Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүн суу маселесинде чогуу аракеттенүүгө чакырды
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын климаттын бузулушуна таасири аз болгону менен, анын кесепетин чоң көлөмдө тартып жатканын 22-апрелде, Астанада өтүп жаткан Аймактык экологиялык саммитте сүйлөп жатып билдирди.
Мамлекет башчы буга мисал катары акыркы беш жылдан бери жаратылыш катаклизмдери көбөйгөнүн, анын ичинде сел, суу ташкындарынын саны 3 эсеге өскөнүн, мындан жылдык түз материалдык чыгым болжолдуу 16 млн долларга чыкканын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16% кыскарып, Ысык-Көлгө куйган дарыялардын саны кыскарганы көлдөгү суунун азайышына алып келгенин, мөңгүлөрдүн көп эришинен улам бийик тоолордогу көлдөр 1968-жылдан бери 30% өскөнүн айтты.
Мамлекет башчысы Кыргызстан Борбор Азия аймагында суу запастарын коргоо жана сактоо үчүн олуттуу каржылык жана адам ресурстарын жумшап жатканын, ондогон жылдар бою суу бөлүштүрүүнүн мурдагы лимиттерин сактап келе жатканын белгиледи. Ошондой эле экосистемалык кызматтарды көрсөтүү жана ага сарпталуучу чыгымдар бардык суу пайдалануучулар тарабынан колдоого алынышы жана биргелешип каржыланышы керектигин айтты.
“Биздин өлкө өз муктаждыгы үчүн болгону 12 млрд куб метрге жакын сууну пайдаланат, ал эми калган 38 млрд куб метр суу коңшу мамлекеттерге кетет. Биз Кыргызстанда калыптанып жаткан суу ресурстарынын Борбордук Азия өлкөлөрүнүн айыл чарбасын, энергетикалык, азык-түлүк жана социалдык-экономикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн чоң мааниге ээ экендигин түшүнөбүз. Муну эске алуу менен, биз ондогон жылдар бою суу бөлүштүрүүнүн мурдагы лимитин сактап, суу топтоо жана чыгаруу боюнча кызматтарды, гидротехникалык курулуштардын сакталышын жана коопсуздугун, өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылууну улантып келе жатабыз", - деди Садыр Жапаров.
Президент коңшу мамлекеттер менен биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө, ошондой эле климаттык жана экологиялык фонддордун каржылоосун тартууга чакырды.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров "жашыл" энергетика тармагындагы долбоорлор, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу, чакан гидроэлектр станцияларды, күн жана шамал электр станцияларын өнүктүрүү ишке ашырылып жатканын маалымдады.
Мамлекет башчысы мамлекеттерди жана эл аралык өнөктөштөрдү 2027-жылдын 21-23-октябрында Кыргызстанда өтө турган “Бишкек+25” Глобалдык тоо саммитине активдүү катышууга чакырды.
Бүгүн, 22-апрелде, Казакстандын борбору Астана шаарында Аймактык экологиялык саммит өтүп жатат. Ага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Армениянын президенти Ваагн Хачатурян, Грузиянын президенти Михаил Кавелашвили, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президентин Шавкат Мирзиёев, Азербайжандын премьер-министри Али Асадов жана эл аралык уюмдардын жетекчилери катышууда. (ZKo)