Мажорный финал минорной симфонии: перед прощанием с первой лигой астраханский «Волгарь» одержал победу

Мотогонщик из Химок занял первое место в первенстве Московской области

ФК «Химки» стал победителем чемпионата Первой лиги

Баскетболисты из Люберец стали серебряными призерами суперфинала АСБ

Музыкальные новости

ПРОЕКТ ТРАМВАЙНОЙ ЛИНИИ «СЛАВЯНКА» ПРЕДСТАВЛЕН НА КОНКУРСЕ «ПРОСТРАНСТВО БУДУЩЕГО» НА ВДНХ

Сеть клиник «Будь Здоров» подвела итоги первого квартала 2024 г.

Политика: Что означает вызов российского посла из Армении

Театрально-кукольные вести из Бурятского театра "Ульгэр": Россия, Культура, Театр, Дети - Серебряные звездочки засветились в буддийском дацане в Иволге

Новости Московской области

Газизов: «Химки» заслужили титул»

РФС утвердил расписание стыковых матчей за право выступать в РПЛ

Футбольный клуб «Химки» выиграл чемпионат Первой лиги

Туфан Садыгов: «Бюджет «Химок» больше, чем у некоторых клубов РПЛ»

Экология в Московской области

Карелия: от Кижи по Полярного сияния. Что посмотреть в путешествии

Волшебное путешествие в мир музыки и кино

Афиша театра кукол Бурятии "Ульгэр": Россия, Культура, Театр, Дети - Спектакль "Курочка ряба"

23 МАЯ РОССИЙСКАЯ МЕЖДУНАРОДНАЯ АКАДЕМИЯ ТУРИЗМА ОТМЕТИЛА СВОЙ 55-Й ДЕНЬ РОЖДЕНИЯ. ФОТОРЕПОРТАЖ

Спорт в Московской области

В Париже стартует «Ролан Гаррос» открытый чемпионат Франции по теннису

"Ролан Гаррос" стартовал в Париже

Надежда Петрова высказалась о перспективах Арины Соболенко снова возглавить рейтинг WTA

Теннисистка Мария Шарапова снялась в красном облегающем платье

Химки на Moscow.media

Мобильный принтер этикеток iMove T3Pro - лёгкий, производительный, компактный

Вечернее Подмосковье.

По-хорошему у Путина с США не вышло. Один указ, который перевернул все санкции

«Грузовичкоф» принял участие в мероприятии Авито – «Лиге Авито Услуг»











Топ новостей на этот час в Химках и Московской области

Rss.plus






Талалаев: «Мои ребята – самые лучшие»

Мужчину зарезали в массовой драке около бара в Химках

Бразилец, ставший изгоем в «Родине», перейдёт в «Химки»

«Ленинградец» проиграл «Торпедо» в результативном матче и теперь команда из Ленобласти покинет первую лигу по итогам сезона ФНЛ – 2023/2024