Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Трамп Иран менен атышууну токтотуу келишимин узарткысы келбей турганын билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен атышууну токтотуу келишимин узарткысы келбейт. Бул тууралуу ал 21-апрелде CNBC телеканалына курган маегинде айтты.

Иран менен АКШнын ортосунда Пакистандын ортомчулугу менен түзүлгөн келишим 22-апрелде аяктайт.

Трамп 21-апрелде тынчтык режимин улантууга убакыт аз экенин айтып, Кошмо Штаттар сүйлөшүүлөрдө күчтүү позицияда экенин белгиледи.

Вашингтон жакын арада тынчтык сүйлөшүүлөрү Пакистанда өтүшү мүмкүн экенин билдирген. Иран тарап болсо мындай жолугушууга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын айткан.

Трамп эгер жакын убакта келишим болбосо АКШ соккуларды кайра башташы мүмкүн экенин эскертти.

Анын айтымында, америкалык күчтөр дароо чабуулга өтүүгө даяр.

Буга чейин Иран парламентинин төрагасы Мохаммед Бакер Калибаф Американы атышуу келишимин бузду деп айыптаган.

«Биз коркутуулар астында сүйлөшүүгө макул эмеспиз. Акыркы эки жуманын ичинде биз согуш талаасында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүүгө даярдык көрдүк», — деп жазды Калибаф X социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

21-апрелде Исламабадда Иран менен АКШ делегациялары жолугушу мүмкүн экени айтылган. Трамп делегация жөнөп кеткенин билдирген. Ал эми Иран катышар-катышпасын расмий жарыялай элек.

Быйыл 28-февралда Израил менен АКШ Иранга чабуул баштап, Тегеран ага жооп иретинде Перс булуңундагы америкалык базалар жайгашкан өлкөлөргө сокку ура баштаганда дүйнөлүк рыноктогу мунай жана газдын 20% ашууну ташылган Ормуз кысыгын жаап койгон. Бул мунайдын кымбатташын шарттады.

Тегеран 17-апрелде элдешүү маалында коммерциялык танкерлер үчүн Ормуз ачылганын маалымдап, кийинки күнү Ирандын портторун АКШнын курчоого алуусу уланып жаткандыктан кысыкта аскердик көзөмөл калыбына келтирилгенин айткан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus