Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Трамп Иран мунасага келбесе, "алда канча күчтүү сокку уруларын" эскертти

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Тегеран тынчтык келишимине макул болбосо, Иранга каршы соккулар “алда канча күчтүү жана масштабдуу” болорун эскертти.

Маалыматтарга караганда, азыр тараптар макулдашуу түзүүгө жакындап калышты.

АКШнын бир катар маалымат каражаттары, анын ичинде Axios 6-май күнү Вашингтон менен Тегеран жакын арада Перс булуңундагы согушту токтотуу боюнча меморандум кабыл алышы ыктымал экенин жазышты.

Axios басылмасынын маалыматына ылайык, келишимде Иран уран байытууну убактылуу токтотууга макул болот. Өз кезегинде АКШ санкцияларды жеңилдетип, Ирандын камактагы миллиарддаган долларларын бошотууга макулдук берет.

Мындан тышкары, эки тарап Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерге байланыштуу чектөөлөрдү да алып салууну караштырып жатканы айтылууда.

Трамп социалдык тармактагы билдирүүсүндө келишим түзүүгө жакындап калганын кыйыр түрдө ырастагандай болду, бирок так маалымат айткан жок.

“Эгер макул болбосо, анда бомбалоо башталат. Тилекке каршы, ал мурдагыдан да күчтүү жана масштабдуу болот”, — деди Трамп.

Америка лидери бул билдирүүсүнөн бир нече саат мурун “Эркиндик долбоору” деп аталган операция “кыска мөөнөткө токтотуларын” жарыялаган.

Ал бул кадамга Иран өкүлдөрү менен “толук жана акыркы келишимге жетүү жолунда чоң жылыш” болгонуна байланыштуу барганын түшүндүргөн.

АКШ “Эркиндик долбоору” операциясын Иран жаап салган Ормуз кысыгы аркылуу соода кемелеринин кыймылын калыбына келтирүү үчүн баштаган.

Кысыктагы чектөөлөрдөн улам миңдеген кемелер эки тарапта тең апталап кармалып, дүйнөлүк экономикага таасир тийгизүүдө.

Иран Ормуз кысыгын бөгөттөп, Тегерандын уруксаты жок өтүүгө аракет кылган кемелерге сокку уруларын эскерткен.

Бул чара АКШ менен Израилдин 28-февралда башталган аскердик операциясына жооп катары кабыл алынган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus