Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ЖК төрагасы мугалимдин маяна маселеси боюнча 300дөй кайрылуу түшкөнүн айтты

Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги жыйынында мугалимдердин айлык акысына байланыштуу маселе көтөрүлдү. Депутат Токтобүбү Ашымбаева маяна жогорулагандан кийин кайсы бир айырмачылыктар болуп калышы ыктымал деген кооптонуу бардыгын айтып, мугалимдерден ушу тууралуу кайрылуулар арбын экенин белгиледи.

"2022-жылы мугалимдердин айлык акысы көтөрүлгөндө предметтик коэффициенти бирдей болбой калган. Ошонун натыйжасында айлыкта айырмачылык кездешкен. Азыр дагы тынчсыздануунун жана кайрылуунун негизи ушунда болуп жатат. Эгерде коэффициент теңдештирилбесе айлыктын айырмачылыгы андан да чоң болот деген коркунуч бар. Эгерде тиешелүү министрликтер бул боюнча иш жүргүзүп жаткан болсо маалыматты кеңейтиш керек. Экинчиден, орто кесиптик окуу жайлардагы 10-11-класстардын предметтик мугалимдеринин коэффициенти мектептин мугалимдериникинен дагы төмөн болуп жатат деп кайрылууда", - деди эл өкүлү.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бул маселе боюнча 300дөн ашуун кат келгенин белгилеп, көйгөй чоңоюп кете электе түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Кыргызстанда апрель айынан тартып мугалимдердин жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлүүдө.

Кыргызстанда 1-апрелден тартып бардык мугалимдердин жана дарыгерлердин айлык акысы 100 пайыз жогорулайт.
Былтыр күзүндө президент Садыр Жапаров 2026-жылдын апрель айынан тартып мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сомдон 40 миң сом болуп көтөрүлөрүн билдирген.
Кыргызстанда 2,5 миңдей мектеп бар, мугалимдер саны 80 миңден, окуучулар 1 миллиондон ашат. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus