Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутат Бекешев паспорт же башка документ алуу эселеп кымбаттаганын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мамлекеттик документтерге, түрдүү маалымкат кагаздарга баа көтөрүлгөнүн белгилеп, өкмөттү сынга алды. Бул тууралуу ал 28-апрелде парламенттин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин жыйынында сүйлөп жатып айтты.
Бекешев Министрлер кабинетинин тѳрагасы демилгелеген “Баа түзүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысы эселеп өскөнүн айтты:
"Түрдүү маалымкаттар, өзүбүз басып чыгарып жаткан паспорт жана башка бардык документтер эселеп кымбаттады. Кадимки эле маалымкат 500 сом турат. Калкты тейлөө борборуна (ЦОН) кирсең баа 34% чейин өсүп кеткен. ЦОН өзүнчө эле бизнес-долбоор болуп алды. Мамлекеттик тейлөө акысы кайда өсүп баратат? Эл нааразы. Монополияга каршы тескөө кызматы эмне үчүн унчукпайт?"

Депутаттын суроосуна экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова жооп берип, азыркы каралып жаткан мыйзам кызмат көрсөтүү акысын түзүүгө кийлигишүүгө багытталбаганын айтты.

Дастан Бекешев кызмат көрсөтүү да товар, азык-түлүк сыяктуу эле сатыларын белгилеп, социалдык маанидеги товарлардын баасын 34% көтөрүүгө каршылыгын билдирди. Ал Монополияга каршы тескөө органы мамлекеттик кызмат акыны жана башка бааларды да карап, тескөөгө тийиштигин эскертти.

Баалардын ооздуктоосуз өсүп бара жатканын белгилеген дагы бир депутат Улан Жаанбаев бул боюнча парламенттик угуу өткөрүүнү сунуштады.
Улуттук банктын 28-апрелдеги маалыматына караганда, жыл башынан бери Кыргызстанда инфляция (17-апрелге карата) 3,9% түздү (жылдык мааниде 11,3%). Азык-түлүк 10,8%, андан башка товарлардын баасы 9,2%, тамеки жана алкоголдук продукцияныкы 8,9% жогорулады. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 17,2% түздү.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus