Израил менен Ливандын элчилери 23-апрелде Вашингтондо экинчи сүйлөшүү өткөргөнү жатат. 17-апрелде атышуу 10 күнгө токтойт деп макулдашылганы менен израилдик армия жана Тегерандын колдоосуна таянган ливандык "Хезболла" согушкер тобу анын шарттарын бузду деп бири-бирин айыптоодо.