Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Кыргызиндустрия" мамлекеттик ишканасы Президенттин иш башкармасына өттү

"Кыргызиндустрия" ачык акционердик коому Президенттин иш башкармасына өттү. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.
"Кыргызиндустрия" ишканасы буга чейин аталган агенттикке караган.

Аталган мекеме "мамлекеттин катышуу үлүшү бар айрым чарбалык коомдордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында" иш башкармалыкка өткөнү белгиленди.

"Кыргызиндустрия" ишканасы 2021-жылдын аягында түзүлгөн жана анда уставдык капиталы 1 миллиард сом болору айтылган. Өкмөт ишкананын алдында өнөр жайды, өндүрүштү чукул арада жандантууга байланыштуу бир катар тапшырма турганын билдирген.

"Кыргызиндустрияга" түзүлгөн күнүнөн тартып эле сегиз ишкана берилген. Алар: "Манас теги" (93,43% акция), "Дустлик" (85,15% үлүш), "Ош-Дюбек" (40,0% үлүш), “Контролдук-сыноо приборлору жана автоматика борбордук лабораториясы” ачык акционердик коому (74,47 % үлүш), “Кара-Кулжа автотранс”(70,01 % үлүш);, “Минтеке ТТ” механикалаштырылган көчмө колонна” (100,0 % үлүш), "Ташкөмүр” (96,94 % үлүшү); Абсамат Масалиев атындагы “Беш-Буркан шахтасы” (95,69 % үлүш).

Кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Кыргызиндустрияда" "коррупциялык схема" аныкталганын билдирип, ошол кездеги жетекчилери кармалган. Атайын кызмат алар 2022-2024-жылдар аралыгында мекемеге караштуу 40тан ашуун чыгашалуу ишкана ачып, аларга тааныш-билиштерин жетекчи кылып коюп, көп суммада айлык төлөгөн деген кине таккан.

УКМКнын маалыматы боюнча, “Кыргызиндустрия” өнөр жайды модернизациялоо жана мамлекеттин үлүшү болгон ишканаларды натыйжалуу башкаруу үчүн 2021-жылы түзүлүп, 2022-2024-жылдары бул мекемеге 2,3 миллиард сом бөлүнгөнүн кабарлаган.

Апрелдин башында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен “Түндүк” ачык акционердик коому Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Президенттин иш башкармасына өткөн.

Акыркы жылдары Президенттин иш башкармасына бир катар мекемелер өттү.

Анын сайтындагы маалыматка ылайык, ушул тапта мекемеге Бишкектеги, Ысык-Көлдөгү, Оштогу жана Жалал-Абаддагы мамлекеттик резиденциялар, “Клиникалык оорукана” жана “Спорттук комплекс” мекемеси, “Автотранспорттук ишкана”, “Мамлекеттик имараттар департаменти”, “Кыргыздипсервис”, “Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы”, “Кыргызстройсервис” курулуш ишканасы, “Мамлекеттик ипотекалык компания”, “Манас” оркестри, “Кыял”, “Алтын-Көл”, “Кыргыз деңизи”, “Мурас” ишканалары, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркы, “Учкун” басмаканасы, “Эйр Кейжи” авиакомпаниясы, бир типография жана бала бакчалар карайт. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus