Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

УКМК жана ИИМ ортодо тиреш жок экенин, чогуу тазаланып жатканын билдиришти

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбековдун "Укук коргоо органдарын абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча биргелешкен системалуу иши тууралуу" комментарийи жарык көрөрү менен Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Коррупцияга каршы күрөш системалуу жана ведомстволор аралык мүнөзгө ээ" деген маалыматын расмий таратты.

Билдирүүлөрдө эки мекеме өз катарын коррупцияга аралашкан, кызматынан кыянат пайдаланган, абийирсиз кызматкерлерден тазалоо иши чогуу жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Коопсуздук кызматынын төрагасы комментарийинде президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен УКМК, ИИМ жана прокуратура биргелешип, укук коргоо тармагын "абийирсиз, коррупцияга малынган жана мамлекеттик кызматтын беделин түшүргөндөрдөн тазалоого багытталган ырааттуу, системалуу жана активдүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын" маалымдады.

"УКМК, ИИМ жана прокуратура органдарынын ортосунда эч кандай тирешүү жок жана болушу да мүмкүн эмес. Бардык укук коргоо органдары мыйзамдын алкагында жана Жогорку Башкы командачы койгон милдеттердин негизинде бирдиктүү байланышта иш алып барышат. Бул жерде мекемелер аралык күрөш жөнүндө эмес, укук коргоо тутумун абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча биргелешкен иш тууралуу сөз болуп жатат. Биздин жалпы максатыбыз — системаны алсыратуу эмес, аны чыңдоо, мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти бекемдөө жана жарандардын укук коргоо органдарына болгон ишенимин арттыруу болуп саналат. Ошондуктан, жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды айрым мекемелердин башкаларга каршы күрөшү катары көрсөтүү аракеттери негизсиз жана чындыкка дал келбейт", деп билдирди Шабданбеков.

ИИМ тараткан маалыматта да "акыркы убакта маалымат каражаттарында укук коргоо органдарынын ишин координацияланбаган жана карама-каршы көрүнүш катары чагылдырууга аракет жасалып жатканы" белгиленди. Ошондой эле бул чындыкка дал келбеси эскертилип, мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөш мекемеден көз карандысыз жүргүзүлөрү айтылды.

"Ушуга байланыштуу ИИМ, УКМК жана прокуратура жүргүзүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чаралары мамлекеттик институттарды тазалоого жана жарандардын ишенимин жогорулатууга багытталган координацияланган иштин жыйынтыгы болуп саналат", - деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.
20-апрелде ИИМдин кызматкерлери УКМКнын 6-башкармалыгынын бөлүм башчысынын орун басарын кармашканы тууралуу маалымат тараган.
21-апрелде УКМКнын кызматкерлери ИИМдин борбордук аппаратындагы Ички коопсуздук кызматында тинтүү жүргүзгөнүн айрым маалымат каражаттары жазышкан.
Эки окуя боюнча тең күч түзүмдөрү расмий маалымат беришкен эмес.
Бул көрүнүштөрдөн улам социалдык тармактарда күч түзүмдөрүнүн ортосундагы "эрегиштик" жөнүндө талкуу башталган.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus