Жапаров Астанада Аймактык экологиялык саммитке катышат
Президент Садыр Жапаров бүгүн 21-апрелде иш сапар менен Казакстандын борбору Астанага барды. Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргенине караганда, кыргыз президентин аэропорттон казак премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды.
"Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Аймактык экологиялык саммиттин пленардык сессиясында сөз сүйлөйт, чет элдик делегациялардын башчылары менен эки жактуу жолугушууларды өткөрөт, ошондой эле Жашыл жана туруктуу технологиялар эл аралык көргөзмөсүнүн павильонуна барат", - деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.
22–24-апрелде өтө турган Аймактык экологиялык саммиттин демилгечиси Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Бул тууралуу ал БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясында айткан.
Максаты - Борбор Азия чөлкөмүндө экологиялык көйгөйлөргө каршы биргелешип иштөө, экологиялык саясатты координациялоо жана "жашыл" долбоорлорго инвестиция тартуу.
Саммитке жалпысынан 1,5 миңдей киши, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан президенттери, стратегиялык өнөктөш катары БУУ өкүлдөрү катышат. (RK)