Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ысык-Көл милициясы Дубайда сойкулукка сатылган кыз боюнча маалымат берди

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева 22-апрелде парламентте көтөргөн жашы жете элек кыздын Дубайда сойкулукка тартылганы тууралуу маселе боюнча түшүндүрмө берди.

Милиция билдиргендей, Балыкчы шаарынын тургуну, жашы жете элек кыз 2024-жылы аталаш тууган эжеси менен Дубайга барып, анын кийлигишүүсү менен денесине сексуалдык зыян келтирилгени 2025-жылы октябрда аныкталган.

"Баштапкы тергөө материалдарына ылайык, 2024-жылдын август айында өспүрүм кыз өзүнүн аталаш тууган эжеси, 2002-жылы туулган Ж.Р. менен Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына барган. Тергөөдө белгилүү болгондой, ал жакта Ж.Р. шарт түзүп, Б.М. аттуу жаран жашы жете элек кызга карата бир нече жолу жыныстык мүнөздөгү аракеттер жасалган. Соттук-медициналык экспертизанын 2025-жылдын 7-октябрындагы корутундусуна ылайык, өспүрүм кыздын денесине зыян келтирилгендиги тастыкталган", - деп билдирди Ысык-Көл милициясы.

Бул факты боюнча милиция 2025-жылдын 8-октябрында Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси ("Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү") беренесинин 2-бөлүгү (балдарды пайдалануу менен жасалган кылмыш) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2002-жылы туулган Ж.Р. шектүү катары суралып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле анын аракеттеринде кылмыштын уланма мүнөзү бар экени аныкталган.
Мындан тышкары, Б.М. аттуу жаран кылмышын жашыруу максатында кызга уюлдук телефон, ноутбук жана зер буюмдарды берип, таасир этүүгө аракеттенгени аныкталган.

Кылмыш иши 29-декабрда Ысык-Көл облустук прокуратурасына, андан кийин соттун кароосуна жиберилген.
Б.М. аттуу жаранга карата материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси ("Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер") боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланып жатканы кабарланды.
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Дубайга сойкулукка тартылып, кийин өз өмүрүнө кол салганы айтылган 13 жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу ишти көзөмөлгө алууну бийлик өкүлдөрүнөн суранган.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, өлкөдө балдарга карата кылмыш саны өсүүдө. 2025-жылы Кыргызстанда 369 сексуалдык зомбулук фактысы катталды. Анын ичинде басымдуу бөлүгү зордуктоо. Маалыматка ылайык, 137 зордуктоо фактысы, 16 жашка толо электерге карата сексуалдык мүнөздөгү 115 аракет, 43 зомбулук, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоого байланыштуу 20 факт жана башка кылмыштар катталган. Сексуалдык зомбулуктан 288 бала, 77 аял жабыркаган. (КЕ/ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus